МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА

  • 13.03.2020
  • 0
МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА

“Ар бир директордун эң башкы милдети мектепти өнүктүрүү планын түзүп, аны ишке ашыруу үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу. Планды директор жалгыз түзбөйт. Ал жалпы жамаатта жасала турган жумуш”-дейт, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин доктору, доцент Кыялбек Акматов. Ал биз менен болгон маегинде заманбап  мектептерде башкаруунун негизги багыты, окуучуга билим берүү жолдорун издөөгө, руханий жана адеп-ахлактык түшүнүктөрдү калыптандырууга көмөктөшүү, жетекчинин менеджменттик жөндөмү ж.б. деги эле бүгүнкү заманбап мектептин жүзү жөнүндө айтып берди.

Кагаз иши “жеп” койгон менеджерлик

Менин тагдырыма эки жаңы мектепти негиздөө вазийпасы жүктөлгөн экен. Алгач 2013-жылы Ош мамлекеттик университетинин жаңы ачылган “Билим” лицейинин директорлук кызматына дайындалсам, 2016-жылдан тартып Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде директордук кызматты аркалап жатам. Мына ушул эки мектептеги тажрыйба мага жетекчиликтин албан сырларын үйрөттү. Жаманбы-жакшыбы, эки мектептин моделин түзүп, аны сыноодон өткөрүп, алдыма койгон күтүлүүчү натыйжаларга жетишүүмө мүмкүнчүлүк жаралды.

Мектепти башкарууда бир нече директорлордун, кесиптештеримдин башкаруу стилдерин үйрөндүм, керегин алдым, жакпаганын кайталабоого аракеттендим. Жыйынтыгында мектепти башкаруунун, мектеп директорунун ишмердүүлүгүн төмөнкүдөй үч стилге бөлүп кароого болорун түшүндүм: жетекчи; менеджер; администратор.

Бул бөлүштүрүүнү Эл аралык “Наама” фондунун EDULEAD программасынын “XXI кылымдын мектебин башкаруу” семинарына катышып терең өздөштүрдүм. Семинарга катышкан директорлор алгач өзүбүздүн аткарган жумуштарыбызды тизмелеп, аларды классификациялап чыкканыбызда, кагаз иштери менен көп алектенип, менеджерлик ишине анчалык маани бербегенибизди аңдадык.

МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА

Мектепти өнүктүрүү планы

Ар бир директордун эң башка милдети — мектепти өнүктүрүү планын түзүп, аны ишке ашыруу үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу. Планды директор жалгыз түзбөйт. Ал жалпы жамаатта жасала турган жумуш. Ал үчүн күн мурун жамаатка мектепти өнүктүрүү боюнча сунуштарды жазып келүүсүнө тапшырма берет. Жазылган сунуштарды жамаатта ачык талкуулап, ылайыктуусун өнүктүрүү планына киргизет. Мектепти өнүктүрүү планына киргизилген сунуштардын ар бири конкреттүү, өлчөнө турган, натыйжасы бар болушу керек. Иш-чаранын аты, аны аткаруу мөөнөтү, аткаруучунун аты-жөнү конкреттүү жазылат. План мектептин сайтына жайгаштырылып, ар бир мугалимдин портфолиосуна да салынат, мектептин көрүнөө жерине чоң масштабда илинет.

Мектептин миссиясын аныктоо, окутуу моделин тандоо

Мектептин миссиясы да кыска, так, натыйжалуу болушу керек. Мисал катары “Жетиген” мектеп-лицейинин миссиясын келтирели: “Билим берүүнүн инновациялык үлгүсүн, көп тилдүү билим берүү системасын жайылтуу менен мамлекеттин интеллектуалдык потенциялын жогорулатууга катышуу. Эл аралык жана Кыргызстандагы мыкты тажрыйбаларды айкалыштырып, табигый-математикалык багыттагы мектептеги билим берүүнү тереңдетүү”. Бул миссия чоң плакатка чыгарылып ар каанада, окуучуларга көрүнөө жерде илинип турушу шарт. Ал эми окутуунун модели да ушул миссиянын негизинде аныкталат. Биздин мектеп көп тилдүү билим берүүгө негизделип предметтер кыргыз, орус, англис тилдеринде окутулат. Бул моделди тандоодо да жалпы мектептин жамааты, ата-энелер менен биргеликте предметтердин тилин аныктоо ишке ашат.

МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАМатематика, биология предметтери орус тилинде, химия, информатика, технология, дене тарбия предметтери англис тилинде жарым-жартылай жүктөм менен, калган предметтер кыргыз тилинде толук жүктөм менен ишке ашырылат.

Мектептин бүтүрүүчүсүн кыргыз, орус, англис тилдеринде академиялык деңгээлде сүйлөөсүн камсыздоо да негизги максаттардын бири.

Мугалим үзгүлтүксүз изденүү жолунда болууга тийиш

Мектептин билим сапатынын көтөрүлүүсү мугалимдердин билиминен көз каранды болот. Ошондуктан мыкты жамаатты, компетенттүү мугалимдерди жумушка алууда директордон абдан кылдаттык талап кылынат. Заманбап мугалимдердин кесиптик компетенцияларын аныктоо боюнча сунушубузду “Мугалимдин устаттыгы” китебинде чагылдырганбыз. Биздин мектепте бул багыт жакшы жолго коюлган. Анткени, ачылгандан бери иштеп жаткан 45-50 мугалим билимдерин үзгүлтүксүз жогорулатып келатышат. Беш күндүк окуу системасы менен окугандыктан, ар ишемби күнү мугалимдер үчүн билимин жогорулатуу курстары, семинар-тренингдер уюштурулуп келатат. Көп тилдүү билим берүүнүн концепциясын терең өздөштүрүп, тилдерди, предметтерди окутуунун методдору боюнча толук курстан өтүштү. Ар бир жумага мектеп директору катары семинар-тренингдерди, курстарды алдына-ала пландаштыруу керек. Мисалы: окутуунун жаңы технологиялары, окуучулардын билимин баалоонун техникалары, мамлекеттик, предметтик стандарттардын негизинде сабакты пландаштыруу ж.б.

МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА

Мектепти санариптештирүү

Учурда санарип мугалим, билим берүүнү санариптештирүү, электрондук журнал, электрондук күндөлүк мугалимдердин негизги жөндөмдүүлүктөрүн аныктоочу критерий болуп калды.  Бул багытта биздин мектеп да үлгү болорлук деңгээлде деп айтууга болот. Ар бир каана интерактивдүү доска, проектор, ар бир мугалим ноутбук менен камсыз болгон. “Электрондук мектеп” программасынын алкагында кааналарга үн күчөткүчү менен кошо виедокамералар коюлуп, бардыгын башкаруу окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын каанасынан жүргүзүлөт. Мындан сырткары окуучулардын катышуусун каттоо үчүн электрондук чип, сабактагы жетишүүнү белгилөө үчүн “электрондук журнал”, “электрондук күндөлүк” системалары иштеп, баланын сабактагы жетишүүсүнөн атайын тиркеменин жардамы менен ата-энелер да кабардар болуп турушат. Баласынын сабагына катышууну каалаган ата-эне класска кирип мугалимдин, окуучунун тынчын албай эле видеокамераларды башкарган каанада отуруп, сабактарга байкоо жүргүзө алат.

Мугалимдердин видео сабактары мектептин сайтына жайгаштырылып, сайт аркылуу ата-энелер менен байланыш уюштурулуп, “ата-энелер” баракчасына өздөрүнүн сунуштарын калтырышып, суроолоруна жооп ала алышат. Ишемби күндөрү мугалимдердин медиасабаттуулугун арттыруу максатында семинар уюштурулуп, окуучулардан тест, анкета алуучу программалар менен иштөөнү үйрөнүшөт.

Мектептеги сабактардын жадыбалы да атайын программанын жардамы менен түзүлөт. Ар бир окуучунун, мугалимдин, класстын жадыбалы электрондук түрдө коридордогу мониторго жайгаштырылат. Каалаган адам кыймылдуу монитордун жардамы менен жадыбалды көрүүгө болот.

“Коопсуз мектеп”, “Дени сак мектеп”

Атайын долбоор жазып “BIOM” уюмунан 10,000 евро каражат алып, мектепте коопсуздукту камсыздоо багытында бир топ иштер аткарылды. Мектептин айлана-чөйрөсү жашылдандырылып, бак-дарактын түрлөрү тигилди, балдар эс алуучу эки беседка орнотулду, окуучуларды таза суу менен камсыздоо үчүн беш фильтрленген чакан оргумалар орнотулду. Каанадагы абаны тазалоо, дааратканадагы микробдорду жок кылуу үчүн атайын аппараттар, лампалап алынды. Мектептеги жарыктын жетиштүүлүгү камсыздалып, жыйын залындагы жарык берүү жакшыртылды. Окуучулардын жагымдуу психологиялык коопсуздугун шарттаган мектептин залына “Арт доска” коюлду. Окуучулар танапис учурунда бул доскага каалаган сүрөттөрүн тартууга, каалаганын жазууга мүмкүнчүлүк алышты. Мектептин сыртына, коридорлорго коопсуздукту байкоо үчүн видеокамералар коюлду.

“Ата-эне – мектеп — коомчулук” өнөктөштүгү

Учурда мектептер ата-эненин көмөгүсүз өнүгө албайт. Ата-энелер мектепти материалдык жана моралдык жактан колдоого алып турушу керек. Биздин мектепте да ата-энелердин “Сарамжал” камкорчулар кеңеши уюштурулган. Камкорчулар кеңешин ата-энелер башкарып, өздөрү шайлап алган төрагасы, мүчөлөрү иш алып барышат. Ата-энелерден түшкөн каражаттын ачык-айкындуулугун камсыздап, жылына эки жолу ата-энелер конференциясында отчет беришет. Ата-энелер мектептин турмушуна активдүү катышат. Бала тарбиясындагы ата-эненин жоопкерчилигин, милдетин камсыздоо максатында “Энелер мектеби” уюштурулган. 24 сааттык көлөм менен бир тайпада 25-30 каалоочу эне окутулат. Атайын түзүлгөн программанын алкагында энелерге толук курс өтүлөт. Энелер үчүн сабактар да ар ишемби күнү эки сааттан өтүлөт. Курстун аягында тест тапшырып, сертификатка ээ болушат.

МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА

Мектептин каржы булагы

Албетте, мектеп бюджеттик негизде каржыланат. Бюджеттен мугалимдердин, кызматкерлердин эмгек акысына, окуучунун санына жараша мектептин ремонтуна, азыраак көлөмдө айрым чыгымдарга каражат бөлүнөт. Албетте, мектептин өнүктүрүүгө бул каражат жетишсиз. Ар бир мектеп директору мектепти өнүктүрүү планын түзүп жатканда бул жагдайды эске алуусу керек. Мектепке каражат табуу булагы катары ар кандай демөөрчүлөр, келишим менен мектептин атайын эсебине түшкөн акчалар эсептелет. Мисалы, биздин мектепке “Узартылган күн”, “Кошумча билим берүү” кызматтары үчүн ата-эне келишимдин негизинде азыраак акча каражатын төлөшөт. Түшкөн каражат атайын тарификациянын, ай сайын түзүлгөн табелдин негизинде мугалимдерге эмгек акы катары төлөнөт. Алсак, класс жетекчиликке мамлекет тарабынан 400 сомдун айланасында айлык төлөнсө, атайын эсептен 1-4-класстын класс жетекчилери үчүн 7000-8000 сом, 5-11-класстын класс жетекчилери үчүн 5000-6000 сом эмгек акы төлөйбүз. Бирок ушуга жараша милдет, иш мерчемдери жүктөлөт.

Учурда мугалимди мектепте кармоонун эң негизги рычагы эмгек акы болгондуктан, мектеп директору бул багытта изденип иш алып барса болот. Мамлекеттик мектептердин көпчүлүгүндө муну уюштурууга шарт бар. Анткени көп мектептерде түштөн кийин окуган балдардын саны аз. Ошондуктан каалаган ата-эненин балдары үчүн, мектептин уставына, атайын жобого, билим берүү мыйзамына таянып, “кошумча билим берүү кызматын”, “узартылган күн тайпаларын” уюштурса болот. Ал үчүн жамааттык колдоо, чечим зарыл.

 

Даярдаган Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер