МАЛЧЫЛАРДЫН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ ӨЗ ЭШИГИН АЧТЫ

  • 11.07.2018
  • 0

Түп районундагы Санташ айыл өкмөтүнө караштуу Санташ айылындагы тоо койнунда орун алган мектепте Чымынды-Сай жайлоосундагы малчылардын балдары үчүн жайкы бала бакча, тактап айтканда өнүгүү борбору ачылды. Бул борборду тейлөөнү Михайловка айылындагы бала бакчасынын жааматы колго алды.

МАЛЧЫЛАРДЫН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ ӨЗ ЭШИГИН АЧТЫ

МАЛЧЫЛАРДЫН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ ӨЗ ЭШИГИН АЧТЫ

— Малчылардын балдары Чымынды-Сай жайлоосунда ата-энелери менен бирге болушат. Санташ айылындагы мектеп жайлоого жакын жайгашкандыктан балдарды жайкы эс алуу мезгилинде окутуп, эс алдыруу максатында өнүгүү борбору үчүн боз үй тигилди. Санташ айылындагы балдарды жана малчылардын балдарын кошкондо жалпы 30га жакын бала өнүгүү борборуна келет экен. Ачылыш аземине 17 бала катышты. Балдардын кызыгуусун арттыруу үчүн Михайловка айылында тарбияланып жаткан балдарды алып келип, ырдатып, бийлеттик. Биздин бала бакчанын тажрыйбалуу тарбиячылары Айжан Тууганбаева, Мээрим Хикнулинова, Динара Эркинбаева кезектешип келип, мага жардам берип турушат, — дейтСанташ жайлоо өнүгүү борборунун жетекчиси Кымбат Казакбаева.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер