МАМЫРКУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛ

  • 24.06.2025
  • 0

Жакында эле агартуу тармагынын кызматкерлери, окурмандар үчүн  кулак сүйүнткөн жаңылык болуп, Кыргыз ССРине эмгек сиңирген мугалим, СССРдин жана Кыргызстандын эл агартуусунун отличниги, “Эмгек Кызыл туу” орденинин ээси Мамыркул  Жаналиевдин өмүр жолу, ишмердиги тууралуу “Ордо компании” басмасы тарабынан “Мамыркул агай” аттуу китеп жарык көрдү.МАМЫРКУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛ

Китепти агайдын улуу кызы Токтобүбү Жаналиева басууга даярдап чыгарды.  Китепте  өлкөбүздүн билим берүү тармагына тоодой эмгек сиңирип, Нарын, Ак-Талаа, Чаткал райондорундагы бир нече мектептерде  44 жыл  биология, химия, география сабактарын берүү менен  миңдеген окуучуларга таалим-тарбия берген Мамыркул агайдын ишмердиги тууралуу баяндалат. Жаратман Мамыркул агай Бүткүл союздук география коомунун жана Кыргызстандын география коомунун мүчөсү катары учурунда Бүткүл союздук география коомунун съезддерине катышып, докладдарды жасап,  лекцияларды  окуп, методикалык китептерди да чыгарган. География  илими  жаратылышты, экономиканы, айыл-чарбаны жана саясий  жагын да камтыган  кеңири тармак экенин айтып, дүйнөлүк масштабда климаттын өзгөрүшүн, экологиялык проблемаларды чечүүнүн, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун зарылдыгын элүү жыл мурда  көрөгөчтүк кылып айтып койгон экен.  Өзү иштеген мектептердин жанына географиялык аянтча куруп, аны метеорологиялык приборлор, жабдуулар менен камсыздап, көрсөтмөлүү сабак өтүп турганы китепте даректүү материалдар менен кеңири баяндалган.  Ошондой эле сабак берүү методикалары, тажрыйбалары да кеңири жазылган.

МАМЫРКУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛАл акын катары да ырларды жазып, сатиралык чыгармалары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көргөн. Мамыркул агайдын калемине таандык тандалган ырлары да китептен орун алган.

Боегу курбай элек китепти барактап отуруп, Мамыркул  Жаналиев  агайды   кесиптештеринин эскерүү учурундагы  кээ бир өзгөчө пикирлерди учкай айта кетүүнү эп көрдүм.

Эл  агартуунун мыктысы, Бишкек  шаарындагы №4 лицейинин  тарых  мугалими Токторбай Бектургановдун  эскерүүсүнөн:

-Бизге  геграфия  сабагынан  билим  берип, колунан  указкасы түшпөй, сабакты  өтө  кылдат түшүндүрүү менен  мээге  куюп коер  эле.  Адам катары  да , мугалим  катары  да  окуучуларга  этият, аяр  мамилеси  менен  өзгөчөлөнүп, жүрүм-  туруму менен  балдарга  үлгү, өрнөк болчу. Кийин мен “Эмгекчилде” колхоздун  башкармасы  болуп  иштеп  калдым, бул 1963-1978- жылдар эле, бир күнү контордо жалгыз  отурсам, Мамыркул  агай  келиптир. “Токо,сен  колхозду  жакшы  алып  бара жатасың,  бирок  чарбанын  жумушуна  мектептин окуучулары тартылып, билимден  алыстап  бараткандай, ушуну  айтайын  деп атайы  келдим эле, башка  жумушум  деле  жок”- деп  кетүүгө  камынды.”Ырас  айтасыз  агай,  колхоздун  жумушчу  күчү жетишпегендиктен  аргасыз  ошого  барып  жатпайбызбы… болуптур, эске  алайын”-дедим.  “Анына  деле  түшүнүп турам. Бирок, жаштар  билим  менен маданияттан  артта  калса,  орду  толгус жоготуу болот, ал  эми  ачкан  курсак  тоет,  жыртык  бүтөлөт”  деп чыгып  кетти.  Философиялык мааниде айтылган  агайдын  сөзүн  дайыма  эсиме  тутуп, окуучуларды  чарбалык  жумушка азыраак  жумшап  калдым.  Ал  тургай  агайдын  сөзүнөн  кийин онунчу  классты  бүткөн  айрым  жакшы  окуган  балдарга колхоздон стипендия төлөп, жогорку,  орто  окуу  жайларга  жөнөтүп  да  турганыма агай абдан кубанган.

— Ар  бир  теманы  өткөндө ошол  дүйнөдө  болуп,  ал  мамлекетте  жүргөнсүп,  ошол  элдин  тилине, дилине, динине,  маданиятына  кызыгып,  территориясы,  эли,  шаарлары  жөнүндө  терең  билип,  ошол  элдин дүйнөсүн  кенен  тааныр  элек.  Агайымдын  сабагы  өтө  кызыктуу  болушу,  өз предметин  терең  билгендиги,  сабак  өтүүдөгү  методу,  окуучуларга  жасаган  жекесе  мамилеси, туура  талап  коюусу,  билимин  туура  баалоосу  таасир  этсе  керек.  Ар  бир  окуучунун  алына  жараша  суроо  берип,  ошого  жараша  кошумча  тапшырма берип,  жооп  алып  туруусу,  окуучуларды  өзүнө  тартып,  мугалим  менен  окуучулардын  байланышын  бекемдеп,  сабакка  болгон  кызыгуусун арттырчу   экен. Ошондуктан   агайдын  сабагын  сүйүп,  берилип  окучубуз. Өзгөчө  карта  менен  иштөө,  контр  картаны  пайдалануу,   карта  менен  дүйнөгө  саякат  жасап,  ошол  мамлекеттерге  барып  келгендей  элес  калтырчу.  Агайымдын  талыкпас  эмгеги ,  күн  сайын  билимин  жогорулатуусу,  география  кабинетинин  жасалгаланышы,  көрсөтмө куралдарынын  көптүгү,   дагы  анын   ишенимдүүлүгүн  арттырып  туруучу  экен.  Мен 1968-жылы агайыма кесиптеш болуп  мектепке  мугалим  болуп  иштеп, кеп-кеңештерин угуп жүрдүм,-деп эскерет  кесиптеши, ардагер мугалим  Касира Расулова.

МАМЫРКУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛМен мугалимдик өмүр жолумда турмуштагы көп кыйынчылыктарды жеңип, изденүү менен иштеп  ийгиликтерге жетиштим. Иш тажырыйбаларымды  “Эл агартуу” журналына, “Мугалимдер газетасына”  байма бай жазып чыгарып турдум. 1979-жылы облустук билим берүү башкармалыгы “Нарын облустук окуу  методикасы” деп тажрыйбаларымды чагылдырган китепче чыгарган. 1980-жылы 22-сентябрда  Бүткүл союздук   география коомунун 7-съезддинде менин ой пикирлеримди   Москвалык жаңылыктарда телевизордон көрсөткөн. “Өз крайын окутуу” деген темада симпозиумда лекция окуп, китепке киргизилген. Ошондой эле газет-журналдарга сатиралык чыгармаларым, ырларым чыгып турду,-деп Мамыркул Жаналиев кыскача өмүр жолун өз колу менен жазып калтырганын баяндары китептин өзөгүн түзгөн.

Анын  мугалимдик  эмгеги, тажрыйбасы, методикасы китепте кеңири чагылдырылып, мындай бөлүмдөргө бөлүнүп баяндалган. Алар: Сабакты окутуудагы проблемалык жана методикалык чыгармачылык иштер; Ар кандай көрсөтмө куралдарды даярдоонун жолдору; География кабинетин түзүү; Макеттерди даярдоо; Сабактардын темасы; Контр доска жана карталардын үлгүлөрүн пайдалануунун мааниси; Минералдык коллекциялардын ролу; Чийме, диаграмма, схема, стенддерди түзүү; Географиялык сүрөттөр, альбом, открыткалардын ролу;  Көргөзмөлүктүүлүктү колдонуунун айрым ыкмалары жана башка бир нече бөлүмдөрдө  балдарды  окутуу, тарбиялоодогу  ыкмалар кеңири баяндалган.

МАМЫРКУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛКитепте география  илими  жаратылышты, экономика,айыл-чарба жана саясий  жагын да камтыганы, ар бир мамлекет өз географиясын    терең окуп үйрөнүп, жаратылышына тынымсыз байкоолорду жүргүзүп туруунун зарылдыгы,  учурда дүйнөлүк масштабда климаттын өзгөрүшүн басаңдатуу, анын таасиринде пайда болгон экологиялык проблемаларды чечүү, табигый ресурстарды анализдөө жана аларды сарамжалдуу пайдалануу сыяактуу маселелер тууралуу омоктуу ойлору да айтылган.

-Климаттын өзгөрүшү  мөңгүлөрдүн тез эришине алып келип, суу ресурстарынын тартыштыгын пайда кылып бара жатат. Ата-мекендик географтар айлана-чөйрөгө, анын ичинде өзгөчө  мөңгү,суу ресурстарынын динамикасына тынымсыз байкоо жүргүзүп,климаттын тийгизип жаткан таасирлерин аныкташы жана алдын ала байкоо бериши учурдун  талабы. Себеби, экономика жана айыл-чарбабыз түздөн түз суу ресурстарынан көз  каранды. Мындан сырткары чөлгө айлануу процессинин күч алышынын, ири шаарларда өнөр-жай жана транспорт таштандыларынын натыйжасында абанын   курамында чаңдын,уулу заттардын көбөйүшү адамдардын дем алуу органдарынын начарлашына, ден соолугуна зыян алып келип жатат. Булар учурдун оркоюп көрүнүп турган маселелери. Азырынча көзгө көрүнбөгөн,бирок өзгөрүүгө учурап жаткан,келечекте ири көйгөйлөргө алып келүүчү  жаратылыштын кесепеттери абдан көп. Айлана-чөйрөгө,табиятыбызга  аяр  мамиле кылуу учурда  абдан зарыл. Аяр  мамиле кылуу ар бир адамдын колунан келбейт, ал үчүн жалпы коомдун бул багытта аң сезими жогору болушу абзел. Өзгөчө дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү жаш муунду жаратылышка үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүгө, жаратылышка  аяр мамиле жасоого мектеп жашынан баштап тарбиялап келсе, азыркы учурда бала-бакчадан баштоо программалары ишке ашып жатат,-деп учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү да Мамыркул агай айтып койгон экен.

МАМЫРКУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛ-Бул адамдын ишмердиги 21-кылымдын өнүккөн техникалык дооруна туш келбесе да, алдыңкы иштери, тажрыйбасы менен азыркы учурдун үлгүсүн жаратып кетиптир.  Мамыркул Жаналиев агайыбыз Европанын мектептери учурда жасап жаткан иш-чараларга тете иштерди совет доорунда эле жасап койгон экен. Эмгекчил айылындагы мектептин жанына географиялык аянтча куруп, аны метеорологиялык приборлор, жабдуулар менен камсыздап, көрсөтмөлүү сабак өтүп келген.Окуучулары практика жүзүндө иш алып барышып, айлана-чөйрөнү жакындан сезип, түшүнө алышкан. Агайдын  байкоолору окуу деңгээлин  гана  жогорулатпастан, байкоолордон алынган маалыматтарынын негизинде өз аймагынын ар тараптуу багыттарына, анын ичинде айыл-чарбасына да жардам бере алган. Себеби айыл-чарба иштери түздөн-түз аба-ырайынан, анын божомолунан көз каранды. Өзүнүн терең теориялык билимине жана практикалык тажрыйбасына таянып  өлкөбүздүн географтарына методикалык жана башка ар тараптуу жардам, кеп-кеңештерин берип келген. Методикалык  иштелмелерин республикалык  мугалимдердин “Эл  агартуу” журналына жарыялап турган. География  илиминде  Мамыркул агай сыяктуу абдан терең  билимге ээ болгон,-дейт Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин  физикалык география кафедрасынын доценти, география  илиминин доктору Мураталы Дүйшөнакунов.

МАМЫРКУЛ АГАЙ БАСКАН ЖОЛКыргыз ССРине эмгек сиңирген мугалим, СССРдин жана Кыргызстандын  эл агартуусунун мыктысы, “Эмгек Кызыл туу” орденинин ээси  Мамыркул  Жаналиев 1926-жылы күзүндө Нарын районунун “Эмгекчил” айылында туулган. Нарын шаарындагы мугалимдерди даярдоочу беш айлык курстан окуган. 1942-жылы Ак-Талаа районунун  “Жерге-Тал” жети жылдык мектебинде биологиядан сабак берип, эмгек жолун баштаган. Советтик Армиянын катарында кызмат  өтөгөн. 1946-жылы “Эмгекчил” жети жылдык мектебинде иштеп, Нарында педагогикалык окуу жайын сырттан  окуп бүтүргөн. Тянь-Шань (учурдагы Нарын) районундагы “Жерге-Тал” жети жылдык (азыркы Таабалдиев атындагы орто мектеп) мектепте иштеп, Чаткал районунун  ”Каганович”  атындагы жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Чаткал районунун ”Айгыр-Жал” орто мектебинде, Нарын районунундагы “Чет-Нура” жети жылдык мектебинде  биология-химия  мугалими, кийин “Эмгекчил” орто мектебинде биология, географиядан мугалим болуп, үзүрлүү иштеп, жүздөгөн окуучуларга таалим-тарбия берген. Иштеп жүрүп 1960-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин география факультеттин сырттан окуп бүтүргөн. Мамыркул агай  2003-жылы 77 жаш курагында каза болгон. Өзү жашаган Эмгекчил айылында көчөгө ысымы ыйгарылып, мектептеги өзү уюштурган музейге аты берилген.

Өмүрү жаштарга өрнөк, үлгү болгон белгилүү новатор, жаңычыл, жаратман педагог Мамыркул Жаналиевдин өмүр жолу, ишмердиги тууралуу даректүү китеп  агартуу тармагынын адистерине, жаш мугалимдерге, билимге умтулган жаштарга арналды.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим” 

Бөлүшүү

Комментарийлер