МУГАЛИМ – КООМДУН ТИРЕГИ

  • 12.10.2022
  • 0

Мугалимдердин эл аралык күнүнө карата Бишкек универсал колледжинин студенттери окуткан агай-эжейлерине майрамдык маанай тартуулашты.

МУГАЛИМ – КООМДУН ТИРЕГИ

 

Колледждин директору Айша Ибрагимова өз сөзүндө жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсү Мугалимдер күнүн белгилээрин айтып өттү.

МУГАЛИМ – КООМДУН ТИРЕГИ

— Дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген. Бул күнү мугалимдердин өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы даңазаланат, баркталат. Эгерде статистикага таянсак, Кыргызстандын калкынын тогуз пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенет экен. Биздин республикада 82 миңден ашык мугалим эмгектенсе, анын 24 миңи шаарда, 58 миңге жакыны айыл жеринде иштейт. Айтып коюу керек, жалпы билим берүүчү уюмдарында 113 миңден ашык педагог эки миллионго жакын балдарды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялап жана окутуп келатат. Алсак, 2020/2021-окуу жылында республика боюнча алты миңге жакын студент педагогикалык адистигин бүтүрүп чыкты. Республикабыздын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир алтынчы студент педагогикалык кесипти тандаган. Бул деген мугалимдик кесиптин аброю акырындык менен көтөрүлүп жатканынан кабар берет. Биздин окуу жайда дагы башталгыч класстын мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тарбиячыларды даярдайбыз. Урматтуу, кесиптештер, баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктап, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм, — деди жетекчи.

Андан соң, студенттер агай-эжейлерине кайрылып, алардын айтканы угумдуу, берген тарбиясы жугумдуу болсун деп ыр саптарын тартуулашты. Ошондой эле мугалимдин ары татаал, ары жооптуу милдетине дагы токтолушту.

— Мугалимдин акылдуулугу, көрө билгендиги, изденгечтиги, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан, — деди студент кыз Музафар.

Ал “Мугалим эжеке” деген ырын созолонтуп, көрөрмандардын сүймөнчүлүгүнө арзыды.

Иш-чарада колледждин окуу бөлүмүнүн башчысы Кайыргүл Мамыркулова да сөз алып, кесиптештерине ден соолук, жарык маанай, Ала-Тоодой бийиктик, бакубат турмуш каалады.

Андан кийин иш-чаранын алып баруучулары: Дили таза, билими күч агайлар, Пейили кенен күн мээримдүү эжейлер,  Түйшүгү жанга баткан, Түшүмү жан жыргаткан, — деп сөздү колледждин президенти Талантбек уулу Расулга беришти.

Ал студенттерди агай-эжейлердин эмгегине таазим кылып, аларды күнүгө кубанычка бөлөп, берген билимдерин талыкпай алууга чакырды. Ошентип, майрамдык маанайда студенттер колледждин окутуучуларына ыр-бий тартуулашты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер