МЕДИЦИНА ИЛИМИНДЕГИ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛАР

  • 09.11.2023
  • 0

МЕДИЦИНА ИЛИМИНДЕГИ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛАР

Эл аралык жогорку медициналык мектебинин 20 жылдыгына карата «Медицина илиминдеги жана билим берүүдөгү инновациялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференциянын алкагында «Медициналык жогорку окуу жайларында чет элдик студенттерге тилдерди окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу секция иш алып барды. Секцияга ф.и.д., п.и.к., доцент Гулжигит Сооронкулов жана п.и.д., ф.и.к., профессор Кутман Биялиев төрагалык кылышты.

Медициналык багытта окуп жаткан чет элдик студенттерге тилдерди үйрөтүүнүн методологиясы, методдору жана медицинадагы мамлекеттик тилдин ролу, Манас таануу дисциплинасында эпосторду салыштырып окутуунун методдору жөнүндө окуу жайдын окумуштуу-профессорлорунун кызыктуу баяндамалары угулуп, презентациялар жасалды. Конференциянын алкагында кафедра башчысы Нурия Алымкулова ЭАЖММдин гуманитардык сабактар кафедрасынын түптөлүш тарыхы, басып өткөн жолу, 20 жыл ичиндеги жетишкендиктери жана чет элдик студенттерди окутуудагы көйгөйлөр боюнча кеңири баяндама жасады. Жыйынтыгында ЖОЖдор аралык илимий-практикалык кызматташуу жана тил үйрөтүү боюнча тажрыйба алмашууну ар тараптуу илгерилетүү сунушталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер