“МАНАСТЫН” БҮТҮРҮҮЧҮЛѲРҮ ТҮРКИЯДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДЫРЫШТЫ
- 24.11.2020
- 0
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүлѳрү кинофестивалдарда байгелүү сыйлыктарды багындырып, окуу жайдын капчыгын жаңы сыйлыктар менен толукташууда. Бул жолу ТРТ (Түркия радио телеберүү мекемеси) тарабынан 6-жолу уюштурулган «Коомуникация тармагынын болочок адистери — 2020» эл аралык кинофестивалында коммуникация факультетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү: Гүлнара Айтмаматова, Аманат Рахманова жана Лунара Жээнбекованын дипломдук иш үчүн тарткан фильмдери байгелүү орундарга татыды.
Даректүү тасма категориясында Гүлнара Айтмаматованын «Тайгак жол» аттуу тасмасы 1-орунду, ал эми Аманат Рахманованын «Аманат конуш» даректүү фильми ушул эле категорияда 2-орунду алса, Лунара Жээнбекованын «Тогуздан кийинкиси эгиз» аттуу фильми 3-орунду ээлеген.
Стамбул шаарында ѳткѳн бул иш-чарага бир нече ѳлкѳдѳн 75 университеттен 731 студент онлайн форматта катышкан жана 625 даректүү тасма ат салышкан. Эмгектер ТРТ телеканалында көрсөтүлдү.
Комментарийлер