МУГАЛИМ ӨЗГӨРҮҮНҮН, ЖАҢЫЛАНУУНУН ЭЛЧИСИ ЖАНА ЖАРЧЫСЫ

  • 20.06.2025
  • 0

«Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык форум — билим берүү системасындагы жаңы багыттарды, өзгөрүүлөрдү, стандарттарды жана методикалык жаңылыктарды педагогикалык коомчулукка кеңири жайылтууну, аларды практикага ишенимдүү киргизүүгө өбөлгө түзүүнү максат кылды.

МУГАЛИМ ӨЗГӨРҮҮНҮН, ЖАҢЫЛАНУУНУН ЭЛЧИСИ ЖАНА ЖАРЧЫСЫ

Бул маанилүү иш-чарага республика боюнча 800гө жакын педагог катышты. Ал эми Талас облусуна 49 квота бөлүнүп, ар кайсы райондордон тандалып алынган мугалимдер форумга жигердүү катышышты.

Форумдун өзгөчөлүгү —  анын мазмунунда жана түзүмүндө болду. Бул жолу мектеп директорлорунун орун басарлары, мугалимдер жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчилери, кызматкерлери жана окуу  китептеринин авторлору, профессордук-окутуучулар курамы да катышып, ар бир предмет боюнча жаңыртылган мазмунду тереңдетип түшүндүрүштү. Ар бир предметтин тегерегинде жалпы  талкуу жүрүп, авторлор тарабынан лекциялар окулду. Мугалимдер үчүн бул чыныгы илимий-методикалык билим  майрамы  болду десем жаңылышпайм.

Форумдун жүрүшүндө 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тууралуу кенен маалыматтар берилди. Жаңы программалардын негизиндеги өзгөрүүлөр мугалимдин ролун жогорулатып, педагогду билимдин гана эмес, адамдык баалуулуктардын, руханий тарбиянын алып жүрүүчүсү катары кайрадан калыптандырууну талап кылат.

Завучтар жана мугалимдер форумдан алган маалыматтарды, методикалык сунуштарды, жаңы мазмундагы билим берүү концепцияларын өз аймактарына барып түшүндүрүү иштери менен жайылтат. Алар чындап эле өз аймактарында өзгөрүүнүн, жаңылануунун жарчысы катары элге, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Форум бул жылдагы иш-чаралардын арасынан өзгөчө орунду ээлейт. Себеби ал — мугалим менен илимдин ортосундагы көпүрө болуп, педагогдордун интеллектуалдык жана методикалык мүмкүнчүлүгүн арттырды.

Ар жылы уюштурулуп келген билим берүү форумдары, республикалык илимий конференциялар аркылуу биз билим берүү тармагындагы акыркы жетишкендиктер, концепциялар жана эл аралык тенденциялар менен таанышып келебиз. Бирок быйылкы форум өзгөчө форматта өтүп, мугалимдердин, завучтардын, билим берүү жетекчилеринин жана окуу китептеринин авторлорунун бетме-бет баарлашуусуна, түз пикир алышуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Профессорлордун сабактарын угуп, окуу китептеринин түзүүчүлөрүнөн түз лекцияларды алуу — бул педагогдор үчүн мыкты мүмкүнчүлүк жана келечекке болгон инвестиция.

Бул форум ар бир катышуучунун аң-сезиминде терең из калтырды. Алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Анткени билим берүү системасындагы ар бир жаңылануу биринчи кезекте мугалим аркылуу ишке ашат. Мугалим — өзгөрүүнүн башында турган инсан. Педагог  коомду алдыга сүрөгөн идеянын жарчысы. Мугалим — адамдын жан дүйнөсүнө нур чачкан руханий дем берүүчү, коомчулукка үлгү боло турган жүрөктүн ээси.

Ошондуктан «Жаңылыктын жарчысы» деген форумдун аты бекеринен тандалган эмес. Педагог өзгөрүүнү, жаңыланууну коомчулукка жеткире турган элчи, руханий дем берүүчү жана үлгү берүүчү жарчы. Биз ушул ишти  жоопкерчилик менен ишке ашырууга  милдеттүүбүз.

Салтанат БЕЙШЕНОВА,

Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору,

Педагогика илимин изилдөөчүсү, 

республикалык жана аймактык илимий-практикалык форумдардын активдүү катышуучусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер