МАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 24.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги   Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Манас районунда тогуз  бала бакча түзүлүп, ишке берилди.  2024-жылдын 23-майында салтанаттуу ачылуу аземи болду.

МАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

МАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

 

Талас облустук усулдук борборунун директору  Салтанат Бейшенованын маалыматы боюнча,  ачылган  бала бакчалар Жайылган, Покровка, Чоң-Капка, Кызыл-Жылдыз, Талас, Кеңеш, Жийде айылдарында жайгашкан. Бала бакчаларда жалпысынан 23 тайпа ачылып, 3-5 жаштагы 575 бала мектепке чейинки билим алууга тартылып, 23 тарбиячы жана 23 тарбиячынын жардамчысы жумуш орду менен камсыз болду.

МАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫМАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Салтанаттуу иш-чарага Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.А.Жээнбеков, акимдин орун басары А.А.Батырбекова, Талас билим берүү усулдук борборунун директору С.У.Бейшенова, Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.К.Маркашов, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн у.м.а. С.Кубатова жана айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, айыл тургундары катышышып, өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты.

— Н.Цыренин атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин алдындагы “Керемет” кыска мөөнөттүү балдар бакчасынын ачылыш аземинде ошол жерден байланышка  онлайн форматта  Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты боюнча бөлүмдүн башчысы Нурзида Касымова  катышып, куттуктап, ой-пикир, сунуштарын айтты.   Мектеп алдындагы кыска мөөнөтүү бала бакчалардын ачылышына өзгөчө салым кошуп, жакындан жардам берген Билим берүү  жана илим министрлигине жана   Дүйнөлүк банктын  долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн  өкүлдөрүнө, уюштуруучу топко Манас райондук мамлекеттик администрациясынын  ыраазычылык каттары тапшырылып, ата-энелер тарабынан ыраазычылыктар айтылды.  “Келечек үчүн билим берүү» долбоору балдарга билим алуу үчүн бала бакчаларга бардык шарттарды түзүп берди. Т.а. тайпалар толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, айнек, терезе, эшиктери алмаштырылып, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карап санитардык-гигиеналык шарттар түзүлдү. Ошондой эле балдар үчүн оюнчуктар, сүрөт тартууга керектүү окуу куралдары,  эмеректер берилип, балдар аянтчасы орнотулду, — дейт С.Бейшенова.

МАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫМАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Мындан тышкары айыл өкмөттөрүнүн жардамы менен оюн аянтчаларынын  сырты курчалып, бала бакчалардын ичине суу киргизилип берилди.

МАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫМАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ТОГУЗ  БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 4-майындагы  “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун кесиптик компетенцияларын жогорулатуу тренингдерин өткөрүүнүн уюштуруу маселелери боюнча” буйругуна ылайык бала бакчанын тарбиячылары 72 сааттык өз билимин жогорулатуу курстарынан өтүп, бүгүнкү күндө тарбиячылар балдарды окутуп, тарбиялоого кадам таштап,  иштерин башташты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер