«МЕН ЖАНА ДҮЙНӨ» КУРСУ КАНДАЙ ӨЗГӨРӨТ?
- 04.06.2025
- 0
2025-жылдын 23-майында өткөн Педагогикалык форумда башталгыч билим берүү боюнча эксперт Ольга Солошенко 1-класстан 6-класска чейинки класстарда табигый-илимий багыттагы предметтер кантип өзгөрөрүн айтып берди.
2025-жылдан тартып Кыргызстан 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүп жатат. Башкача айтканда, мындан ары башталгыч мектеп 1-класстан 6-класска чейин болот жана айрым предметтердин түзүмү өзгөрөт. Негизги предметтердин бири болгон «Мен жана дүйнө» сабагы 5-класска чейин интеграцияланган бойдон калат. Адам, коом, жаратылыш, коопсуз жашоо темалары бириктирилет. Бирок 5-класста мурдагыдай эле, табият таануу өз алдынча предмет катары бөлүнүп чыгат.
Иш жүзүндө бул эмнени билдирет?
Табият таануу өзүнчө предмет катары 5-6-класстарда окутулат. Анын жардамы менен балдар жаратылышты тереңирээк үйрөнүп, илимий түшүнүктөр менен таанышып, биология, физика жана химия сыяктуу илимдердин негиздерин өздөштүрө башташат. Мисалы, башталгыч мектептин окуучулары жарык, үн, күч, энергия, магнитизм, электр сыяктуу түшүнүктөр менен таанышып, жөнөкөй электр схемаларын чогултууну, моделдерди түзүүнү, көрүнүштөрдү талдоону, изилдөөлөрдү жүргүзүүнү үйрөнүшөт.
Мындан ары басым жөн гана билимге эмес, байкоо жүргүзүүгө, сынчыл ой жүгүртүүгө, жыйынтык чыгарууга жасалат. Башкача айтканда, балдарды кичинекей окумуштуулардай ой жүгүртүүгө үйрөтүшөт. Бул көндүмдөр 1-класстан тартып өнүктүрүлүп, негизги мектептин соңуна чейин коштоп жүрөт.
Ошондой эле окуу материалдарына болгон мамиле да өзгөрөт. Мындан ары маалыматтын жалгыз булагы катары бир эле окуу китеби каралбайт. Мугалим ар кандай дидактикалык куралдарды, санариптик ресурстарды жана өзүнүн иштеп чыгууларын колдонуусу керек болот. Мындай учурда колдонуудагы жана жаңы дидактикалык материалдар жардамга келет. Мурда түзүлгөн IBILIM электрондук платформасында табият таануу боюнча көптөгөн материалдар камтылган.
Айрыкча жаңы муундагы окуу китептерине көңүл бурулуп жатат. Алар мурдагыдай энциклопедия эмес, баланы аракет кылууга, тапшырмаларды аткарууга жана илимий изилдөө жолунда өз алдынча алдыга жылууга үйрөткөн багыт берүүчү колдонмолор. Бул китептер окуучуга илимий ой жүгүртүү куралдарын акырындык менен берип турат. Ошону менен катар алар мугалимге да жардам берет, анткени аларга кеңири методикалык нускамалар тиркелет.
Окуу жүгүн бөлүштүрүү да өзгөрөт. Мисалы, 1-2-класстарда «Мен жана дүйнө» сабагына жума сайын 4 саат бөлүнөт. Биринчи жарым жылдыкта жаратылышты байкоо жана практикалык ишмердүүлүк үчүн 1 саат каралат. Экинчи жарым жылдыкта 4 сааттын үчөөндө табигый-илимий темалар өтүлөт. Окуу китептери окуучулар окуганды үйрөнгөн соң, экинчи жарым жылдыкта колдонулуп баштайт.
2-класста мектепке жаңы келген окуучулар 12 жылдык система үчүн атайын иштелип чыккан жаңы окуу китеби боюнча окуй башташат. Ал китеп предметтеги табигый-илимий илимдери боюнча багытты толук кандуу камсыз кылат. Былтыр 1-класска баргандар мурдагы предметтик стандарт жана 1-4-класстар үчүн «Мен жана дүйнө» программасы боюнча окутууну улантышат.
3-класстан 4-класска чейин «Мен жана дүйнө» предмети жума сайын 3 саат окутулат, ал эми 5-класстан тартып, жогоруда айтылгандай, эки толук кандуу предметке бөлүнөт: Табият таануу жана «Мен жана дүйнө» (социалдык блок) – ар бири 2 сааттан.
Бул өзгөрүүлөр мугалимдин жана окуучунун ролун кайра карап чыгууга алып келет. Мугалим билим ретрансляторунан окуучулар басып өткөн билим процессинин жол көрсөтүүчүсү, «технолог» ролуна өтүшү керек. Бул жаңы даярдыкты, ийкемдүүлүктү жана мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташуусун талап кылат. Бирок узак мөөнөттүү келечекте мындай ыкмалар балдарга айланасындагы дүйнөнү жакшыраак түшүнүүгө, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана келечекке ишенимдүү кадам таштоого шарт түзөт, – деп жыйынтыктады Солошенко.
Комментарийлер