МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

  • 10.07.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору жана «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы өткөргөн «Мекеним менин – Кыргызстан» XII Балдардын чыгармачылык фестивалы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык жана Комсомолдун 100 жылдык мааракелерине арналды.  Иш-чаранын алкагында  «Комуз – түбөлүк ыйык өнөр» республикалык мастер-класс менен  «Окуучу күткөн мугалим» I республикалык жайкы мектеби уюштурулду. Республиканын булуң-бурчунан фестивалга 650дөн ашык окуучулар,  мугалимдер келип, тажрыйба топтоп, ден соолуктарын чыңдап кетишти. Эң көп катышуучулар Талас облусунан (59), Оштон (31) жана Жалал-Абаддан (69) болду. Албетте, кайсы фестиваль болбосун “Шаттык”, “Каухар”, “Азия-Нур” жана “Ассоль” элдик бий ансамблдерисиз элестетүү мүмкүн эмес.

 (Башталышы өткөн санда)

«Улут сыймыгы — миң кырдуу комуз күү жолу»

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

Фестивалдын үчүнчү күнү кыргыз элинин мурасы, ыйыгы — комуз өнөрүнө арналды. Бул күндөрү мастер-класска республиканын бардык аймагынан келген 70 ашуун педагогдор, окуучулар комуздун тарыхы, күүнүн жаралышы, комуз ойноодогу ыкмалар, анын касиети тууралуу маалымат алып, жаңыча көз караш менен билим топтошту.

— Быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү — «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы менен бирге комуз боюнча мастер-класс жана мугалимдердин жайкы мектебин уюштурдук. Буга чейин биздин кызматкерлер аймактарга чыгып, комуз боюнча мастер-класстарды өткөрүп келишкен. Быйыл мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, фестивалга чакырып, анын ичинде мастер-классты өткөрүүнү туура таптык. Быйыл тээ алыскы Чоң-Алай, Баткен аймактарынан келишти. Жакында эле Ч.Айтматовдун каза болгон күнүнө карата «Сейтектин»  Ак-Шоола балдар хору менен Таласка барып таазим кылып, куран окуп келгенбиз. Алп жазуучуга арналган иш-чараны Ысык-Көлдөн уланттык. Дагы бир өзгөчөлүк — Комсомолдун 100 жылдыгына карата да даярдык көрдүк. Балдар менен катар мугалимдер комсомолго арнап ырларын ырдап, бийлерин бийлешти, балдар кумдан мунара тургузушту. Көл жээгинде балдардын жарпын жазган Нептун майрамы да өттү. Бир сөз менен айтканда,  быйылкы фестиваль абдан кызыктуу жана жемиштүү өттү.  Келээрки жылы биз мастер-классты хор ийримине арнайлы  деп пландаштырып жатабыз, — дейт Сабийра Челпакова, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору, п.и.к., «КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери».

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

Бул күндөрү мастер-классты К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын доценти Ж.Айсаев, “Сейтек” борборунун “Кыргыз көчү” ансамблинин жетекчиси М.Бердибекова жана “Байчечекей” үлгүлүү фольклордук-этнографиялык ансамблинин жетекчиси Гүлапия Алдабек к., Талас шаарындагы чет тилдер багытындагы лицей-комплекстин манас жана комуз ийриминин мугалими К. Сыдыковдор тандап алган темалары боюнча өтүштү.

«Комузчулуктагы көркөм каражаттар» аттуу мастер-классты Мастура Бердибекова өзү жазган усулдук колдонмонун негизинде өттү. Бул усулдук колдонмо автордук программа катары түзүлүп, жалпы билим берүү орто мектептердеги, музыкалык мектептердеги, өздүк көркөм чыгармачылык борборлордогу комузчу-мугалимдерге, жалпы эле комуз сүйүүчүлөргө арналган. Аталган колдонмодо комуз чертүүдөгү оң жана сол чертимдеринин түрлөрүнөн баштап кол ойнотуп чертүү ыкмаларынын түрдүү багытында, жөнөкөй ыктык (ритмикалык) түзүлүштөгү жана татаал сынган түзүлүштөгү чертимдерди түшүндүргөн комуздук эрежелер менен толук тааныштырылат.

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

—          Жалпысынан комуз ойноодогу 90го жакын ыкма залкар күүлөрдүн (автордук) чыгармалардын мисалында чечмеленип көрсөтүлөт. Буга чейин болгону 14-15 ыкма пайдаланылып окутулуп келген. Буга чейинки жазылган кыргыз комуз күүлөрүнүн ноталык басылмалары орус-батышчыл көз карашта, же болбосо, балалайка-фортепиано аспабынын деңгээлинде, үйрөнүүчүлөргө оңой болуш үчүн өтө жөнөкөйлөштүрүлүп, ошол эле учурда түшүнүксүз, оригиналдарынан алыстап ноталаштырылган. Ошондон улам арабөк деңгээлде аткарылып жүргөн күүлөр ондоп саналат. Ошол кемчиликтерди жоюу максатында күү чертүү өнөрканасында жөнөкөй ыкмалардан тарта татаал ыкмаларды жалпы комуз үйрөнүүчүлөргө тартуулоо зарылчылыгы келип чыкты. Колдонмонун башкы максаты – салтка айланган өнөркана-мектептерди таануу, бабалар салтын окутууда айкалыштыруу, окутуунун ыңгайлуу жана ийкемдүү, академиялык жолдорун табуу. Мына ушуларды иш-чаранын катышуучуларына түшүндүрүп бердим, — дейт  Мастура Бердибекова, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун «Кыргыз көчү» ансамблинин жетекчиси. Ал эми алыскы Талас шаарынан келген өзгөчө мугалим, табиятынан таланттуу Кулмат Сыдыков манасчылык өнөрдү кантип алып жүрүш керек экенине токтолду. Анткени бала таза, ыймандуу жүрбөсө, ага касиет оңой менен орнобойт экен.

—          Эч убакта ушак сүйлөбөй, уруу кылбай, таза жүрүүсү абзел. Баары шайкеш келиш керек.  Манас айтууда биринчи жаттайт, анан акырындык менен өркүндөп кетет. Манас айтууга негизинен таланты бар гана балдар келет. Аны кармоодо аябай сак болуш керек. Анткени башка да күчтөр бар. Мындан сырткары комуз күүлөрү тууралуу да айтып бердим. Мен нота менен эмес, табият тартуулаган өнөр аркылуу күүлөрдү чертем. Нотанын жоктугунун артыкчылыгы бар. Нотасы жок черткен күү адамдын кабыл алуу угуусун күчөтөт, өркүндөтөт. Күү чексиз дүйнө, шар аккан суу, суу кээде катуу, кээде жыбылжып агат ж.б.у.с. Ар бир күүнү черткенде табияттын кооздугу, кенендиги берилет. Адамдын угуусу ойгонгондо ал шамалдын добушу менен чымчыктын сайраганына чейин уга алат. Табият өзү музыкадан турат. Абсолюттуу угуусу бар гана адам аны сезе билет. Ошондо гана бийик күүлөр жаралат. Азыр биз андай күүлөрдү жарата албай жатпайбызбы, — дейт Кулмат Сыдыков, Талас шаарындагы чет тилдер багытындагы лицей-комплекстин манас жана комуз ийриминин мугалими.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун “Байчечекей” үлгүлүү фольклордук-этнографиялык ансамблинин жетекчиси, билим берүүнүн мыктысы Гүлапия Алдабек кызы «Улут сыймыгы — миң кырдуу комуз күү жолу» деген аталыштагы  мастер-классты өттү. Жөнөкөй сөз менен айтканда,  комуз күүлөрү балдардын жан дүйнөсүндө. Ал теманы үч бөлүккө бөлдү.  Комуз күүлөрү, күү баяны жана жеке аткаруучулук деп. Ушул темалардын ичинде бардык маселелер козголду. Мисалы, комуз күүлөрүн айтаардан мурда ал комуздун тарыхына токтолду. Бул эң байыркы аспап экенин, кыргыздын руху болгонун айтты.

—          Комуз — биздин таянычыбыз, маданиятыбыз, сыймыгыбыз, улуттун жүзү. Комуз жансыз жыгач, бирок аны колдун аракети менен гана кандайдыр бир жагымдуу үндөрдү чыгарасың. Колдун музасы болгон үчүн — комуз деп аталып калган. Кытайлыктар аябай таң калат экен. Алардын ханзо деген музыкасы бар. Тарыхый маалыматтарга таянсак, «Энесайлык кыргыздардын сонун аспаптары бар, түрк элдеринин ичинен өнөргө бай, маданияттуу калк — кыргыздар.  Алардын шыңгыроосу, добулбасы бар ж.б.у.с. Ошол аспаптар менен кошо өзгөчө аспабы бар, бүтүндөй коом чертет, эркеги да, аялы да, кызы да, баласы  да, карысы да, жашы да чертет. Ал кооз ооз же коом ооз деп саналат», — деп кытай окумуштуусу жазган экен. Албетте, ал комуз тууралуу жазып жатканы белгилүү. Мен  ички сезимимен оргуштап чыккан  күүлөрдү ойнойм. Балдарды чектебей үйрөтөм, анткени бул жан дүйнө менен байланыштуу. Бир күүнү чертип, үйрөнүп чыккан бала көптү көргөндөй болуп калат. Ал дагы комуз черткиси келип калат. Бул — рух. Бабалардан калган касиет. Анын өзгөчөлүгүн да мастер-класста айттым. Күүлөр кыргыздын жүрөгүнөн чыккан. Комуз айлана-чөйрөнү сүрөттөп коет. Комуз аркылуу — жан дүйнөнү тазартса болот. Эч кандай психологдун деле кереги жок, — дейт Гүлапия Алдабек кызы.

Комуз боюнча сабак алып жаткан айрым катышуучулар мастер-класстын пайдалуулугун баса белгилешти. Маселен, Чоң-Алай районундагы Балдардын чыгармачылык борборунун музыка мугалими Салимбек Жармамбетов, комуз — улуу өнөр экенине  ынанганын жашырган жок.

— Комуз чертүүнүн ар кандай ыкмаларын үйрөндүм. Кээ бир балдар нотага байланбай, ички дүйнөсүнөн оргуштап чыккан күүлөрдү чертишет. Мисалы, сынактарга катышканда нота менен үйрөнгөн окуучулардан көрө, табигый таланты менен катышкан бала жеңишке чыгат. Келечекте ушундай деңгээлдеги фестиваль, конкурстарга балдарды катыштыруу керек экенин көрдүм, — дейт катышуучу. Ал эми  Кара-Суу райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Бактыгүл Туратованын пикиринде, мастер-классты өтө такшалган, устаттар өткөрүштү.

— Жусуп Айсаев берген сабактан аябай шыктандык. Ал кыргызга  таандык бардык аспаптар тууралуу кеңири айтып берди. Өзгөчө жетиген деген жети кылдуу, терип черткен  аспапты билбейт экенбиз. Бул аспап кыргыз элине таандык экенин билдик. Бир эле мугалимдер эмес, менин окуучуларым дагы мастер-класска катышты. Жаш болсо дагы көрүп, сүйүнүп, шыктанып атышат, — дейт Б.Туратова. —  “Сейтек” борборунун «Байчечекей» ансамблинин жетекчиси аябай кызыктуу сабак өттү.  Комуздун чертмелерин, ыкмаларын гана үйрөтпөстөн, комуздун тарыхы — ал байыркы кыргыз элинин түбөлүктүү ыйык өнөрү экенине басым жасады. Өнөрлүү адамдардан калган баалуу мурас экендигин дагы бир жолу айгинеледи. Баатырлардын көбүнчөлөрү комузчу болгон экен. Өнөр элди көтөрөт экен. Гүлапия Алдабек кызы бир жакшы сөздү айтты: «Башчысы бир, баатыры миң эл эч качан артка кетпейт, өнүгөт» деп. Тарыхты абдан жакшы билет экен, бул нерсе бизге кошумча билим болду.

Салтанат Шабданалиева, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты «Ак-Шоола» балдар хор ансамблинин жетекчиси:

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

—          Балдарды алп жазуучунун чыгармалары менен тааныштыруу — биздин парзыбыз. Жазуучунун 90 жылдыгына карата, анын каза болгон күнүндө  куран окутуу вазийпаны Бишкектеги Ата-Бейиттен баштадык. Ошол жерден балдар жазуучунун чыгармаларынан үзүндү аткарышты. Ч.Айтматов каза болгондо аны жоктоо реквиеми жазылган болчу. Ошол ырды акшоолачылар кошогу менен аткардык. Андан ары түз эле Таласка чыгып кеттик. Ачык асман астында концерт койдук. Жаандын себелегенине карабай көрүүчүлөр кетпей, балдардын концертин көрүштү. Өкүнүчтүүсү, жазуучунун туулган жеринде ал унутулуп бараткандай сезилди. 90 жылдыгына карата даярдык жокко эсе экен.

Людмила Чунтонова, «Ассоль» бий ансамблинин жетекчиси:

— Биздин топко 25 жыл толду. “Сейтек” уюштурган фестивалга бешинчи жолу катышып, өзүбүздү көрсөтүп, башкалардан тажрыйба алдык. Биздин окуучубуз Перизат Каныбекова тууралуу айткым келет. Ал борбор калаадагы №9 мектеп-гимназияда жалаң “бешке” окуйт. Ошол эле кезде ансамблде да алдыңкы катардагы тарбиялануучу.

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

Тариэль Батырбаев, ата:

— “Сейтекте” тарбия алып жаткан Тилек Усубалиевдин атасы болом. Балам 11 жашта. Жаштыгына карабай “Сейтек” борборундагы бардык ийримдерге катышат. Бир эле бий эмес шахмат, кытай тили ийримдерине кирген. 2012-жылдан бери чоң ийгиликтерге жетти. Лезгинка, латино, вальс ж.б.у.с. бийлерин бийлейт, комузда ойнойт, кытай тилинде сүйлөйт, шахмат боюнча чемпион. “Сейтектин” жетекчилигине, өзгөчө Сабийра Челпаковага чоң ыраазычылык билдирем.

“Окуучу күткөн мугалим”, “Алга комсомол!”

Жайкы мектеп алгачкы жолу уюштурулуп, ага республиканын жети дубанынан келген 40 жакын мыкты мугалимдер катышты. Алардын арасында “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалимдери”, педагогика илимдеринин кандидаттары, доценттер, улуттук тренерлер дагы болду. Төртүнчү күнү жайкы мектептин тренери Нургүл Шарапова, “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулаймановалар мугалимдер үчүн кызыктуу, пайдалуу, инновациялык сабактарды өттүштү. Баарынан да кубанычтуусу жайкы мектепке чыгармачыл, тажрыйбалуу мугалимдер келгени өтө жагымдуу маанайды түздү. Мугалимдер берилген тапшырмаларды өтө чоӊ чеберчилик менен аткарышып, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана Комсомолдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды жогорку деӊгээлде өткөрүүгө өздөрүнүн салымын кошушту. Бул күнү кечинде  кезегинде Ош облустук комсомол комитетинин секретары, Түркмениядагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым элчиси болуп иштеген Чынара Чокубаева менен ошол кездеги Свердлов райондук комсомол комитетинин 1-секретары, ЖКнын депутаты, Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп эмгектенген Галина Александровна Куликовалар сахнага чыгып, комсомолдун тарыхы тууралуу айтып беришти. Андан соң Комсомолго арналган “Ыр жашоого, курууга жана жеңүүгө шыктандырат” аттуу чоң концерт берилди. Асманга күйгөн шамдар учурулуп, костер жагылып, анын тегереги шаңга бөлөндү. Комсомолдун 100 жылдыгына карата алыскы Россия мамлекетинен Кыргызстанда иштеп кеткен комсомолдор да келишти. Анда сөздү комсомол уюмунун лидерлерине жана жайкы мектептин мугалимдерине узаталы.

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

Чынара Чокубаева, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун ата-энелер комитетинин төрайымы:

— Мен комсомол уюмунда он эки жыл иштегем. Комсомолдун тарыхы зор. Кандай гана иш болбосун согушка, дың жерге, темир жолдорду салууга, курулушка ж.б.у.с. биринчи эле партиянын буйругу менен комсомол жөнөчү. 15 республиканы бириктирип, бири-бирине байлаган уюм — комсомол эле. 100 жылдыкка карата мектеп окуучулары үчүн «Комсомол деген эмне?» деген дилбаянга сынак жарыяладык. Азыркы жаштар деле жакшы, бирок баарын бириктирген уюм жок. Эмгекчил, мекенчил жаштар көбөйүп жатат. Өздөрү демилге көтөрүп, акыр-чикирди чогултуп, экологияны тазалап жаткан жаштар жок эмес. Бирок буларга уюм жетишпейт.

Галина Александровна Куликова, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун Камкордук кеңешинин төрайымы:

—          29-октябрда Комсомолго туптуура 100 жыл толот. Кыргызстанда эле эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөрдө майрамдашат. 1918-жылы жумушчулардын жана дыйкандардын 1-съездинде жаштар уюму (РКСМ) негизделген. Кийин ал Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар уюму болуп калган. 73 жылдын ичинде согуштагы, эмгектеги күжүрмөндүүлүгү үчүн алты жолу ордендер менен сыйланган. 200 миллион кыздар жана балдар комсомолдун катарында болушкан. Комсомол — биздин жаштыгыбыз! Комсомол – биздин сыймыгыбыз!

Айбек Асанбеков, ЭлТР каналынын илим, билим программасынын продюссери:

— Быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү — «Мугалим» илимий-педагогикалык журналдын “Окуучу күткөн мугалим” 1-республикалык жайкы мектептин кошулушу болду. Бул абдан жакшы жөрөлгө. Анткени окуучу мугалимди көрүп, түздөнүп, тарбия алат. Маселен, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мугалимдер жазуучунун ар бир чыгармасынан үзүндү аткарышты. Өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Окуучулар мугалимдерден жакшы тажрыйба алышты.

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

МЕКЕНИМ МЕНИН – КЫРГЫЗСТАН

Нургүл Шарапова, тренер:

—          Окуучу алдыга умтулган, жаңычыл мугалимди күтөт. Ошондой мугалимдер топтолуп келгенине абдан кубандым. Айрым мугалимдер өздөрү кандай болсо, окуучулары дагы ошого умтулаарын белгилешти.  Көбүнчө мугалимдер жаңы стандарт боюнча айтып берүүнү суранышты. Бул боюнча дагы сабак өттүм. Белгилүү этнопедагог Алимбеков айткандай: «Адам табиятынан эмнеге жөндөмдүү болсо, ошону сабакта, иш процессинде, иштөөдө колдоно билсе, ал адамдын артыкчылыктуу сапаттары келип чыгат дагы, эң мыкты сапаттары көрүнөт» дейт.

Зарипа Абдураимова, ОшМУнун п.и.к., доцент, улуттук тренер: 

—          Мугалим күндөй тийсе жаркырап, окуучусу гүл сыяктуу бажырайып ачылат. Мугалимге көп нерсе байланыштуу. Азыркы балдардын психологиясы башкача. Эгер мугалим жакпай калса, ал окубай эле коет. Керек болсо, мектепти да таштап кетип калат. Мугалимдер өзүбүздүн кесибибиздин баркын көтөрө тургандай болушубуз зарыл. Бир кездеги «Саламатсызбы, агай!» деген сөз  айылда укмуш эле. Мени өкүндүргөнү учурда ал азайып баратат. Анткени мектептерде эркек мугалимдер аз.

Калбү Матураимова, Ош облусунун Өзгөн районундагы Таңатаров мектеп-интернатынын физика мугалими, илим иштери боюнча директордун орун басары, «КРнын эмгек сиңирген мугалими»:

— Мен энемин. Алты баланы тарбиялап, өстүрүп,  алардын бардыгын окутуп, билимдүү кылып, бир нече неберенин таенеси, чоң энеси болдум. Эң башкысы мен — мугалиммин, тренермин, балдарга билим, тарбия берем. Мугалимдерге усулдук жагынан жардамымды аянбайм. Мугалимдик кесипте 42 жылдан бери эмгектенип келатам. Биздин мектепте Салижан Шарипов атындагы авиатехникалык борбор түзүлдү. Жаш инженерлерди, ойлоп табуучуларды даярдайм. Балдар алган билимдерин турмушта колдонуп, андан ары анализдеп, синтездеп, баалап,  мамиле түзө билсе дейм. Анткени мамиле деген жүрөктүн тереңинде экен.  Мамиле бузулганда, жүрөк ооруйт. Адамдар бардыгы бири-бирине жылуу мамиле жасаса, заманыбыз оңолот.

Жусуп Назаров, Жалал-Абад колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

— Жаңылануу мезгилинде бир гана заманбап технологияга басым жасабаш керек. Сөзсүз улуттук каада-салтыбызды, нарк-насилибизди кошушубуз зарыл. Ар бир улут өзүнүн тили, тарыхы, наркы менен сакталып келет. Өзүбүздүн маданиятыбызды, каада-салтыбызды артка түртүп, экинчи орунга койгон жаштарыбыз жок эмес. Дүйнөлүк маданиятты үйрөнүү менен катар өзүбүздүн улуттук тилибизди сактап калууда, аны келечек муунга жеткирип, патриоттук сезимди ойготуу — биздин милдетибиз. Ар бир мугалимдин парзы деп ойлойм. Биз Кыргызстан менен эле чектелбестен, дүйнөгө чыгып, биздин баалуулуктарды көрсөтүп, мамлекетибизди таанытып, жакынкы арада күчтүү мамлекеттердин катарына киребиз деген ишеничти айта алам.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”,

Бишкек – Чолпон-Ата — Бишкек

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер