“МУГАЛИМ СЫЙЛУУ ДА, СЫЙМЫКТУУ ДА”

  • 20.12.2018
  • 0

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана “Аймактарды  өнүктүрүү жылына” карата КР Өкмөтүнүн Талас облусунун ыйгарым өкүлчүлүгү жана Ысык-Көл облустук билим берүү институту  менен бирдикте  «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы «Мугалим коомдун күзгүсү – 2018» сынагынын облустук турун өткөрүштү. Бул иш-чара “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Талас облусунан “Мугалим — коомдун күзгүсү – 2019” республикалык  кароо-сынакка  жолдомо алгандар: Раиса Рысакова атындагы №2 орто мектебинин директору,  орус тили жана адабияты мугалими Нуржамал Козубекова  менен  Кара-Буура районунун Жылдызбек Субанбеков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ноорузбек Аманбеков – «Мыкты педагог» номинациясында баш байгени багындырышты. Ал эми Ысык- Көл облусу боюнча Т.Сатылганов атындагы облустук лицей-интернатынын англис тили сабагынын мугалими  Айзада Апазова баш байгени утуп алды жана «Мыкты педагог» номинациясына татыды. Ошондой эле Түп районундагы Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин  география сабагынын мугалими Эдиль Байтиков «Кесипкой мугалим» номинациясына  татып,  республикалык турга жолдомо алышты.

“МУГАЛИМ СЫЙЛУУ ДА, СЫЙМЫКТУУ ДА”

«Мугалим — коомдун күзгүсү — 2018» облустук кароо-сынагы Талас жана Каракол шаарларында өттү. Эң мыкты деп тандалып алынган мугалимдер 2019-жылдын март айында өтүүчү республикалык сынакка жолдомо алышты.

  • Сынактын биринчи этабы 2018-жылдын 27-ноябрдан 14-декабрга  чейин социалдык “Одноклассник” тармагында  онлайн добуш берүү менен жүргүзүлдү. Эң көп добуш алган мугалим “Интернет жылдызы – 2018” номинациясына ээ болот. Сынактын экинчи этабы 3 турда өткөрүлдү. 1-турда  конкурсанттар предметтик сабактардан электрондук тестирлөөдөн өтүп, портфолиолорун жакташса, 2-турда  45 мүнөттүк мамлекеттик жалпы орто билим берүү стандартына жооп берген ачык сабак  өтүштү. Сабактардын темалары жана окутуу класстары калыстар тобу тарабынан берилди.  Ал эми 3-турда мугалимдин имиджин көрсөтүү үчүн сахнага чыгуусу (мугалимдин кийинүү маданияты, чач жасалгасы, нормага ылайык келген бут кийимдин кийилиши, заманбап мугалимдин образын ачуу эске алынды), өзүн-өзү тааныштыруусу (саламдашуу эркин формада: оозеки, слайд, видео-тасма түрүндө берилди), интеллектуалдык суроолор, педагогикалык чеберчилигин чагылдырган мастер-класс көрсөтүштү, өнөр таймаш (ыр, бий, поэзия же прозалык чыгармалардан көркөм окуу, сахналаштырылган сценка, хобби  ж.б. Катышуучунун өз эрки менен аткарган чыгармачылык номерине байланыштуу костюм же кечки аземдик кийим менен чыгуу каралган) көрсөтүлдү, — дейт Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Нургүл Шарапова.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

“МУГАЛИМ СЫЙЛУУ ДА, СЫЙМЫКТУУ ДА”

Бектур Исаков,  Кыргыз Республикасынын Эл мугалими:

— «Мугалим» журналы түзүлгөн күндөн тарта анын көтөргөн ар бир түйшүктүү иши, демилгелүү ийгиликтери менен ортоктошмун. Анын редакциялык коллегиясынын жигердүү мүчөсүмүн десем да жаӊылышпайм. Журналды Талас облусунун мектептерине, бала бакчаларына жайылтууда да бир катар иштерди жасоого үлгүрдүк. Мугалим үчүн бул өтө керектүү басылма. Ал замандын талабына ылайык жарык көрдү. Анын артыкчылыгы мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче карапайым, жөнөкөй мугалимдин эмгегин баса көрсөтүп, кадыр-баркын көтөрүүдөгү орду менен байланыштуу. Баарынан дагы алыскы оӊой менен барып келүүгө мүмкүн болбогон Баткен сыяктуу аймактарыбызга чейин жетип, мугалимдин үнүн угуп, ошол жактагы булактын көзүндөй болгон ишине өзгөчө берилген, мыкты тажрыйбалуу мугалимдерди таап, эмгегин элге таанытуудагы орду чоӊ. Союз мезгилинде ушундай алдыӊкы жетишкендиктерди көрсөткөн иш-чаралар, мугалимдердин слету сыяктуу тажрыйба алмашуулар көп уюштурулчу эле. Журналдын жасап жаткан иш-аракетинен ошол кездеги мугалимди жандандырган духту баамдайм. Журналдын иши энтузиазмга таянуу менен өтө күчтүү патриоттуулук сезим менен жасалып жаткан аракет. Мындайды көргөн мугалимдердин кесибине болгон сүйүүсү артып, шыктануу сезими жаралат. Жер-жерлерде, ар облустарда мыкты мугалимдерди таап, сынактарды өткөрүп, педагогдордун мыкты командасын түзө алгандыгын дагы өзгөчө баса белгилеп кетишим керек. Журналга республиканын бардык мектептери, бала бакчаларын жаздыруу иши колго алынышы керек деп эсептейм. Талас облусунда өткөрүлгөн сынак дагы өтө жогорку деӊгээлде болду. Мугалимдердин даярдыгы, интеллектуалдык деӊгээли, өнөр таймаштагы ар тараптуулугу, актердук чеберчилиги суктандырып, таӊ калтырып, сыймыктантып турду.  Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин бул иш-чарага, мугалимге кылган сый-урмат мамилеси жүрөктү жылытты. Мугалимди ойлогон ушундай жетекчилерибиз көп болсо деген тилек.

Марат Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

— «Мугалим» журналынын бүгүнкү жасап жаткан иши мугалимдер үчүн зор табылга. Биз аталган журнал менен мугалимдердин коомдогу ордун баса көрсөтүп, анын беделин көтөрүүдө бирден бир керектүү маалымат булагы катары тыгыз кызматташып келебиз. Маалымат каражаты гана катары чыгуу менен чектелбестен, анын жасаган иши кеӊири жана ар тараптуу экендигин билебиз. Жаз айларында журналдын Талас облусуна келип, мугалимдер менен жолугушуусун өткөргөндө биргеликте кызматташуу боюнча бир катар иш-аракеттерди мерчемдеген элек. Мына бүгүн ушул сынакты өткөрүү менен биз максатыбызды ишке ашырып жатабыз. Мындай керектүү басылмага ар бир мектепти, ар бир бала бакчаны, окуу жайды жаздырышыбыз зарыл. Бул алар үчүн чоӊ методикалык жардам болуп саналат. Мындай жакшы саамалыктарды биз колдошубуз керек.

Жибек Өзүбекова,  Кыргыз Республикасынын Эл мугалими:

“МУГАЛИМ СЫЙЛУУ ДА, СЫЙМЫКТУУ ДА”

— Менин пикиримде «Мугалим» журналы бул билим берүү системасындагы эӊ сонун долбоор болгон деп айткым келет. Журналдын түстүү чыгышы, андагы мугалимдин эмгегинин даӊазаланып турушу, мугалимдик кесипти популяризациялоонун эӊ сонун үлгүсү көрүнүп турат. Кыргызстандагы Эл мугалимдеринин эмгегин дагы баса көрсөтүп, башкаларга тааныткан дал ушул журнал. Журналда насаатчылык, устат-шакирт маселесине да өзгөчө көӊүл бурулат. Мындай журнал азыркы күндө коӊшулаш өлкөлөрдө жок. Бул жагынан алганда биздеги бул сонун үлгүнү башка өлкөлөргө керек болсо жайылта турган саамалык. Ал эми Ысык-Көл билим берүү институту менен «Мугалим» журналынын биргеликте өткөргөн кароо-сынагы адаттагыдан айырмаланып жаӊыча форматта уюштурулган. Анда мугалимдин имиджи, өзүн алып жүрүүсү, сырткы келбетине, чач жасалгасына, кийген кийимине, баскан-турганына чейин көнүл бурулган сынактык номерлер, визиттик карточка, интеллектуалдык суроолордун жаӊыча, ар бир региондун тарыхына, андагы тарыхый инсандардын айтылуу эмгектерине, этнопедагогикага жана заманбап мугалимге талап кылынуучу педагогикалык-психологиялык эреже-нормаларга ылайык түзүлүшү дагы жаӊылык десем болот. Сынак жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Калыс чечим чыгарылды. Чыныгы мыктылар тандалды.

Тамара Мамырова, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун мектеп менеджменти жана педагогика лабораториясынын башчысы:

“МУГАЛИМ СЫЙЛУУ ДА, СЫЙМЫКТУУ ДА”

—  Мугалимдин көңүлү жакшы болсо, анын баскан-турганы тың болсо, акыл-эси менен жакшынакай иштеп турса ошондо гана үзүрлүү эмгек болуп, келечегибиз, биздин муунубуз, балдарыбыздын билими терең жана күчтүү, адамгерчиликтүү , бардык жагынан келишкен адамдар болот экен. Ошондуктан биздин өткөргөн кароо-сынагыбыз биз үчүн өтө маанилүү.  Кароо-сынакка 12 мугалим катышты. Сынактын биринчи күнү предметтик тест: педагогикалык, психологиялык тесттерден компьютердик система менен өтүп, өзүнө өзү баа берип чыгышты. Ушул эле күнү мугалимдин портфолиосун же сыр сандыгын карап чыктык. Портфолионун оригиналдуулугу, анын ичиндеги мазмуну, сабактын иштелмелери, тарбия концепциянын иштеп жаткан багыттары, ата-энелер менен байланышы, өзүнүн билимин кантип өркүндөтүп жатканы ж.б.у.с. баарын карап чыктык. Сыр сандыгын мугалим өзү көрсөтүп, өзү айтып берди, ал дагы жалпы мугалимдерге үлгү болот. Экинчи күнү ачык сабактарды койдук. Мугалимдин үч компетенциясы: биринчи – мугалимдин планы, экинчи – конструкция же активдүү сабактардын усулун, ыкмаларын кандай колдонот, үчүнчү – эң маанилүү этап, балага жагымдуу чөйрө түзүү. Мугалимдин сабактарына катышып, упайларды койдук. Эки топко бөлүнүп алып иштедик. Байкоочулардын дагы курамы күчтүү болду. 45 минуталык сабактарды өтүштү. Белгилей кетчү жагдай, сабак бере башташканда свет өчүп калды, ошондо мугалимдер дагы, калыстар тобу дагы былк этишкен жок. Мугалим ушундай кырдаалдардан чыга билүүсү керек. Мугалимдин билими күчтүү болсо, компетенттүү болсо, ал эч нерседен коркпойт.

Рахат Сулайманова,  Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы “Мугалим” журналынын башкы редактору:

“МУГАЛИМ СЫЙЛУУ ДА, СЫЙМЫКТУУ ДА”

  • Президентибиздин жарлыгы менен бекитилген аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында республикадагы жалпы мугалимдер менен иш алып бардык десем жаӊылбайм. Ага мисал катары, “Мугалим – коомдун күзгүсү-2018” республикалык сынагы, “Окуучу күткөн мугалим — 2018” жайкы мектебин айтсак болот. Ошондой эле бардык иш-чараларыбыз улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына да арналды.  Залкар таланттын мааракесин кыргыз эли гана эмес дүйнө, аалам, планета  дүңгүрөтүп белгилеп жаткан чагы. Эң күчтүү окуучунун артында күчтүү мугалим турат. Ч.Айтматов бекеринен айтпаса керек: “Мугалим сыйлуу да, сыймыктуу да” деп. Бир дагы жазуучу, бир дагы акын Ч.Айтматовдой мугалимдин образын ачып бербесе керек. Маселен, “Биринчи мугалим” Дүйшөндүн образы дүйнө жүзүндөгү мугалимдин образын ачып берген шедевр чыгарма десем жаңылышпайм.

“Мугалим” журналынын 5 жылдыгына карата 2019-жылдын март айында “Мугалим – коомдун күзгүсү” сынагы өткөрүлмөкчү. Ушуга байланыштуу ар бир облустарда сынактын облустук турун өткөрүп жатабыз. Буга чейин Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында уюштурдук. Сынакты өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрү, билим берүү усулдук борборлору жакындан колдоо көрсөтүштү.

“МУГАЛИМ СЫЙЛУУ ДА, СЫЙМЫКТУУ ДА”

“МУГАЛИМ СЫЙЛУУ ДА, СЫЙМЫКТУУ ДА”

Кыргыз билим берүү тарыхындагы 24 Эл мугалими болсо, анын экөө Таластан, төртөө Ысык-Көлдөн чыгышкан. Алар: Бектур Исаков, Жаныш Жанузаков, Жибек Өзүбекова, Турар Саякбаева, Өзгөрүш Шаршекеев жана Кусеин Исаевдер.  Улуу устаттарыбыз менен баарыбыз сыймыктанабыз. Кыргыз билим берүүсүнө опол тоодой салым кошкон инсандар өтүп жаткан сынакта дагы кара кылды как жарган калыстыгын билдирип, мыктынын мыктыларын тандап беришти. Мындан кийин Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарында сынагыбыз улантылмакчы. Мугалимдик кесипти баалаган, барктаган кесиптештерибизге таазим. Сынакты өткөргөн Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, кесиптештерибизге, аймактык координаторлорубузга тереӊ ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер