МИНИСТР ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ ЖОГОРКУ БАА БЕРДИ

  • 31.01.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эл аралык медициналык университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, жогору баа берди. Окуу жайдын күчтүү материалдык-техникалык базасы мындан ары өнүгүүгө зор потенциалы бар экендигин баса белгилеп өттү.

МИНИСТР ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ ЖОГОРКУ БАА БЕРДИ

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган окуу жай бардык эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты. Университеттин алдындагы клиникада да болуп, мекеменин жабдылышын жана заманбап стандарттарга шайкештигин текшерди.

МИНИСТР ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ ЖОГОРКУ БАА БЕРДИ

Иш-чаранын жыйынтыгында, министр университет дагы, анын клиникасы дагы жогорку деңгээлде иштеп жатканын, ошондой эле эл аралык деңгээлде натыйжалуу окуу процессин жана жемиштүү кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер