“МАНАСТА” СПОРТТУК САЛТТУУ ОЮНДАРДЫН МАЙДАНЫ АЧЫЛДЫ

  • 16.06.2022
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Спорттук салттуу оюндардын майданы ачылып, алгачкы «Спорттук оюндар кубогу» ѳттү.

“МАНАСТА” СПОРТТУК САЛТТУУ ОЮНДАРДЫН МАЙДАНЫ АЧЫЛДЫИш-чара Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдогандын катышуусу менен өттү. Алгач жаңы майданда тогуз коргоол, ордо, кыргыз күрөш, салбуурун, айкур жана эр эңиш боюнча  оюндар өтүп, ачылыш салтанатта жеңүүчүлөрү сыйланды.

“МАНАСТА” СПОРТТУК САЛТТУУ ОЮНДАРДЫН МАЙДАНЫ АЧЫЛДЫБелгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы гана эмес, дүйнѳлүк масштабдагы окуу жайлардын ичинен “Манас” университети биринчилерден болуп Түрк тилдүү элдердин спорттук-салттуу оюндарын уюштуруп, атайын ат майданын ачып жатат. Университет ата-бабалардын унутта калып бара жаткан салттуу оюндарын жандантууга кам кѳрүп келет. Ушундан улам окуу жайда Салттуу оюндар жана спорт изилдѳѳ борбору атайын институтка айландырылган. Негизи максаты  салттуу оюндарды жайылтуу, элдердин түпкү тамыры, теги менен байланышын бекемдѳѳ жана  жаштардын кызыгуусун башка нукка буруу болуп саналат. Бул багытта тогуз коргоол, жаа атуу, кѳк бѳрү оюндарын ѳткѳрүү максатында кампуста биринчи жолу салттуу оюндар аянтчасы түзүлдү. Ошондой эле атайын “Манас” университетинин кѳк бѳрү командасы да түзүлгѳн.

“МАНАСТА” СПОРТТУК САЛТТУУ ОЮНДАРДЫН МАЙДАНЫ АЧЫЛДЫ

  • Маданият – бул бир улуттун кан тамыры. Мен Орто Азияда өмүрүмдүн 25 жылдан көп бөлүгүн жашадым. Түрк маданиятынын элементин ар бир түрк тилдүү улуттан көрүп, күбө болдум. Кыргызстанда бул кызматка дайындалганда эки багытка өзгөчө көңүл бурдум. Биринчиси – саламаттыкты сактоого байланыштуу медициналык факультетти ачуу, экинчиси – салттуу спорт оюндарыбызды кайрадан жандандыруу жаатында иш алып баруу. Быйыл ушул эки милдеттин тең ишке ашырылышын Кудай буюруптур. Салттуу оюндар боюнча ишти аткарууда Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган чоң колдоо көрсөттү. Кудай буюрса, кийинки жылы Кыргызстанда түрк дүйнөсүнүн университеттеринин ортосунда салттуу спорт оюндары боюнча мелдештерди өткөрүүнү пландап жатабыз. Максатыбыз — Кыргызстандын туусун эң чоң бийиктиктерге көтөрүү жана өткөн доордун шаңын келечекке карай алып жүрүү. Мындайча айтканда, Кыргызстанда дүйнөдө биринчи жолу – университеттер арасында салттуу оюндар майрамы өткөрүлөт, — дейт университеттин ректору Алпаслан Жейлан.

“МАНАСТА” СПОРТТУК САЛТТУУ ОЮНДАРДЫН МАЙДАНЫ АЧЫЛДЫБүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы үчүн Бишкек жана Кыргызстан өзгөчө орунга ээ экендигин баса белгилеген Билал Эрдоган, бул конфедерацияны түзүү идеясы алгач Кыргызстанда жаралганын айтып, “Манас” университети салттуу спорт майданын куруу боюнча долбоорду жалпыга билдиргенде абдан кубангандыгын баса белгиледи.

  • Урматтуу Алпаслан Жейлан мырзаны куттуктап, ыраазычылыгымды билдирем. Бул жерде бүткүл түрк дүйнөсүндөгү университеттер ортосунда мелдештер ​​өткөрүлөрүнө жана университеттердин салттуу спорттук тайпалары түзүлөрүнө ишенем. Ушул ишке салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирем. Максатыбыз — салттуу спортту чыңдоо. Бул маселе бардык өлкөлөрдө колго алынышы керек. Ошондой эле салттуу спорттун түрлөрү өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоого да өз салымын кошот. Арийне, Кыргызстан салттуу спорт оюндары боюнча эң күчтүү өлкөлөрдүн бири. Үч жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кыргызстанда өткөрүлгөндүгү муну айгинелеп турат, — дейт Билал Эрдоган.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер