“МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ” АТТУУ МАКАЛАЛАР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛДЫ
- 30.10.2020
- 0
23-сентябрь – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында 2020-жылдын 14-сентябрында бекитилген Жобого ылайык “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы сынак жарыяланган.
Сынактын максаты: мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү мамлекеттик тилдин ролун, маанисин ачып берүү, коомчулукка жеткирүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлөрүн, аны чечүүнүн жолдорун аныктоо, жарандардын атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү, мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу, кыргыз тилин өнүктүрүүгө зор салым кошкон инсандарды даңазалоо.
Сынакка 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап 2020-жылдын 15-октябрына чейин жалпы 32 макала келип түштү, ага бардык региондордон мектеп окуучулары, студенттер, орто жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары (анын ичинде математик, информатик, географ, тарыхчылар), журналисттер, аспиранттар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жигердүү катышты.
Келип түшкөн макалалардын арасынан сынактын жобосуна ылайык келген 21 макала тандалып, купуя түрдө ар бир макалага номер коюлуп калыстар тобуна тапшырылды жана актуалдуулугу, жаңычылдыгы, сабаты, оригиналдуулугу, талдоо чеберчилиги критерийлеринин негизинде жеңүүчүлөр 5 баллдык система менен аныкталды.
Сынакка жеке ишкер Сайдылканов Жоодар демөөрчүлүк жардам көрсөттү.
№ | Аты-жөнү | Макаланын аталышы | Ээлеген орду (балл менен) |
1 | Касымбекова Нурида Жумагуловна И.К.Ахунбаев атын. КММА, улук окутуучу | Массалык маалымат каражаттарынын сабаттуулугу
| Баш байге (60) |
2 | Улан Дүйшеналы Улуттук жазуучулар бирлигинин мүчөсү
| Мамлекеттүлүк жана мамлекеттик тил
| I орун (59) |
3 | Асанова Дамира Сарыбашовна № 65 Экология-экономикалык лицейинин мамтил боюнча директорунун орун басары | Тил – мамлекеттүүлүктүн негизги белгиси
| II орун (54) |
4 | Эшенакунова Нурайым МАУПФИБ студент
| Тил тагдыры – Эл тагдыры
| III орун (52) |
5 | Турганбаев Токомбай Ардагер мугалим, Жалал-Абад областы | Мамлекеттик тилдин арманы арылар күн келер бекен? | III орун (52) |
Жигердүү катышкандыгы үчүн | |||
6 | Чекеева Бегайым Саматовна Б.Бейшеналиева атн. КММИУ ага окутуучусу | Тил тагдыры – эл тагдыры
| 50 |
7 | Рыскулов Бийик Бишкек ш. Ленин району № 55 жалпы орто билим берүү мектеби, география мугалими | Бишкек баатырга кат
| 50 |
8 | Келдибекова Жибек УИАнын Ч.Айтматов атын.Тил жана адабият инст-нун илимий кызматкери | “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил”
| 49 |
9 | Асанакунова Назгүл И.Арабаев атындыгы КМУнун аспиранты
| Иш кагаздарындагы терминдер маселеси
| 48 |
10 | Ибраева Лидия Талантбековна – №29 Окуу-тарбия мектеп-гимназиясынын 9 классынын окуучусу | Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил | 43,5 |
Комментарийлер