МЕДИЦИНАЛЫК БАГЫТ БОЮНЧА КОШУМЧА 90 БЮДЖЕТТИК ОРУН БӨЛҮНДҮ

  • 21.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги өкмөттүн 2020-жылдын 20-августундагы №429 токтомуна ылайык, медициналык багыт боюнча билим алуучулар үчүн кошумча 90 гранттык бөлдү. Токтом пандемия шартындагы медициналык адистиктерге болгон муктаждыкты эске алуу менен кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбеков волонтердук кыймылдардын лидерлери жана активисттери менен жолугушуусунун кийин, Билим берүү жана илим министрлигине эпидемиолог, инфекционист, вирусолог жана реаниматолог медициналык адистиктери боюнча кошумча гранттык орундарды кароо тапшырмасын берген.

90 гранттык орун:  

  • “Дарылоо иши” адистиги – 70
  • “Медициналык-профилактикалык иш” адистиги – 20

Гранттык орундар бөлүнгөн ЖОЖдор:

  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. “Дарылоо иши” адистиги – 25, “Медициналык-профилактикалык иш” адистиги – 10.
  • Кыргыз-Россия славян университети. “Дарылоо иши” адистиги – 20.
  • Ош мамлекеттик университети. “Дарылоо иши” адистиги – 25, “Медициналык-профилактикалык иш” адистиги – 10.

Кошумча гранттык орундар төмөнкү адистиктерге бөлүндү: эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог, реаниматолог. Бул студенттер бакалаврды аяктаган соң жогорудагы багыт боюна ординатурада окуусун улантышы керек.

Кошумча гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн өтчү кошумча тур 22-августтан 26-августка чейин болот:

22-27-август

саат 14-00гө чейин

Талондорду каттоо
28-29-август

саат 17-00гө чейин

Абитуриенттердин ЖОЖго кабыл алууну каалоосун тастыктоосу

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg сайтында катталышы керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер