МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

  • 25.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүй облусундагы көйгөйлүү мектептерге иш сапары менен барды.

Иш сапарынын алкагында министр Чүй районунун Калыгул айылындагы Т. Оңолбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган мектептин эскилиги жетип авариялык абалга келгендиктен, 2020-жылдын август айында мектептин жаңы имаратынын курулушу башталган. Учурда мектептин 1-кабаты курулуп, 2-кабатын куруу иштери жүрүп жатат.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

Мындан сырткары Ысык-Ата районунун №3 Ивановка башталгыч мектебинин дагы эскилиги жеткен. 2018-жылдын январь айында жаңы мектепти куруу иштери башталган. Бирок азыркы тапта каржылоо токтогонуна байланыштуу курулуш иштери 2-кабатка келип токтоп калган.

 

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫМинистр жогорудагы маселелерди чечүү үчүн бардык аракеттерди жасай тургандыгын белгилеп, тиешелүү адистерге бир катар тапшырмаларды берди.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер