МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АВСТРИЯДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯДА “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ТААНЫШТЫРДЫ

  • 30.04.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Европа жана Борбордук Азиядагы Дүйнөлүк банк тарабынан 25-26-апрелде Венада уюштурулган “Сапаттуу эрте билим берүү бардыгы үчүн: системаларды жана инновацияларды өркүндөтүү аркылуу” темасындагы эл аралык конференцияга катышты.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АВСТРИЯДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯДА “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ТААНЫШТЫРДЫ

Конференция бардык балдар үчүн сапаттуу эрте билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө байланышкан маселелерди талкуулоого багытталган.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” программасы менен тааныштырды.
 
Ошондой эле конференциянын катышуучулары балдардын потенциалын өнүктүрүү, эрте окутуу үчүн инновациялык мейкиндиктерди долбоорлоо, мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн адилеттүү кеңейтүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө баяндамаларды угушту.
 
Белгилей кетсек, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин орун басары Лира Самыкбаева 29-30-апрелде “Мугалимдер билим берүүнү трансформациялоо борборунда ” аталышындагы эл аралык конференцияга
Бөлүшүү

Комментарийлер