“МЕНИН СҮЙҮКТҮҮ КЫРГЫЗСТАНЫМ”

  • 01.09.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» аттуу видеороликтердин онлайн- сынагынын

ЖОБОСУ

Уюштуруучу:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Аткаруучу:

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, жер таануу жана туризм борбору.

  1. Сынактын максаты жана милдеттери:

— балдардын жана жаштардын туулган жеринин тарыхына, жаратылыш мурастарына, анын турмушуна жана маданиятына кызыгуусун өстүрүү;

— патриоттуулук, өз мекенин сүйүү жана аны менен сыймыктануу сезимин тарбиялоо;

— туулган жердин тарыхы, маданияты турмушу жана каада салты менен таанышуу;

— өз жеринин тарыхый маанилүүлүгүн өнүктүрүү.

­ Кыргыз Республикасынын элинин каада-салтын билүү жана аны сыйлоо.

  1. Өткөрүүнүн ирээти жана мөөнөтү:

“Менин сүйүктүү Кыргызстаным” видеороликтер сынагы 2020-жылдын    25-августунан 01-сентябрына чейин өткөрүлөт. Жумуштар (видеороликтер )

2020-жылдын 01-сентябрынын 17.00. чейин кечиктирилбей төмөндөгү электрондук почтага: [email protected]  жөнөтүлүшү керек

  1. Катышуу шарттары:

Сынакка Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин, мектептен тышкаркы мекемелердин, жатак-мектептердин 5-11-класстарынын окуучулары катыша алышат.

Көңүл бөлгүлө: Бир катышуучу сынакка бир эле жумушту көрсөтө алат. Бир катышуучу бир нече видеоролик (бир нече номинациядагы) жөнөткөнгө болбойт. Видеороликтин башталышында катышуучу өзүнүн тегин , атын, атасынын атын, окуу жайынын аталышын, классын, районун, дубанын, шаарын толугу менен, ошондой эле тандалып алынган видеороликтин/видеосюжеттин номинациясын (темасын) көрсөтүүсү керек. Видеоролик анын темасын андан ары ачып көрсөтүү менен уланат.

Сынактын жумушчу тили мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдери болуп эсептелинет.

Сынакттын темасына ылайык келбеген жумуштар (видео) Сынакка катышуудан четтетилет.

Белгиленген убакыттан кеч келген жумуштар каралбайт.

Сынактык комиссия Сынакка катышкан жумуштарга ушул Жобонун баалоо критерийлерине ылайык эксперттик баалоо жүргүзөт.

Сынактын жыйынтыктары кошумча жарыяланат жана сайтта жайгаштырылат.

  1. Онлайн сынактын программасы:
  2. Видеороликтердин онлайн сынагына катышууну каалаган окуучулар Кыргызстан (Мекенине болгон сүйүү, адамды өзүнө тарткан керемет жерлери, жаратылышы, туулуп өскөн аймактын (шаар, дубан, район, айылы) белгилүү инсандары) жөнүндө көрсөтүп айтып берген аз көлөмдөгү видео жөнөтүшөт.
  3. Окуучулар өзүлөрү тарта турган видеороликтин категориясын тандап алышы керек.
  4. Окуучуларга ар бир категориянын тапшырмаларын аткарылышына 2-3 минута убакыт берилет.

5. Номинация (видеороликтер үчүн темалар)

5.1. Мен өзүмдүн туулган аймагым менен сыймыктанам (окуучулар өзүнүн туулган аймагы, кичи Мекени, шаары, району, айылы, туулган аймагынын чыгаан инсандары, адамды өзүнө тарткан керемет жерлери,  жаратылышы жөнүндө көрсөтүп айтып берген видеоаӊгеме даярдашат).

5.2.  Жаша, гүлдөй бер жана саламатсыӊбы, менин сүйүктүү жана бир боор Кыргызстаным! (бул номинацияда окуучуга өз өлкөсүн сүйүү, аны менен сыймыктануу сезимин билдирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Окуучу видеоаӊгемеде өз сөзү  менен өз өлкөсүн эмнеси үчүн жакшы көрөрүн жана анын келечегин кандай элестетерин айтышы керек. Окуучу ошондой эле ырды көркөм айтса же обондуу ырды ырдаса да болот).

Бөлүшүү

Комментарийлер