МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ — АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТ

  • 26.02.2018
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында  айтылгандай, мектепке чейинки билим берүүгө 2012-жылы 115 миң бала тартылса, ал көрсөткүч 2017-жылы 173 миңге жеткен.

Кийинки беш жыл ичинде эле эки жаштан алты жашка чейинки балдардын жалпы саны өлкөбүздө 590 259 дан 751 миңге өскөн.

Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер 1,5 эсеге көбөйдү. Тактап айтканда мурда 819 болсо, 2012-жылга 1296 га чейин көбөйгөн. Ал эми жеке менчик мектепке чейинки уюмдар 58ден 127ге өстү.

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиеванын айтымында, министрлик айыл жеринде мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү багытына көп көңүл буруп жатат.

«PISAнын изилдөөсүнө караганда мектепке чейинки билим берүүгө катышуунун  саны орто эсеп менен 27 пункттан жогору. Тактап айтканда, мектепке чейинки билим да, мектепке даярдоо да кийинки окууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Аймактарда эки жылдын ичинде 100 бала бакча ремонттон өтүп, 40  мектепке чейинки жаңы мекеме түзүлдү. Мындан  тышкары, 351 жамааттык бала бакча ачылды. Жыйынтыгында аймактарыбызда балдарды мектепке чейинки билимге тартуу 2011-жылда 7,4 пайыз болсо, 2017-жылы 17,5 пайызга жетти. Дүйнөлүк банктын жардамы менен 2017-жылдын сентябрынан тартып элеттеги эң кол жетпес айылдарга 120 бала бакча ачылууда», -дейт министр.

Ошол эле учурда шаарларда 34,4 пайыз балдардын 29,7 пайызы билим берүү менен камсыз кылынган. Ошондуктан министрлик  Мамлекеттик маалымат технологиясы жана байланыш комитети менен биргеликте электрондук кезекти иштеп чыгып, анын платформасы balabakcha.edu.gov.kg ге жайгаштырылган. Бул ыкма кагаз «путевкаларды» берүүнү кыскартып, коррупциялык элементтерди жоет жана бала бакчалардагы балдардын санын көзөмөлдөөгө жакшы шарт түзөт.

КОММЕНТАРИИ

Бөлүшүү

Комментарийлер