МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ “САНАРИП ИНСАН” СТАРТАП СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

  • 11.11.2023
  • 0

10-ноябрда Берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Санарип инсан” стартап сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ “САНАРИП ИНСАН” СТАРТАП СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

Сынактын жеңүүчүлөрү катары “Кыргыз боёк” долбоору менен Арууке Адатова, “Акылдуу салык жардамчысы” долбоору менен Багымдат Атабаева, “BulBal” долбоору менен Бакытбек Асылбек уулу, туристтик санариптик платформалар менен иштөөгө окутуу боюнча долбоору менен Гулира Туратбек кызы, “VR studio” долбоору менен Жумабек Абдипатта уулу, “Санарип педагог” долбоору менен Нуржан Таалайбекова, Youtube жана Instagram аркылуу иштөө долбоору менен Элдор Далиев жана “FilterFish” долбоору менен Эрнист Айдарали уулу таанылды. Алардын долбоорлору жалпы суммасы 27 миң 500 еврого каржыланат.

Белгилей кетсек, “Санарип инсан” долбоору июль айында IT чечимдери, билим берүү, электрондук бизнес, жасалма интеллект багыттары боюнча стартаптарга сынак жарыялаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер