МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЮНИСЕФТИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБОРЛОРУН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 09.03.2023
  • 0

9-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билим берүү тармагындагы долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады.

МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЮНИСЕФТИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБОРЛОРУН ТАЛКУУЛАДЫ

ЮНИСЕФтин кызматкерлери гигиеналык эрежелерди окутуу, санитардык-гигиеналык каражаттарды жеткирүү, 5-6-класстардын окуучуларынын билимин баалоо инструменттерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, “Билим берүү мекемелериндеги тобокелдиктерди азайтуу” жол картасын ишке ашыруу, ата-энелер үчүн балдарды өнүктүрүү жана тарбиялоо жөнүндө Беббо мобилдик тиркемени ишке киргизүү, инклюзивдик билим берүү боюнча педагогдор үчүн онлайн курсту түзүү, мектептерди интернетке туташтыруу долбоорлору тууралуу айтып беришти.

Министрлик Беббо тиркемесинин мазмунун жаңыртууда, окуучулардын билимине баа берүүдө, мектептер үчүн санитардык-гигиеналык каражаттарды бөлүштүрүүдө жана башка билим берүү долбоорлорунда өз ара аракеттенүүнү мерчемдөөдө.

Жолугушууга ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кристин Жольм, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Томоя Сонода жана билим берүү боюнча координатор Марлен Алишев катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер