МЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУ ЖӨНҮНДӨ TAMAKASH.EDU.GOV.KG ПОРТАЛЫНАН БИЛИҢИЗ ЖАНА БЕЛЕКТЕРДИ УТУП АЛЫҢЫЗ

  • 11.11.2020
  • 0

Өсүп келе жаткан муундун ден-соолугуна кам көрүү менен БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана россиялык Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте мектеп окуучуларынын тамактануусу жөнүндө tamakash.edu.gov.kg. жаңы порталын сунуштайт.

Сиздер сайттан баланын мектептеги жана үйдөгү тамактануусун кантип жакшыртуу керектиги жөнүндө кеңири маалыматтарды таба аласыздар, ошондой эле атамекендик мектептердин ден-соолук үчүн пайдалуу ысык тамактанууну уюштуруудагы мыкты тажрыйбалары менен тааныша аласыздар.

Мектептеги «ысык тамактануу» деген эмне?

Мектептеги толук кандуу ысык тамактануу – бул жөн гана булочка менен чай ичүү эмес. Балдар күн сайын ысык тамактануу (шорпо, же ботко), жаңы бышырылган нан азыктарын жана компот алышат.

Бүгүнкү күндө Россия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУ ДАП программасын активдүү ишке ашыруунун жыйынтыгында, Кыргызстандын 500 ашуун мектеби балдарга ысык тамактанууну сунуштоодо. Менюну даамдуу жана ден-соолукка пайдалуу тамак-аштар менен түрлөнтүү максатында «Мектептик тамактандыруу үчүн тамак-аш даярдоо китеби» иштелип чыккан, анда сиңимдүү тамак-аштардын 120 ашуун түрү сунушталган. Көптөгөн мектептерде, анын катарында алыскы райондордогу мектептерде тамак-ашты заманбап жабдууларда даярдашат, ал эми мектеп ашпоздору үзгүлтүксүз адистигин жогорулатып турушат. 2023-жылга карата өлкөнүн бардык мектептерин теңдемделген жана түрлүү ысык тамактандырууга өткөрүү пландаштырылууда.

Кыргызстандын мектептеринде мектептик тамактандырууну жакшыртуу жана өнүктүрүү программасына ата-энелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү катышуусуна жараша мүмкүн болду.

Урматтуу ата-энелер!

Эгерде сиз мектебиңиздеги балдардын теңдемделген тамактануусун кандайча жайгарууну жана аны кандайча жакшыртууну билгиңиз келсе,  tamakash.edu.gov.kg. сайтына кириңиз.

БОНУС!

Сиз порталда ошондой эле балдардын мектептен тышкаркы таза тамактанусу боюнча адистердин сунуштамасын табасыз. Ал эми таза тамактанууну жолдоочуларды жана сайттын эң активдүү колдонуучуларын белектер: блендер, мультиварка, спорт менен машыгуу үчүн топтомдор сыяктуу башка жагымдуу белектер күтөт.

tamakash.edu.gov.kg сайтындагы «Кызыктар» — «Ойнойбуз» рубрикасындагы сынактарга катышыңыздар:

#1 Сынак «Дени сак оюндар» https://clck.ru/RmMT7

#2 Сынак «Апалар жана аталар пайдалуу тамак-аш даярдашат» https://clck.ru/RmS4M

tamakash.edu.gov.kg сайтындагы «Суроо берүү» кошумча баракчасында, кеңири маалыматтарды ала аласыздар, же суроолоруңузду берсеңиз болот, же [email protected] дарегине жазып, кайрылсаңыздар болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер