“МЕКТЕПТЕР 2030” ПРОГРАММАСЫ: ПИЛОТТУК МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРГА ЗАМАНБАП ЖАБДУУЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 19.04.2024
  • 0

19-апрелде Билим берүү жана илим министрлигине Ага Хан фонду “Мектептер2030” программасынын алкагында пилоттук 70 мектеп жана 30 бала бакчага 5 500 000 сомдук интерактивдүү панел, ноутбук, принтер, проектор жана окуу материалдарды тапшырды.

“МЕКТЕПТЕР 2030” ПРОГРАММАСЫ: ПИЛОТТУК МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРГА ЗАМАНБАП ЖАБДУУЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Бул жабдуулар жана окуу материалдар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн мугалимдер жана окуучулар тарабынан иштелип чыккан инновациялык чечимдерди сунуштарды ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган.

2021-2023-жылдар ичинде программа 35 000 000 сомдук заманбап жабдыктар, эмеректер жана китептер менен пилоттук мектептерди камсыздап келген. Быйыл июнь айында “Мектептер2030” программанын алкагында Глобалдык форум өтөт. Форумга 36 өлкөдөн 200дөн ашуун өкүл келип, Кыргызстандын тажрыйбасы менен таанышат.

Мектептер2030 – 10 мамлекеттеги 1000 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын камтыган глобалдык 10 жылдык программа. Программанын максаты балдардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандыруу үчүн билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана жайылтуу.

Бөлүшүү

Комментарийлер