МАНАС ДҮЙНӨСҮ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВДУН РУХАНИЙ БАЙЛАНЫШЫ
- 13.09.2023
- 0
Асан Жакшылыков, Кыргыз Эл жазуучусу.
МАНАС ДҮЙНӨСҮ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВДУН РУХАНИЙ БАЙЛАНЫШЫ
РЕДАКЦИЯДАН: Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, залкар акын, котормочу, коомдук ишмер Асан Жакшылыков мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Акыйкатта Асан Жакшылыковдун “Эстутум”, “Кыргыз жолу”, “Кыргызчылык” аттуу илимий эмгектери кыргыз таанууда опол тоодой эле эмгек болду. Ал аталган эмгектери аркылуу кыргыз элинин улут катары калыптануусун, элибиздин башатын-этногенезин тактады. Элибиздин жол башчылары Түмөн, Сактан, Уузхан, Манасты тарыхый инсан катары карады. Асан агай кыргыз таануу багытын изилдегендердин көч башында турат.
Асан Жакшылыков лирикалык ырлардан эпикалык чыгармаларга, поэтикалык, философиялык ой толгоолордон учкул аңгемелерге, адабий иликтөөлөрдөн манас таанууга, манас таануудан кыргыз таанууга чейинки жолду ийгиликтүү басып өттү. Ал жаңы чыгармачылык изденүүлөр менен жашаган, чыгармачыл адам катары улам жаңы ачылыштарды жасаган, өрдөн өргө умтулган улуу инсан. Агай кыргыз улуттук адабияттын өсүп-өнүгүшүнө, дүйнөлүк бийиктикке чыгышына салымы зор талант. Көптөгөн ырларына обондор жана романстар жазылган. Биз улуттук адабияттын, маданияттын көрүнүктүү өкүлү Асан Жакшылыковдун мамлекеттик сыйлыгы менен чын дилден куттуктап, төмөндөгү макаласын жарыялайбыз.
Аалам+ Адам+Жер деген улуу үчилтик түшүнүк тээ атам заманда эле негизделген. Адам милдети ар бир мерчемделген доордо Аалам талабын кабылдоо менен азыркы мезгилге карата шайкеш өзгөрүлмө жашоого адамзаты акыл-эстүүлүк менен мамиле кылуу жоопкерчилиги турат. Жер-энедеги тирүүлүккө дайыма камкордук жасоо милдети тээ жазмыштан эле шартталган. Эгер бул улуу озуйпасын адамзаты аткара албаса, келген мезгилге руханий туруштук бере албаса, көп жолу акыры барып тукум курут болгон, же табият аркылуу ( топон суу, жылдыз жаан, азыркыча айтканда экологиялык кырсыкка учурап) цивилизациясы тыптыйпыл кыйраган, буга тарыхтагы апокалипсистер айкын күбө.
Жер-эненин өзгөчө уникалдуу бактысы – бул Тирүүлүк! Ушу тирүүлүктүн аялуу морт жанын дайыма сактоо Жердин (аба, суу,от, жер), анын убайын көргөн адам тукуму, тирүүлүктүн жаралышына, өнүгүшүнө себепкер болгон Ааламдын өзү да ( Абсолют, Көк Теңир, Аллах, Кудай) бирге жоопкерчиликтүү; негизи системдүү байланышта, чогуу энергетикалык жактан өзөктөш. Адамзаты ушу Ааламдык табигий милдеттүүлүгүн унутуп, же Жер-энеге мамилесин өзүмчүлдүк жакка өзгөртүп, талап-тоноп, акыры кырсыкка өзү барып чалынып, жер жүзүндөгү жалпы жашоого зыяны тийип калган учур кез-кези менен кайталанып, өз убалына өзү калып, өз трагедиясына өзү себепкер эмеспи. Адамзатынын туруктуу цивилизацияга ээ болушу ушул маселенин чийеленишин чечүүгө байланыштуу болсо да, али карама каршылыктын чеңгелинен кутула алган жок. Азыркы кезде да дүйнөлүк согуштун апааты көз алдыбызда сезибизди алып турат. Буга чейин короновирус апаатынан да өтпөдүкпү. Бул руханий өзөгүбүздү таппай, балким Жаратканга жакпай кыйсыпыр жашап атканыбызды айгинилейт.
Демек, адамзаты өз жанын күндөлүк жашоодо багып жатканы менен Жер бетиндеги бүткүл экосистемага да толук жоопкерчиликтүү. Бул “Манас”эпосунда айтылгандай: “Асман менен жериңдин тирөөчүнөн бүткөндөй, Күнүң менен айыңдын бир өзүнөн бүткөндөй” деген улуу купуялык. Манас өзү да дал ушу күн-айдын кубатын алып жүргөн, Аалам менен Жердин тирөөчү болуу максатындагы Шер, жогорку акыл-эстин өкүлү. Туулганда эле Манас атын кызырлуу дубана коюп, көздөн кайым болгону да, кырк чилтендин ( чилтен- окумуштуу) тарбиясын алганы да адамды ойлонтууга түртүп, материалдык дүйнө менен энергетикалык ( кайып) дүйнөнүн кыргыз дүйнө таанымында эзелтеден байланышы бар экенин далилдейт. Анын үстүнө Манас эпосунда “ беш кайып” деген, өлбөй энергетикалык дүйнөгө өтүп кеткен Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро ысымдары так айтылат эмеспи. Ал эми өлүмдү тирүү туруп жеңген илимге жетүү адамзаты умтулган эртеңки улуу багыттуу максаты.
Аалам+Адам+Жер! Манас эли Аалам менен, улуу табият менен, жандуу жаратылыш менен дайыма кол үзбөй, көчмөн цивилизациясы аркылуу кырсыктан сактанып кылдат жашап келген жер бетиндеги эң байыркы элдерден. Буга зор ааламдын изин салган Зороастрий, Тибеттен ары өтүп барып Буддизмди негиздеген сактын тукуму Шакьямуни (Будда), Индияга Веда окуусун жайылткан арийлер ( аруулангандар), гректерге чейинки европа-азия өнүгүшүнө башат болгон байыркы шумерлер, кельттер, гунндар, алп мүчөлүү усундардын даңазалуу тарыхтарын кимибиз танып кетебиз? Кайра аларды сереп салып изилдөө биздин айкын милдетибиз. Тарыхдын жакшы жагын гана кабылдап алдыга арым таштай алабыз. Ал эми азыр аалам боюнча Суу пери доору келип жаткан учур. Илгерикилер айтмакчы, келечек турмуш агымы асманда негизделип, Жерде ишке ашат деп тыянакталат эмеспи. Азыркы илим тармактары, астрология деле ушуну айтып дайыма божолмол жазап турат эмеспи. “Манаста” болсо кырк чоросуна катар, алтымыштай аянчы кошо жүрүп, Төлгөчү Төлөгү баштап, алтымыш тил билген Ажыбайы, азыркыча айтканда Манастын жарыячысы (пресс-секретары) Үмөт уулу Жайсаң ар бири өз милдетин так аткарган, окуя болоордон мурун “илимий”тактоо жүргүзүлгөн, Көкөтөй, Кошой, Бакай сыяктуу аналитиктер Манаска кортунду чыгарып турган эмеспи. Мунун баары башаламандык эмес,учурундагы билимди, колдогу рессурсту так пайдаланган руханий тартипке баш ийген ырааттуулук. Элибиздин руханий Айкөлдүк системасы акыл-эсин, пейилин, сөз айтуу жоопкерчилигин, жоомарттыгын, меймандостугун ,карым-катнаш (башка элдер менен мамилесин) бүт каада-салттуулукка жобологон эмеспи. Кыргыз ушул ички тартиби жана жашоо философиясы бекем эл болгондуктан байыртан бери жашап келди.
Эми көңүлдү салыштыруу ирээтинде сырт дүйнөгө буралы.Башаты бир болгону менен адамзаттык цивилизация Батыш жана Чыгыш эч качан бирикпейт деп эки ача өнүгүү жолуна түшкөн.Батыш материалдык илимди (Биология, физика, химия ж.б) өздөштүрүү аркылуу материалдык дүйнөнү илимдештирүүдө адамзатка үлгү боло алды. Ошонун аркасы менен заманбап куралданууга жетишип, азыр дүйнө жүзүнө өз үстөмдүгүн орнотту. Илимий-техникалык прогресске жетишип, азыркы этапта туташ санариптештирүү, роботизация этабына киришти. Бул көрүнүш жүрө тирүү адамдын акыл-эсин жеңүү менен эбегейсиз кырсыккка дагы алып келет деген коогалуу көз караштар бар. Аны Ч. Айтматов терс мүнөздүү эмбириондордун төрөлүү жоопкерчилигине карата алгылыктуу образ түзүп, маанилүү тыянак сөз айтат. Бул маселеде бүгүнкү конференцияда академик А. Акматалиев, философ Ж. Сааданбековдор сын көз менен кароо, сак болуу жагын айтса, академик О. Ибраимов замандан артта калбай санариптешүүгө шайкеш киришүү натыйжалуу деди. Адамзаттын тарыхын эске алып мен А. Акматалиев, Ж. Сааданбековдерге кошулуп, “сактанганды сактаармын” деген ишенимге токтоор элем. Анткени, Кудай жараткан тирүү дүйнө менен адам жараткан роботизациянын ажаан кармашы али алдыда. Биз кыргыз дүйнө таанымына ылайык, жандуу жаратылыш тарабында болушубуз зарыл. Батыш менен Чыгыштын бирикпей турган жагы ушу.
Индия, кытай баштаган Чыгыш элдери материалдык дүйнөгө батышка караганда кыйла кайдигер болуп, руханий илимди ( Веда илими, Даоизм, Буддизм, Кришнаитизм) өнүктүрүп, Жараткандын түбөлүктүүлүгүнө баш ийүүгө көбүнчө ык койду. Бул болсо аалам менен сапарлаш жанталашпаган жай өнүгүүнү шарттайт. Бирок, ааламдын бир бөлүгү болгон, өзү жашап жаткан Жердеги тирүү дүйнөнү “иллюзия”, “майя” деп эч нерсеге арзыбаган , биздин Манаста армандуу айтылгандай “бүгүн көргөн эртең жок” дүйнө деген көз карашты бекем калыптандырып, жер турмушун кесир чанып, Жаратканды издеген көз отун ааламга биротоло багыттады. Натыйжада батышта материалисттер байып, бара бара ачкөздүккө өтсө, ал эми чыгыштын идеалисттери жерди чанып койгондуктан дале брахман менен атмандыктын сырынан тайып кеткендей таасир калтырат, ааламдык-жердик эриш-аркактык эске алынбагандай.
Эми кайрадан батыш – чыгыш дүйнө таанымынын дал ортосунда улуу тоолордо (Орто Азияда, Шиберде, Алтайда) жайгашкан көчмөн дүйнөлүү Манастагы илимге кайрылсак, Аалам+Адам+ Жер биримдик нак өзөк болуп жатканын жана ушул формуланы так тутунуп, элибиз өмүр сүрүп келатканын көрөбүз. Бул адам жана табият биримдигинен дааналанат. Мисалы Манас дүйнөсүндөгү жоокерлер жөө жалаң эмес. Манас бул дүйнөгө кандай жөнөтүлсө, анын энчилүү тулпары Аккула да баатырга жандаш, тагдырлаш. Алманбет жана Сарала,Көкөтөй жана Мааникер, Ажыбай жана Карткүрөң, Эр Төштүк жана Чалкуйрук айтор ар бир баатыр өз миссиясына жараша ага көмөктөшө турган тулпарларга эгедер. Андан башка да Манасты Алп кара куш, Ак шумкар, Ажыдаар, Кабылан, Желмаян, Кумайык сыяктуу табияттын өкүлдөрү коштоп колдойт, жардамын тийгизет, Манастын жеңишине өбөлгө болушат. Мунун баары кыргыз элинин табият менен баталаштыгы, биргелиги. Ошондуктан элибиз мүнүшкөрлүк, саяпкерлик, жайчылык, дабагерлик, төлгөчүлүк сыяктуу сырларды билип, күнү бүгүнкүгө чейин байыркылыкты сактап, укумдан тукумга берип келатпайбы! Манас да, комузчулук, ал турсун эпостогу төкөр уста Бөлөкбайдын өнөрүн уланткан устачылык да ушундай. Буларга маани берип, кунт коюшубуз керек. Мисал катары айтсак Каныкей энебиз өзү шаарда чоңойгон, бирок көчмөн табият жандуу элдин келечекте келини боло тургандыктан, табияттын кичинекей өкүлү – күчүктү Манас өзү болочок жубайына багып турууга тапшырып жатпайбы, бирок күчүктүн куйругун күйгүзүп алган Каныкей Манастын каарына калып, кабыргасы сынбадыбы… Евроцентризмдин, же чыгыш цивилизациясынын көз карашындагылар, эми ушу күчүк үчүн болочок колуктусуна кордук көрсөткөн Манасты тарбиясыз катары караар. Биздин кыргызчылыкта (табият жандуу көчмөндөр) үчүн — табият, жаратылыш дайыма улуу, анын кичине чоңуна карабастан ыйык мамиле кылуу, жандуу жаратылыштын укугунун теңдиги ошо байыркы Аалам+Адам+Жер бирлигинен башат алат жана бекем мыйзамдалат. Күчүккө,же башка жан жаныбарга кылган запкы, ал Жер-энени да, Аалам Эгеси Жаратканды да сыйлабагандык. Тирүүлүк, жандуу жаратылыш ыйыктын ыйыгы! Анткени Жараткандын барлык-бирлигин, Аалам Эгесинин бар экендигин өз жаны аркылуу, жандуу Жаратылыш аркылуу таанып урмат-сыйын, ыраазылыгын такай билгизет.
Ошондуктан, биздин дүйнө таанымда, түбөлүктүү дил мыйзамыбызда адам менен жандуу жараталыш бирдиктүү. Манастагы элибиздин акыл-эси ушу улуу сыйды бизге дайыма мурастайт. Акты тутунуп, ак мөңгүлүү Ала-Тообузда жашап, ак калпак кийип, ак ичип, актыкты тутунуп калганыбыз ошондондур. “Манаста” жана башка элдик эпосторубузда жаратылыштын сулуулугун сактоо, кыянаттык кылбоо, бирге өмүр сүрүү биздин кыргызчылыгыбыздын негизи. Эгер жандуу жаралышка зыян кылса Кожожаш тагдыры күтүп турат. Андай адамды Сурэчки жазалайт. Анчалык касиетке ээ Сурэчки эмне? Сурэчки кайыптан жиберилген кайберендердин ээси, же Пири. Ал биздин Адамата менен менен жашоого Теңир алдында тең укуктуу.
Биздин Манастан мурунку мифологияда, болмушубузда биринчи Адам ата жаралганда кошо Жердин Пири Жер эне, Суунун Пири Сулайман, оттун Пири Очок эне, Абанын Пири Обо эне жылкынын Пири Камбар ата, куштун пири Буудайык, иттин Пири Кумайык, майда курт-кумусканын Пири Кумпабаян деп ар бир жан-жаныбардын ээси, колдоочусу бар . Алар өз-ара зыян кылбаган ыкыбалын Жараткандын алдында “договорлошкондой”. Ошондуктан, адам тукуму Кожожашты Сурэчки “запросто” жазалай алат. Анткени, Кожожаш экологияга зыян кылып Теңирдин теңчилик мыйзамын тукумкуруттукка барып бузуп жатат. Кайсы сот болбосун Сурэчки тарабында болуп зөөкүрлүккө жол берилбейт. Кожожаш жазаланып зоокада калды. Пирлер Жараткандын өз колу менен жаралган ошол жандуунун башат үлгүсү, алар тең укуктуу, өз тукумун сактоого милдеттүү! Алардын даражасы Адам атадай эле. Баары биригип жашоону, тирүүлүктү сактайт. Мына ушул дүйнөтааным Манас дүйнөсүнүн негизин түзөт. Бул жагынан алганда Манас менен Аккула жандуу жаратылыштын бир максаттагы кызматкерлери.
Башка элдердин улуу китептеринде жалпы космологиялык жандуу биримдик кандай болду бекен? Куран менен Библияда “грехопадениядан” кайра кутулуу түйшүгү бар, ошону менен өз түйшүгүнөн чыга албай жаткан адамзаты дайыма алек. Биздин дүйнө таанымда адам менен катар жалпы Жаратылыш тең укуктуу, жаратылышка болгон варваризм жок.
Адамзаттын көптөгөн улуу жазуучулары да адамдын ар түркүн психологиясын, образын жазган, адамдын ар мезгилдеги өзгөрүшүн, эволюциясын жакшы эле чагылдырган. Сервантес, Толстой, Шекиспр, Достоевскийди атасак эле көз алдыбызга көптөгөн дөө-шаалар тартылат.
Эми сөздү Ч. Айтматовго бурсак, залкар жазуучубуз дагы адамга мүнөздүү алгылыктуу көптөгөн көркөм образдарды жаратты. Ошого жараша өз баасын алып, дүйнөгө даңазаланды. Бирок Ч. Айтматов жалаң адамдын образдары менен гана далайды көргөн, нечен чыгармаларды окуган дүйнөнү таң калдыра алат беле? Дүйнөлүк окурманга эмне жетпей турду эле? Ошол “витаминди” Ч. Айтматов ушу замандагы кыргыздын уулу, Манас дүйнө таанымынын мураскору эпостон таап дүйнөгө тартуулаган жокпу? Ошол табият жандуу зарылчылыкты тапкандыктан Айтматов дүйнөлүк Айтматов болгон жокпу? Ошол феномен жаратылыштан барган сайын бөлүнгөн, батыш менен чыгыштагы адамдардын жандуу жаратылыш менен ого бетер азыркы кезде алыстаган табигий кусалыкты, тирүүлүктүн биргелигин эңсөө зарылчылыгы болбосун?
Чыңгыз Айтматов Манастагы Айкөлдүк эстетикасын тээ бала кезден оозанган. Жандуу жаратылыш менен камыр-жумур. Ал “ “Саманчынын жолунда” Жер-Эне касиетине тирүү адамдай кайрылат, “Деңиз бойлогон Көк дөбөтүндө” суу дүйнөсүнө жанды берүү ыраатын таржымалдайт. От дүйнөсү болсо эл турмушу менен бирге. “Ак кемесинде” Бугу энеси аркылуу өспүрүмдүн жашоого ишенимин арттырат. “Гүлсарысында” Танабай менен кошо Камбар ата тукуму Гүлсары өмүрү бирге баяндалат. Ташчайнар менен Акбара бөрүлөр, төө Каранар, турналар, Жаабарс, кызыл алма ж.б. жаратылыш өкүлдөрү “Манастагыдай” эле адам жашоосу менен эриш-аркак. Ч. Айтматов “Манастагы” эзелкини кылдат эмикеге алып кирген, кынаптаган, байыркы маңкуртчулук азыркы учурдун шилисинде отурганын акыл-эсибизге дааналаган. Жаратылыштан чоочун болуп алыстоо трагедиясы адам шорунун көз жашына айланыптыр.
Эми кайрадан каада- салт жагынан, дүйнөтааным жагынан караганыбызда да Ч. Айтматовдун жалпы чыгармачылыгы эзелтен калыптанган жандуу жаратылышка бирге жүрүп кыргызчылыкка өтө тамырлашканы айкындалат. Бул өзөктүү маселеге терең мамиледе сөз кылууга негиз бар. Бул Ч. Айтматовдун жазуучулук ийгилигинин анык өзөгү деп кортундулайт элем. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынан жандуу жаратылыштын өкүлдөрүн алып салсаң, баягы эле батыш-чыгыштын адам тагдырынын жылаңач психологизми, өмүр сүрүүнүн көз жашы калат, ал башка жазуучулар тарабынан далай жазылып, Фрейд сыяктуу окумуштуулар ар тараптан изилдеген эмеспи.
Манастагы кыргыз элинин Айкөлдүк дүйнө таанымы дүйнөлүк окуулардын дал ортону табуу (Буддизмде “Средний путь”, Даосизмде “Прийти к покою”, Исламдагы Аль-Каба көрүнүштөрү менен айкалышат. Муну Тоголок Молдо “ Илек-илек торпогум орто жолдон чыкпай жүр” деп өтө образдуу айтып салган. Орто жолго түшүш үчүн өтө материализмге да берилип кетпей, же өтө дүйнөнү чанып салбай, кыргызчылыктагы адам менен жаратылыштын биримдикте өмүр сүрүү чындыгына шартталат. Ал үчүн Айкөлдүк кодекстти даана түшүнүп, кыргыздын элди сактоо нарктуулугун, каада-салт системасын, кылымдар боюу негизделген маданиятыбыздын тармакташуусун, мына ушулар аркылуу ар кандай мезгилге жем болбой турган улуттук менталитетибизди ( кыргызчылыгыбызды) бекем тутунуу милдети ар бир муундагы жоопкерчилик. Анткени, биз айкөл Манастын мураскорубуз жана элди руханий жактан бекем сактоо системасы биздин бактыбызга тээ байыркы бабалар тарабынан небак түзүлгөн.
Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар ошо касиетти бекемдеп кийинки муундарга мурастаган. Анда сөз соңун ак жалгап Баталасак: Урааным Манас! Улуу элим кыргыз! Уулдарыбыз улуулукту утсун, кыздарыбыз аруулукту тутсун деп бул жолку сөздүбүздү жыйынтыктап туралы.
Комментарийлер