Май майрамдарында окуучулар канча күн эс алат?
- 29.04.2024
- 0
Майрам күндөрү окуучулар 5 күн эс алат. Бул тууралуу Билим берүү департаментинин адиси Мээрим Халиалдаева билдирди.
Аптасына беш күн окуган мектептер 1-5-май күндөрү беш күн эс алышат. Бул күндөр аралыгындагы окуу процесси башка күндөргө которулат.
Тагыраагы, 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-майда, 3-майдын ордуна 11-майда окушат (бейшемби күндүн жүгүртмөсү менен). Ал эми 9-май майрам күн болгондуктан дем алыш болот.
Алты күндүк иш тартиби менен окуган мектептер 1, 5 жана 9-майда эс алышат.
Эмгек кодексине ылайык, Кыргызстанда май айында расмий үч майрам бар:
1-май — Эмгек майрамы;
5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
9-май — Жеңиш күнү.
Эскерте кетсек, эгер майрам күнү дем алыш күндөргө туш келсе, кийинки иш күнү дем алыш болуп эсептелет.
Эльвира Какиева
Комментарийлер