МЕКТЕП-ЛИЦЕЙДЕГИ «КҮЗГҮ БАЛЛ — 2023»

  • 24.11.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жатаканасындагы өлкөбүздүн региондорунан келген окуучулар үчүн «Күзгү балл — 2023» конкурсу болуп өттү.

МЕКТЕП-ЛИЦЕЙДЕГИ "КҮЗГҮ БАЛЛ — 2023"

Окуучуларга жагымдуу маанай тартууланып, алар өз таланттарын көрсөтүштү. Конкурста мектептин башкы эсепчиси Айгул Амановна, мектептин соцпедагогу Венера Асылбековна, НТС теле алып баруучусу Белек Бекташевич калыстар тобунда болуп, окуучуларга жылуу сөздөрүн, жагымдуу каалоо- тилектерин айтып, окууга жана жашоого болгон шыктанууларына багыт беришти.
Жеңүүчү окуучуларга белек катары кыргыздын улуттук баш кийимдери тартууланды. Ал эми катышуучу окуучуларга жатакана жетекчиси Нуриза Болотбекова күздөгү жагымдуу эмоцияны, жагымдуу маанай тартуулап эң сонун эмоция- смайлик сүрөттөрү бар жаздыкчаларды белекке тапшырды.
Андан тышкары, Белек Бекташевич агай ар бир конкурска катышкан окуучу жана алып баруучуларга 500 сомдон белек берди.
Кечени жатакана жетекчиси жана психологу Болотбекова Нуриза уюштурду.

Гүлүмкан АСАНКАДЫРОВА, Бишкек шаары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер