«МАНАС» РУХУ ЖАШТАРДЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКИРДИ
- 17.04.2026
- 0
Ленин районунда “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жана “Жаш манасчы”
кароо-сынагынын шаардык этабы өттү.

Иш-чара Кыргыз Улуттук «Манас» театр тарабынан уюштурулуп, окуучулардын “Манас” эпосуна болгон билимин жана чеберчилигин сынады.
“Манас таануу” таймашында №68 мектептин “Тумар” командасы I-орунду ээледи. 2-орун №102 мектептин “Бакай” командасына, 3-орун №118 мектептин окуучуларына жана №68 мектептин “Аруу” командасына ыйгарылды.
“Жаш манасчы” сынагында №50 мектептин окуучусу Эламан Масалбеков I орунду алды. II орунга Асел Садыбакашова (№80 мектеп), III орунга Эрен Асаналы уулу (№40 мектеп) татыктуу болду. Жеңүүчүлөр республикалык этапка жолдомо алышты.
Иш-чара жаш муундун улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, “Кут Билим”, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти





Комментарийлер