МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА БӨГӨТ КОЮЛДУ

  • 29.05.2023
  • 0

Өткөн аптада Президент Садыр Жапаровдун “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” чыгарган Жарлыгында мектептерде акча чогултууга, коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Жарлыкты аткарбагандар жазаланарын эскертти.

 

МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА БӨГӨТ КОЮЛДУ

Ата-энелер ачык даттанышпайт

Коомчулукка белгилүү болгондой, соңку жылдары Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууларга жол бербөө боюнча жыл сайын эле бир топ иш-аракеттер жүргүзүлүп келет. Бирок жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кабыл алынган чечимдерди жана актыларды бузуу менен мектептерде окуучулардын ата-энелеринен  ар кандай шылтоо менен акча чогултуу дегеле токтобой келатканы баарыбызга жакшы маалым. Маселен, кабинетти оңдоого, мектепти кайтарууга, окуу класстары үчүн зарыл болгон буюмдарды (парда, бор, чака, самын ж.б.) сатып алууга мектеп алдында түзүлгөн ата-энелер фондулары чогултканы чогулткан. Мектеп жетекчилеринин айтуусу боюнча, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын бир нече гана беренелери иштеп, ал эми мектептин, класстын санитардык абалын кармап туруу үчүн бор, тряпка, чака сатып алуу үчүн атайын каражат бюджеттен бөлүнбөйт. Ошондуктан жаңы окуу жылынан баштап мектептерде акча каражаттарын чогултуу окуучулардын ата-энелерине таасир этүү, анын ичинде моралдык-психологиялык басым көрсөтүү жолу менен ата-энелер комитеттери, коомдук фонддор жана мектептин алдындагы башка коммерциялык эмес уюмдар аркылуу жүзөгө ашырылат. Ата-энелер менен келишим түзүлүп, айрым мектептер 50 сомдон чогултушса, борбор калаадагы мектептер 500 сомдон кем эмес жыйнашат. Көбүнесе ата-энелер баласына терс мамиле болушу мүмкүн деп ачык даттанышпайт.  Эгерде ата-эне белгилүү каражатты бербей койсо, балдардын көзүнчө айрым мугалимдер “эмне акчаңар жокпу?” ж.б.у.с. окуучуну басмырлаган учурлары кездешип жүрөт. Мындай мамиледен кийин окуучу мектепке да баргысы келбей калат. Албетте, баланын келечеги үчүн инвестиция салыш керек экенин өзгөчө шаардык ата-эне жакшы түшүнөт. Бирок көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын бир мектепте беш баласы окуса, 2500 сомдон төгүп туруу өтө эле оор болуп калаары анык.

Эмнеге тыюу салынат?

Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-, 71-беренелери жетекчиликке алынып, мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга, коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Ошондой эле мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик бюджеттен бөлүнөрү белгиленди. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине акча чогултууга тыюу салган ченемдик-укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу милдеттендирилип жана Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө бир айлык мөөнөттө киргизилмек болду. Ошону менен катар мыйзам бузууга жол берген адамдардын жоопкерчилиги да катуу каралат. Бул Жарлыктын талаптарын сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын начальниктерине, райондордун жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн/борборлорунун башчыларына, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине милдеттендирилди.  Ошондой эле бул маселе боюнча  “түз байланыш” уюштурулмакчы. Ал эми мектеп директорлору окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз каражат чогултууга, финансылык маселелерди кароодо көзөмөлчүлүк кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин ишине катышууга,  ата-энелерден акча чогултууга жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Эгерде каражат чогултуу же моралдык-психологиялык басым көрсөтүү фактылары аныкталса,  күнөөлүү адамдар ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлөт.

Баса, аталган Жарлык мектеп директорлорунун “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” жана “Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө” мыйзамдын алкагында инвестиция  тартуусуна  жайылтылбайт.

Президенттин Жарлыгы күчүнө кирди

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун ФБдагы баракчасына жазган маалыматына караганда, Президенттин Жарлыгы күчүнө кирди, эми акча чогулткан мектептин директору, мугалимдерине мыйзам чегинде жаза берилет. Ошондой эле “ата-энелер фонду” деп ачып алган шылтоолорго дагы жол берилбейт!

— Буга чейин, мектептин ремонту, керектүү жабдыктар үчүн ата-энелерден акча чогултуу болуп келген. Бир-нече жолу эскертүүлөр берилгенине карабай, ата-энелердин комитетинин фонду деген шылтоо менен акча каражаты чогултулуп келген. Бул, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оорчулук жаратып, кадимкидей көйгөйгө айланган. Указды аткарбай, кайра эле акча чогулткандар жазаланасыңар! – деди Д.Орунбеков.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер