МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 12.01.2022
  • 0

2022-жылдын 5-январында Математика боюнча республикалык олимпиаданын финалдык этабы аяктады. Олимпиаданы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-швед математикалык мектеби (KSMS) өткөрдү.

Бул олимпиада өлкөнүн мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларынын бүйүрүн кызытты: каттоодон өткөн окуучулардын жалпы саны 23 миңден ашты.

Биринчи турда иштерди аткаруу үчүн эки саат берилди, бул аралыкта 11 миңдей катышуучу өз иштерин беришти. Былтыркыга салыштырганда быйыл катышуучулардын абдан жигердүүлүгү жана иштердин сапатынын жогору экендиги кубандырды.

Экинчи турга комиссия тарабынан 9, 10 жана 11-класстардын 72 окуучусу катыштырылды.

Олимпиадалык кыймылдын туруктуу фавориттери – адистештирилген мектептер менен катар өлкөнүн аймактарынын мектеп окуучулары, көптөгөн атактуу окуу жайлардын олимпиадачыларын артта калтырып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Иштерди текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Математика боюнча республикалык олимпиаданын комиссиясы тарабынан төмөнкүлөр жеңүүчүлөр жана байге ээлери деп табылды.

МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер