«Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы жеңип алды

  • 21.08.2023
  • 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы Айна Калмаганбетова жеңип алды. Жеңүүчүгө сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

"Мейкин Азия" фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы жеңип алды

Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.

Биринчи орунду Руслан Асанкан (Кыргызстан, 3 миң доллар), Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр, 3 миң доллар), экинчи орунду Сарвиноз Камалова (Өзбекстан, 1,5 миң доллар) жана Надо Талевска (Түндүк Македония, 1,5 миң доллар), ал эми үчүнчү орунду Адильхан Макин (Казакстан, 1 миң доллар) жана Касиет Идрисова (Кыргызстан, 1 миң доллар) алды.

Андан тышкары, Түркиялык ырчы Жевхер Аксой фестивалдын атайын сыйлыгы менен сыйланды.

Бүгүн фестивалдын жыйынтыктоочу күнү өтүп, ал “ТРТ Аваз» каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, популярдуу музыка аткаруучулардын «Мейкин Азия» III эл аралык фестивалы 18-августта старт алган.

Бөлүшүү

Комментарийлер