МЕКЕНЧИЛ САБАК

  • 23.01.2020
  • 0

МЕКЕНЧИЛ САБАК

Борборубуздун «Дордой» жаңы конушундагы №94 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Буайша Назарбекованын сабагына үчүнчү жолу келишим. Эжейдин ар бир сабагы бирине-бири окшошпойт. Бүгүнкү 3 «з» класстагы «Жоомарт – мекенчил акын» аттуу поэзия-сабагы да өзгөчө нукта өттү.

Сабактын жабдылышы да бул күнкү сабактын мазмунуна төп келиптир. Доскада «Жоомарт – мекенчил акын» көргөзмө стенди, акындын сүрөттөрү, чыгармаларынын аталыштары жазылган плакаттар илинген. Эжей сөздү ушундан баштады:

— Балдар, быйыл элибиз таланттуу акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгын белгилейт. Бүгүнкү сабакта биз акындын кыска бирок нуска өмүрүнө, даңктуу чыгармаларына кайрылабыз. Үйгө акындын өмүр жолун окуп келүү берилген. Ким айтат, Жоомарт  Бөкөнбаев качан төрөлгөн? Аяна кол көтөрүп жатат. Айтагой…

— Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында төрөлгөн.

— Азаматсың, Аяна! Олтурагой!

Жаштайында Жоомарт кандай адам болсом деп тилек кылчу?

Амантур: Атам Манас сыяктуу,

Эр болсом деп тилеймин.

Душман кечип өтө алгыс,

Көл болсом деп тилеймин.

Нурислам: Кожожаштай көзгө атар,

Мерген болсом жазбаган.

Баатыр болсом Чубактай,

Басынып жоодон качпаган.

Бекбол: «Элге кызмат кылгын» — деп,

Энем мени төрөдүң,

Чолпонбайдай шер болуп,

Көпкө тийсин керегим.

—  Демек, таланттуу акын силердей жаш кезинде ким болсом дечү экен?- деп балдарга суроо узатты Буайша эжей.

—  Манастай эр болсом дечү экен! – деди Рамазан.

-Кожожаштай көзгө атар мерген болсом дечү! – деди Нурислам.

— Чубактай жоодон качпаган баатыр болсом дечү, -деди Али.

— Балдар, силер акындын туулган жердин кооздугун даңктаган ырларынан билесиңерби?

— Билебиз! Билебиз! – дешти балдар-кыздар бир ооздон.

— Билсеңер, бир-экөөнү айта кетсеңер…

— Эжей, биз Мадина экөөбүз акындын «Кыргыздын Ала-Тоосу»  аттуу ырынан эки куплет жатка айтып берели!

-Айтагой, Бегимай!

Бегимай: Жайы-кышы кетпеген

Мөңгүсү бар Ала-Тоо,

Асман менен тирешкен

Белгиси бар Ала-Тоо.

Мадина: Балдан ширин туп-тунук

Булагы бар Ала-Тоо.

Тукабадай кулпунган

Тулаңы бар Ала-Тоо.

—  Рахмат, кыздар! Силер да Жоомарт атаңардай Ала-Тоону сыймыкка бөлөгөн кыздардан болгула! – деп  ыраазы болду эжейи.

— Эжей! Эжей! Менин айтайын деген сөзүм бар! – деп шашыла кол көтөрдү ортоңку партадан бир бала.

-Ии айтагой, Умарали! Шашылба!

— Жоомарт Бөкөнбаев эмгек тууралуу көп жазган, эжей!

— Туура айтасың, Умарали! Акын жалкоолорду жаман көргөн.

Ошон үчүн «Эмгек», «Жаз койнунда эмгекчи» аттуу ырларды жазган. «Мугалим» деген ырында мугалимдердин эмгегин даңктаган. Ушул ырды кимдер даярдап келди?

— Биз Тариэл, Элзар үчөөбүз даярдап келдик, – деди алдыңкы партадан бир кыз.

— Анда кезек силерде, Диана!

Диана: Алтын билим өнөрдүн

Сүтүн берген мугалим

Аянбастан эмгекке

Күчүн берген мугалим.

Тариэл: Караңгыны билимге

Сүйрөп чыккан мугалим

Калем, кагаз алгын деп

Сүйлөп чыккан мугалим.

Элзар: Жаңы заман балдарын

Машыктырган мугалим

Чын жүрөктү өнөргө

Ашык кылган мугалим.

— Баракелде, балдар! Олтургула! Сонун айттыңар! Мен силерди угуп жатып, мугалим болгонума сыймыктанып кеттим. Бул ыр силерге жактыбы?

— Жакты, эжей!

— Эмнеси менен жакты?

— Мугалим бизге күчүн аябай, билим берет,- деди Аяна.

-Мугалим караңгыны жарык кылат, -деди Азамат.

— Мугалим балдарды машыктырат, — деди Сымбат.

-Туура айтасыңар! Мугалимдин эмгеги — түгөнгүс. Бирок мугалимди анын окуучусунан бөлүп карабайбыз. Жоомарт Бөкөнбаев да балдарды жүрөгүнөн жакшы көргөн. Аруу тилек балдарга арнап бир топ чыгармаларды жараткан. Азыр балдардын аткаруусунда акындын «Жылан менен бака» тамсилинен үзүндү көргүлө!

МЕКЕНЧИЛ САБАК

Ортого автор, жылан менен баканын кейпин кийишкен кыздар чыгышат.

Сауле (автор): Аралап жашыл чөптү келе жатты,

Астыртан бака сууга кире качты.

Арбоого ал баканы амал менен,

Айлакер жылан дагы сөзүн айтты:

Мырзайым (жылан): Бака-бака балчак,

Башың неге жалпак?

Баатыр бака болсоң да,

Башкалардан жалтак.

Самат (бака):        Тынбай казан көтөрүп

Башым жалпак болуптур.

Мафтуна (жылан):  Бутуң неге ийри,

Көзүң неге тосток?

Дос болобуз экөөбүз

Сыр алышып турсак.

Т.Байэл (бака):          Жайдак атка көп минип

Бутум ийри болуптур,

Кароолду көп карап

Көзүм тосток болуптур.

Алия (жылан):    Ийри-буйру бутуңду,

Түз кылайын, оңдоюн.

Жутам десем досумду

Өмүрүмдө оңбоюн…

Балдар-кыздар жапырт кол чабышты. Мугалим “Тамсилдеги жылан силерге жактыбы?” деп балдарга кайрылды.

— Жаккан жок, эжей! – дешти балдар чуулдап.

— Эмнеси жаккан жок?

— Жылан куу, айлакер, амалкөй экен!

— Туура байкапсыңар, балдар! Турмушта жыландай амалкөй, кара ниет адамдар болот. Ошолордон сак болушубуз керек!  — деди Буайша эжей.

Бул ортодо 5-класстын окуучулары Жоомарт Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» поэмасын аткарууга камданышты. Алар – мугалимдин өткөн жылы окуткан окуучулары. Былтыр Жоомарт Бөкөнбаевдин туулган күнүнө карата уюшулган эскерүү кечесинде  поэманы сахналаштырып беришкен.

МЕКЕНЧИЛ САБАК

— Азыр акындын «Чептен эрдин күчү бек» поэмасынан сахналаштыруу көрөсүңөр. Аны 5-класстын окуучулары аткарып беришет, -деп айтты Буайша эжей.

 Сахнада элдер душмандан коргонуш үчүн чеп куруп жатат. Карыянын кеңеши менен бекем болсун деп, сепилге кишини кошо урушмак болушат. «Мен чыгам!» деп элден он үч жашар бала суурулуп чыгат.

Мархилла (автор): Коштошуп өбүшүштү эне, бала,

Кайраты бул экөөнүн ташкан дайра,

Кум толуп алкымына келген кезде

Шып этип жетип келди да карыя.

 Байэл (карыя):       «Көмбөгүн бул баланы, — ачкын деди.

Чеп курбай үй-үйүңө кайткын, -деди,

Көтөрбө чеп, коргондун кереги жок

Кордукка мындай балдар бербейт элди.

— Рахмат, балдар! Мыкты аткардыңар! Эмне үчүн поэма «Чептен эрдин күчү бек» деп аталат? Курманбек кол көтөрүп жатат. Айтагой!

— Анткени чепти талкаласа болот. Баатырлардын күчүн майтара албайсың!

— Туура, баатырлардын күчүн майтара албайсың. Баатыры бар эл – бактылуу! Кыргыз эли да бактылуу. Манастай баатырыбыз болгон.

Эми сабакты жыйынтыктайлы. Балдар, бүгүнкү сабак силерге жактыбы?

— Жакты, эжей!

— Жоомарт Бөкөнбаев кандай акын болуптур!

— Жоомарт атабыз мекенчил акын болуптур. Ал бизди эли-жерибизди сүйүүгө, туулган жерди душмандардан коргоого чакырыптыр,  — деп жооп беришти балдар-кыздар сабак соңунда.

А.Алибеков, «Кут Билим», Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер