«МЭЭРИМ» БАЛДАР БИЛИМ БОРБОРУ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН АРАЛЫКТАН ЧЫГАРДЫ

  • 03.06.2020
  • 0

Бүгүн Ош шаарындагы  «Мээрим» балдар билим борбору педагогикалык кеңешин онлайн  өткөрдү.

"МЭЭРИМ" БАЛДАР БИЛИМ БОРБОРУ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН АРАЛЫКТАН ЧЫГАРДЫ

Алгач жыйында карала турган маселелер менен борбордун директору Эгембаева Айныса тааныштырып, регламентти бекитти.     Күн тартибинде төрт маселе каралып, «Мээрим» балдар билим борборунун  жалпы жыл жыйынтыгы чыгарылды.

  • Мында борбордун окуу-тарбиялык иштериндеги жетишкен ийгиликтери,  жүргүзүлгөн иш-чаралар, олимпиадалык топтордун жетишкендиктери, усулдук иштер, семинар-тренингдер,  кароо-сынактар, учурдагы кырдаалга байланыштуу аралыктан окуу, онлайн сабактар  жана кетирилген кемчиликтер айтылды. Суроо-жооптор, сунуш, пикирлер жана жаңы окуу жылына карата иш-чаралар пландаштырылып,   токтом кабыл алынды, — дейт борбордун усулчусу Капарова Кызжибек.
Бөлүшүү

Комментарийлер