МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ: КЫРДААЛ КӨЗӨМӨЛДӨ

  • 29.10.2020
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги COVID-19 эпидемиологиялык кырдаалда мектепке чейинки билим берүүгө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдө. 26-октябрдагы мониторингдин жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 1617 бала бакчанын ичинен 96 мектепке чейинки билим берүү   уюмдары иштеп жатат, анын ичинде Жалал-Абад облусунда 10 муниципалдык, Ош облусунда 20 муниципалдык, Чүй облусунда 25 жеке менчик, ошондой эле Бишкек шаарында – 39 жеке менчик жана 2 ведомстволук бала бакча иштеп жатат. Учурда республика боюнча иштеп жаткан бала бакчалар 6% түзөт.

Министрлик мындан ары да бала бакчалардын ишмердүүлүгүн КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-апрелиндеги №244 токтому менен бекитилген убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритмине ылайык келтирүү   тапшырмасын берүү  менен, белгиленген иш-чаралардын райондук, шаардык билим берүү   бөлүмдөрү   жана мектепке чейинки билим берүү   уюмдары тарабынан кылдат аткарылышын көзөмөлгө алды.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, учурда мектепке чейинки билим берүү   мекемелери КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан алгоритминин алкагында иш алып баруулары тийиш экендигин белгиледи.

– Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан талаптардын эң негизгиси, албетте, имаратка кирүү фильтрин уюштуруудан баштап, ар бир бөлмө ичинде санитардык абалды сактоо, бир жолу колдонуучу беткаптарды колдонуу тартибин кармануу, балдарды көп-көптөн топтоштурбай, алардын аралыкты сактоосуна көз салуу жана үзгүлтүксүз нымдуу дезинфекциялык тазалоо иштерин жүргүзүп туруу. Белгиленген эрежелерди бала бакчанын ар бир кызматкерлеринен тартып, ата-энелерге чейин сактоого милдеттүү. Бул эң оболу балдардын, алардын ата-энелеринин жана бала бакча кызматкерлеринин ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатын көздөйт, — деп белгиледи.

Нурзида Касымованын айтымында, республикабыздын бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелери жогоруда белгиленген алгоритм боюнча даярдыктан өтүштү. Суюк самындарды, дене табын өлчөө аппараттарын сатып алуу, санитайзерлерди орнотуу иштеринде аларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз укуктарынын чегинде колдоо көрсөтүшүүдө.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин адистери, ошондой эле балдардын эрте өнүгүүсү боюнча эксперттер тарабынан жана ЮНИСЕФтин техникалык жана каржылык колдоосу менен “Карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында мектепке чейинки билим берүү   мекемелеринин ишин кайра улантуу үчүн колдонмосу” иштелип чыгып, республикадагы бардык бала бакчаларына жеткирилип берилген.

Ошол эле учурда, COVID-19 эпидемиологиялык кырдаал шартында балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын сактоо боюнча ар бир бала бакчанын педагогдору, тарбиячылылардын жардамчылары, медициналык кызматкерлер, усулчулар жана директорлор бул колдонмонун негизинде онлайн окуудан өтүшкөн.

КР Билим берүү мекемелеринин ассоциациясынын жетекчиси, “Шам бала Монтессори бала бакчасы” өкмөттүк эмес билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү   жана директору Эльмира Каримова, өлкө боюнча март айында киргизилген карантинден кийин 8-июнда ачылган бала бакчалар июль айында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кайра жабылгандыгын, учурда балдар аз санда барган жеке менчик бала бакчалардын кээ бири иштеп жаткандыгын билдирди.

– Мектепке чейинки билим берүү мекемелери Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде кабыл алынган алгоритминин шартында иштеп жатышкандыгы белгилүү. Азыр негизинен балдар аз санда барган жеке менчик бала бакчалар иштеп жатат. Аларда тыгыз көзөмөлдө иш жүргүзүшүүдө. Тоскоолдуктар жок десем болот, бирок көйгөйлөр жок эмес. Биринчи көйгөй – балдар бала бакчаларга барбай, кабыл алуу толбой калгандыгы. Коронавирус эпидемиясынын экинчи толкунунан кооптонгон ата-энелер балдарын үйлөрүндө кармап турушат, бул албетте, туура. Бирок балдар үйдө ар кандай шартта камалып жатканын да жашырууга болбойт. Бул да өзүнчө маселе жаратууда. Андыктан тиешелүү адистер бул жагын да көзөмөлгө алуусу кажет, — дейт Элмира Умаровна.

Бишкек шаарынын тургундары Элнура менен Уландын үч баласы бар. Улуусу үчүнчү   класс болсо, калган экөө бала бакча курагында. Былтыр ипотекага үй алышкан жаш үй-бүлөнүн бюджети ансыз да карантин учурунда бир топ каржала түшкөндүктөн, балдарын үйлөрүндө камап коюп ишке барууга мажбур болушууда.

– Балдарды бала бакчага бербей эле үйдө кармап турган биринчи кезекте өзүбүз үчүн коопсуз экендигин жакшы түшүнөбүз. Бирок алган үйүбүз үчүн бере турган акчасы төлөнбөй, карызга белчеден батып бараткандыгыбыздан, үч балабызды үйгө камап, ишке кетүүгө аргасыз болуудабыз. Жолдошум экөөбүздүн тең балдарды караша турган колу бош жакындарыбыз жок. Дагы жакшы, үйдө отурган кошуналарыбызга көз кырыңарды салып тургула деп сүйлөшүп, аларга табыштап коюп жатабыз. Карантин кайра киргизилбесе экен деп, сар-санаа да болуудабыз, — деп, тынчсызданып жатканын билдирди Элнура.

Бишкек шаарындагы “Эркелайн” жеке менчик бала бакчасына бир жаштан үч жашка чейинки балдар барышат. Бала бакчанын баасы үч миң сомдон беш миң сомго чейин дейт, бала бакчанын башчысы Дилбара Кырбашева.

– Мектепке чейинки билим берүү уюмдары учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун уруксаты менен иштеп жатат. Маселен, бизге кечээ эле аймактык комиссия келип, текшерип кетти. Биз да балдардын коопсуздугун сактоо максатында, тиешелүү   эрежелерди кармануу талаптарын балдардын ата-энеринен суранып жатабыз, — дейт Дилбара
Кырбашева.

Республикабыздын бардык аймактарындагы бала бакчаларга карантин шартында иштөө эрежелери жазылган колдонмонун таратылышы да, кырдаалды көзөмөлгө алууга олуттуу салым кошот деген ишеним бар. ЮНИСЕФтин колдоосу менен жарыкка чыккан бул колдонмону колдонуу тартиби боюнча ар бир облустун райондору менен онлайн форматында Зуум аркылуу окутуу семинарлары өткөрүлгөн. Ага педперсоналдар, медайымдар, бала бакча башчылары, тарбиячылар, усулчулар катышты.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, балдарды мектепке чейинки даярдоо программасы да үзгүлтүккө учурабай өткөрүлүп жатканын, жаш курагына жараша балдарга ата-энелери жакындан жардам берип турушу керек экендигин баса белгиледи.

– Коопсуздук чараларды көрүү талабына ылайык, учурда бөбөктөрдү үйдө карап турушканы жакшы. Онлайн окутуу да айласыздыктын иши болуп жаткандыгын туура кабыл алышыбыз керек. Кичинекей бөбөктөрдүн мектепке чейинки даярдыгына ата-энелер үйдө көзөмөл жүргүзүп турушса дегим келет. Ал үчүн КТРКнын Баластан каналы аркылуу 480 сааттык «Наристе» программасы менен окутуу жүргүзүлүп жатат, андан тышкары, «Балалык» программасынын алкагында видеосабактар көргөзүлүүдө. Ал программалардын негизинде бала бакча тарбиячылары ата-энелери аркылуу балдарга кайрылып, кайтарым байланыштарды жүргүзүп жатышат. Видеосабактарды өз убагында көрө албагандар Ютуб каналынан таап, көрө алышат, — деп кошумчалады.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер