УШУЛ КЕЗГЕ ЧЕЙИН МЕКТЕПТЕН КОЛ ҮЗБӨГӨН МАМКАТЧЫ

  • 25.10.2024
  • 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов:

Акыркы мезгилде мамлекеттик бийлик жетекчилеринин мектептерде ачык сабак өтүү жөрөлгөсү калыптанып калды десек болот. Бул ирет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкек шаарындагы №67 окутуу-тарбиялык борборунда жогорку класстын окуучулары үчүн Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган ачык сабак өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиев баштаган билим берүү тармагынын өкүлдөүрү, «Манас» иеатрынын директору Нурбек Талантбеков, мектептин директору Нургүл Жумабекова баштаган мугалимдер жамааты менен окуучулары катышты. Эмесе, сөз ошол багытта жүрсүн.

Ынтымак, бакыт, таалай деген көөнө сөздөр, бир караганда, канчалык кулакка жат, кыйла түшүнүктүү болгону менен, анын тегерегинде быйыртан эле талаш-тартыш жүрүп келген., азыр деле акыр аягына чыгалек. Негизинен мына ошол сөздөрдү чечмелөө жаатында килтейген китептерди жазган баш-аягы 12 философ Нобель сыйлыгын алыптыр. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ачык сабак жүрүшүндө билдирди.

УШУЛ КЕЗГЕ ЧЕЙИН МЕКТЕПТЕН  КОЛ ҮЗБӨГӨН МАМКАТЧЫ

Ал уӊгулуу журт уюткан агайлар менен эжейлерибиз балдар менен жаштарга жалаӊ билим менен таалим-тарбия эле бербестен, алардын келечек жолун көрсөткөн улуу устаттар да болуп саналарын, бүгүнкү иш-чаранын башкы темасы Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлүү тарыхын, демилгечилер тобунун башында турган адамдардын таржымалын жакшы билерин баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиев «Манас» дастаны кыргыз элинин энциклопедиясы экенин, андан ар заманга, ар адамга, ар балага зарыл болгон таалим-тарбия, салт-санаа, нарк-насил жаатындагы маалыматтардын баарын тапса болорун айтты. «Буюса, 12 жылдык Кембриж окутуу системасына өтөбүз. Албетте, ата-баба мурасына, эне тилибизге, кыргыз элинин тарых-таржымалына өзгөчө басым жасоону да унутта калтырган жокпуз. Керегебиз улам кеӊейип, мурда 17 мектеп курулса, азыр жылына 147 жаӊы мектеп ишке киригизип, алардын техникалык базасы чыӊдалууда. Мен азыр кандайдыр бир деӊгээлде мамлекеттик чиновник болгонум менен, өзүмдү дале мугалим катары сезем», — дейт ал.

Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов ачык сабагын адегенде КР Президентинин «Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө», андан кийин «Азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө» жарлыгы чыгып, демилге башатында турган 5 чыгаан адамдын ысымы аталганынан баштады: Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков. Биз алардын өмүр өтөлгөсүн кийики урпактарга үлгү кылууга тийишпиз. Алардын ар бири тарыхты, тарых аларды жараткан улуу атуулдар.

“Бир жолунун балдар агайынан акылдуу болгон жакшыбы же айлакер болгон артыкпы деп жарга такаган экен. Аркы-беркисин жакшылап ойлонуп көргөндөн кийин, албетте акыл көп нерсени чечет, айла-амал алардын барын айланып өтөт, менин оюмча, билимдүү болгондон артык эч нерсе жок го деген жообун берген экен. Кыязы, “Билеги күчтүү бирди жыгат – билими күчтүү миӊди жыгат” деген накыл кеп ошондон калса керек. Анысы кандай, балдарым, ардактуу мугалимдер, азыркы ааламдашуу доорунда билим билим алууга өзгөчө көӊүл бурушубуз керек”, — дейт ал.

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүү таржымалына токтолгон мамлекеттик катчы 1919-жылы 19 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун Ленин менен алгачкы баарлашканына токтолду. Көрсө, жапжашш жигит ошондо: “Владимир Ильич, биз кыргыз деген түптүү элден болобуз, өз мамлекетибизди кургубуз келет” десе, “Силер азыр кайсы тилде иш жүргүзөсүӊөр, өз тилиӊер кайсы?” деп сураган тура. Ал биз азырынча орус тилинде иш жүргүзүп, дүйнөлүк жамаатка тезинен аралашкыбыз келет деген жообун берет. Ошондо Ленин: “Ой, кызык экенсиӊер, улуттук тилсиз мамлекет болбойт, ишти өз тилиӊерде жүргүзгүлө, ошодо силерди дүйнө тааныйт” деген экен. демек, мамлекеттик тил улут уӊгусу, мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси болуп саналат.

Мамлекеттик катчы ынтымак, бакыт, таалай деген көөнө сөздөр, бир караганда, канчалык кулакка жат, түшүнүктүү болгону менен, анын тегерегинде быйыртан эле талаш-тартыш жүрүп келгенин, азыр деле акырына чыгалек экенин айтты. “Негизинен мына ошол сөздөрдү чечмелөө жаатында килтейген китептерди жазган баш-аягы 12 философ Нобель сыйлыгын алыптыр. Көрсө, ал ар адам баласына абдан керектүү нерсе тура. Мына, дал ошо “ынтымак” деген сөз азыр баарыбыздын башыбызды кошуп отурат. Ынтымак – бары-жоктун барысын бириктирген улуу касиет”, — дейт ал.

Биз Сүйүнбек Касмамбетовдун билим берүү мекемелери менен болгон өз ара кызматташтык алакаларына кызыктык. Ал жалаӊ мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулуп-өсүп, таалим-тарбия алганын билдирди. “Атам да, энем да өмүр бою мектепте иштеди. Экөө теӊ тил жана адабият мугалимдери болчу. Экөө теӊ окуучулар үчүн адабият сабагы боюнча бир топ колдонмолорду жазган кишилер. Мен деле алардан анчалык алыс түшкөн жокмун: комуз черттим, күнгүрөнө күү чалдым, жан сергите ырдадым, чала-була жамакчылыгым да бар, күпүлдөтө манас айттым, эргип турганда колума калем кармап, китеп чыгардым”, — деген жообун берди мамкатчы.

Сөз жүрүшүндө ушул кезге чейин мектептен кол үзө албай келатканын кошумчалады. “Мурдагыларына токтолбой эле коёюн, быйыл жеке өзүмдүн демилгем менен өлкө аймагындагы эки китепканын китеп фондун жаӊыртып, жаӊы чыгармалар менен толуктап бердим. Маал-маалы менен ачык сабактарды өткөрүп турам. Маселен, быйыл май айында “Манас” эпосу жана улуттук нарк темасында, сентябрь жана октябрь айларында Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган сабактарды өткөрдүм. Буюрса, ал жыл аягына чейин уланат”, — деп кошумчалады ал.

Ал эми “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков келиштире “Манас” эпосунан үзүндү айтып берип, окуучуларды ата-баба таберигин көздүн карегиндей сактоого чакырды. “Бейиш менен тозоктун эшиги катар дешет. Аркы дүйнө салган бир агайыбыз тозокко кирип алыптыр. Анда кыйналгандар: “Сиз башынан мыкты мугалимсиз, эмгегиӊиз сиӊди. Демек, орудуӊуз бул жакта эмес, бейиште!”, -дейт. Анда ал: “Бейиште кандай экенин азырынча билбейм, бирок чын жашоого караганда бул жер тынчыраак экен” деген жообун берген экен. Ал кишини деле түшүнсө болот, чынында эле мугалимдердин иши чынчы жок өтө түйшүктүү кесип”, — деп балдарды күлдүрдү.

УШУЛ КЕЗГЕ ЧЕЙИН МЕКТЕПТЕН  КОЛ ҮЗБӨГӨН МАМКАТЧЫ

Белгилейт кетсек, Бишкек шаарындагы №67 мектеп 1987-жылы ачылган. Ал эми 1997-жылы мектеп-гимназияга жана окуу-тарбия борборуна айланган. Ушу тапта 80 класста 3288 окуучу билим алат. Жылына 250 окуучу мектепти бүтүрөт. Директору – Жумабекова Нургүл Оёзбековна. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун гимназияда өткөн бул жолку ачык сабагына интернет аркылуу ордо калаадагы 120 мектептин өклдөрү (10 миӊден ашуун мугалимдер менен окуучулар) онлайн таризинде катышты.

 

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер