МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЖОЛ КИРЕНИ КАНДАЙ ТӨЛӨЙТ?

  • 16.01.2024
  • 0

Бишкек шаарында 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу окуучулар үчүн жеке “Тулпар” карталары сунушталууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мектеп курагындагы балдар айына 360 сомдук коомдук транспортто чексиз жүрүү билеттерин сатып ала алышат. Бул окуучулар үчүн пайдалуу, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол кире болгону 8 сомду түзөт.

Мектеп окуучулары үчүн сунушталып жаткан жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат. Эгерде башка адамдар тарабынан колдонулуп жаткандыгы аныкталса, карталар конфискацияланып, колдонуучуга айып салынат.

Чоңдор үчүн айына 1020 сомдон стандарттуу чексиз жол билеттери бар.

Тариф көтөрүлгөндөн кийин коомдук транспорттордо контролерлор иштей баштамакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер