МИНИСТРЛИК ЖҮРГҮЗҮП ЖАТКАН РЕФОРМА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

  • 11.01.2024
  • 0

Таш-Көмүр шаарындагы  №4 Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде  билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана  алдыңкы педагогикалык иш-тажрыйбаларды, жаңы технологиялар менен иштөөнү мектеп жетекчилерине, бала бакча жетекчилерине жана мугалимдерге жеткирүү максатында  предметтик  секциялык иштери болуп өттү.

МИНИСТРЛИК ЖҮРГҮЗҮП ЖАТКАН РЕФОРМА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

Маалыматка таянсак, предметтер боюнча секциялык иштерди уюштуруу мугалимдердин усулдук чеберчилигин өстүрүү,  тажрыйба алмашуу иштерин жайылтуу жана окуучулардын билим сапатын жогорулатуу болду.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан жаңы реформалар тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

МИНИСТРЛИК ЖҮРГҮЗҮП ЖАТКАН РЕФОРМА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

МИНИСТРЛИК ЖҮРГҮЗҮП ЖАТКАН РЕФОРМА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

Секциялык иштерге  Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Т.Мырзабеков катышып, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, ЖРТ  боюнча алгылыктуу иштерди алып баруу жана  облустук олимпиадада алдыңкы орундарга жетишүү боюнча бир канча  талаптарды коюп кетти.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер