МЕКТЕП ТАМАК-АШЫН ЖАКШЫРТУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 12.10.2022
  • 0

2022-жылдын 11-октябрында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директорунун орун басары Хильке Дэвид, программанын жетекчиси Дамира Уметбаева жана адис Эрик Куйкеев менен мектеп тамак-ашын жакшыртуу маселесин талкуулады.

МЕКТЕП ТАМАК-АШЫН ЖАКШЫРТУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Министр И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы мектеп ашканаларынын кызматкерлери үчүн түзүлгөн республикалык окуу борборуна ашкана жабдууларын жеткиргендиги, ошондой эле мектептерди жергиликтүү азыктар менен камсыз кылуучу логистикалык борбор үчүн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыраазычылык билдирип, жемиштүү кызматташууга ишеним артарын билдирди.

Тараптар ысык тамакты уюштурууну жеринде көрүү үчүн мектептерге биргелешип барууну талкуулашты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер