Мекенчилдик – ыйык парз
- 13.10.2025
- 0
“Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмеси Чоң-Алайдагы А.Саит атындагы мектепте патриоттук иш-чара өткөрдү
2025-жылдын 13-октябрында Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында жайгашкан Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинде “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин демилгеси менен жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо боюнча маанилүү иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага аталган бирикменин Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча координатору, полковник Матибраимов Маматсабыр Раимбекович баштаган өкүлдөр катышты. Алар мектеп жамааты жана окуучулар менен жолугушуп, мекенди сүйүүгө, Ата Мекенди коргоого арналган мазмундуу маек куруп, окуучулар арасында чоң мотивация жаратты.
Полковник Матибраимов өз сөзүндө:
“Мекенди сүйүү – бул жөн гана сезим эмес, бул — ар бир жарандын ыйык парзы. Биздин негизги максатыбыз – жаштарды аскердик-патриоттук тарбия аркылуу жоопкерчиликке, туруктуулукка жана эл-жерди коргоого даярдап өстүрүү”, — деп белгиледи.

Эске сала кетсек, ушул эле мектепте 2023-жылдын 23-сентябрында улук лейтенант Борубаев Абдибаит атындагы Аскерге чейинки даярдоо (АЧД) кабинети ачылган. Бул кабинет жаштарды эрте кезден тартып мекенди коргоо ишине даярдоодо маанилүү роль ойнойт.
Аталган АЧД кабинетинин мугалими Омурбек Кудайбергенов мекенчилдик тарбиядагы салымы үчүн “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты расмий түрдө полковник Матибраимов өзү тапшырды.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга зор таасир калтырды. Мектеп жамааты “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесине ыраазычылыгын билдирип, мындай жолугушуулар жаштар үчүн өтө зарыл экенин белгилешти.


Комментарийлер