МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН КЕП ТЕХНИКАСЫ БОЮНЧА МАСТЕР-КЛАСС ӨТТҮ 

  • 08.06.2020
  • 0

Онлайн Университетинин лабораториясы 7-июнда “Кеп техникасы” боюнча вебинар өткөрдү. Анда филология илимдеринин кандидаты, MEDIA КАРЬЕРА мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы мектеп мугалимдери менен, окутуучуларга кеп техникасынын сырларын айтып берди.  

МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН КЕП ТЕХНИКАСЫ БОЮНЧА МАСТЕР-КЛАСС ӨТТҮ 

Вебинарга катышкандар дикция жана үндүн тембрин жакшыртууга багытталган базалык көнүгүүлөрдү, сүйлөө учурунда туура дем алуу техникасын,  интонацияны байытуунун көндүмдөрүн, кыргыз тилинин негизги орфоэпиялык (туура сүйлөө) нормалары тууралуу пайдалуу маалымат алышты. Мындан тышкары белгилүү алып баруучу каалоочуларды кеп техникасы боюнча диагностикадан өткөрүүгө да жетишти.

Айнура Кабатай кызы мугалимдердин сүйлөө учурунда жаралуучу бир катар кыйынчылыктар жана аны жеңүү жолдору боюнча берген суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, Айнура Кабатай кызы 30 жылга чукул телевидениеде алып баруучу, 17 жылдан бери Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларында кеп маданияты, риторика, кеп техникасы боюнча сабак берип келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер