“МАНАС” ЭПОСУ — ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН УЛУУ МУРАСЫ”

  • 29.02.2024
  • 0

28-февралда К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Улуттук “Манас” театрынын артисттери, белгилүү манасчылар менен “Манас” эпосу — түрк дүйнөсүнүн улуу мурасы” аттуу жолугушуу кечеси өттү.

“МАНАС” ЭПОСУ - ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН УЛУУ МУРАСЫ”

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Даңк” медалынын ээси, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, белгилүү манасчы Назаркул Сейдракманов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, “Манасты” узакка айтуу боюнча дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кирген манасчы Рыспай Исаков, Маданияттын мыкты кызматкери, манасчы Тилек Асанов, Улуттук Манас театрынын директору, акын Азиз Биймырза уулу катышты.

“МАНАС” ЭПОСУ - ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН УЛУУ МУРАСЫ”

Студенттер манасчылардын айтуучулук өнөрү, чыгармачылыгы, “Манас” эпосунун келечеги, аны жаштарга таанытуу жана жайылтуу, бала бакчаларда жана мектептерде окутуу, дүйнөлүк рейтингин жогорулатуу жагдайлары боюнча олуттуу суроолорду, көйгөйлүү маселелерди ортого салды. Манасчылар менен пикир алышуу эркин, жагымдуу маанайда уланып,  манасчылар чыгармачылыгынын башка бир акындык тарабынан да сөз салышып, ырларынан окуп беришти. Ошону менен бирге алар студенттердин салмактуу суроолоруна, эпостун өнүгүшүнө жана жайылышына кайдыгер карабаган мамилелерине ыраазылык билдирип, ЫМУнун жалпы жамааты менен мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуу кеченин соңунда ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Ж.Ш.Токтакунов конокторго ыраазычылык кат жана чакан белектерин тапшырып, алдыда мындай жолугушууларды, иш-чараларды дагы өткөрүү ниетин билдирди.

А, Т, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер