“МЕНИН ӨЛКӨМ – МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДӨН БАШТАЛАТ”
- 06.06.2024
- 0
Үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында уюштурулган «Кучак» акциясынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан, үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында, “Менин өлкөм – менин үй-бүлөмдөн башталат” деген девизде “Кучак” аттуу үй-бүлөлөр арасында интернет тармагында жарыяланган бир айлык акциянын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү сыйланышты.
Эмгек министри Гүлнара Баатырова белгилегендей, үй-бүлө — биздин коомдун негизги уюткусу.
— Байыртадан үй-бүлө адамдын жашоосунда эң негизги ролду ойнойт. Улууларды урматтоо, үй-бүлөлүк бекем байланыш, баланы тарбиялоо жана ага кам көрүү, каада-салты сактоо сыяктуу баалуулуктар Кыргызстан мамлекетинин өнүгүү тарыхы менен далилденген. Бүгүн биз ушул “Кучак” акциябыз менен, жашоонун кыйынчылыктарына карабастан, күчтүү, камкор жана бактылуу үй-бүлө болуп жашап келген жарандарыбызга ыраазычылык айтып кетебиз, — деди министр.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Маданият министри А.А.Максутов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамов, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору К. Осмонов катышты.
Акциянын 40 үй-бүлөсүнө демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер сыналгылар, турмуш-тиричилик техникалары, баш байге Алматыга жолдомо жана Жаннат Ресорт эс алуу борборуна жолдомолор тапшырылды.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер