МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО ПРОЦЕССИ КАНДАЙ ЖҮРӨТ?

  • 26.01.2022
  • 0

«Мектепке электрондук кабыл алуу» системасын жаңылоо иштерин “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Быйыл бул системанын өзгөчөлүгү ата-эненин юридикалык жашаган жери боюнча автоматтык түрдө мектептерди чыгарып берет», — деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов маалымат жыйында.

Анын айтымында, биринчи этапта паспортто жазылган юридикалык  адрес боюнча гана https://mektep.edu.gov.kg/ каттала алат. Экинчи этапта ата-эне юридикалык адрес эмес, өзү каалаган региондогу мектепти (мектепте бош орун бар болсо) тандаса болот.

Кабыл алуу башталганга чейин системага ар бир мектептин кабыл алуу квотасы (1-класска канча окуучу кабыл алына тургандыгы) киргизилет.

Мектепке электрондук каттоо үч баскычтан турат:

  • Биринчи этапта ата-эне өзү жөнүндө (жеке идентициялык номерин, аты-жөнүн ж .б.) маалыматты киргизет. Маалымат киргенден кийин система автоматтык түрдө анын юридикалык катталган жерин аныктайт;
  • Экинчи этапта баланын жеке идентификациялык номерин, аты-жөнүн жана күбөлүктүн номерлерин киргизет. Мында система автоматтык түрдө бала менен ата-эненин ортосундагы байланышты аныктайт. Чындап эле ушул ата-эненин баласы экендиги аныкталса, система үчүнчү этапка өткөрөт;
  • Үчүнчү этапта система ата-эненин юридикалык жашаган жерине карата мектептерди чыгарып берет.

Каттоо учурунда ата-энелер негизги жана кошумча эки электрондук почтасын жазат. Бардык билдирүүлөр ушул электрондук даректерге келип түшөт. Мисалы, логин, пароль, мектепке киргендиги тууралуу маалымат ж.б.

Баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгандан кийин, 2022-жылдын 1 — августунан 15-сентябрына чейин мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:

  • Мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
  • Баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана                             ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;
  • Ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
  • Алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);
  • Баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү;

 

Бөлүшүү

Комментарийлер