МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ

  • 13.06.2025
  • 0

Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында жетинчи класска чейин окуп, андан соң Муратбек Субакожоев атындагы “Сапат” лицейин бүтүргөн Максатбек Арыкчиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин компьютердик инженерия бөлүмүндө билим алган. Окууну бүтөөрү менен Америкада инженерия, программалоого байланыштуу 9-12-класстын окуучуларына сабак берип, 12 жыл мугалим болуп эмгектенген. Ошондой эле Камбоджа өлкөсүндө да үч жыл мугалим болуп иштеген.  Андан соң программалоо менен алектенип, Максатбек азыркы учурда Кыргызстанда туруп, АКШнын Consolidated Electrical Distributors компаниясында программалоочу болуп эмгектенет. Максатбек АКШдагы билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу “Кут Билим” гезитине айтып берди.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ-Максатбек мырза Америка Кошмо Штаттарына кандайча барып, мугалим болуп иштеп калдыңыз?

— Университетти бүтүп жаткан жылы Америкадан жумуш берүүчүлөр келерин угуп, күчүмдү сынап көрмөй болдум. Алар чартердик мектептерге мугалим тандаганы келишкен. Ошол жылы 40 бүтүрүүчүнүн ичинен мени тандап алышты. 2007-жылдын декабрь айында Американын Техас штатындагы, Сан-Антонио шаарына барып, 9-12-класстын окуучулары окуган мектепте компьютердик инженериядан сабак берип, 12 жыл мугалим болуп иштедим. Бешинчи класстан баштап 12- класска чейин сабак бердим.  Ал жерде окутуу методикасы биздикине караганда башкача. Мектепте билим берүү үч этапка бөлүнөт, башталгыч класстан бешинчи класска чейинкилер өзүнчө, алтынчы класстан сегизинчи класска чейинки орто мектеп болсо, жогорку мектеби тогузунчу класстан он экинчи класска чейин болот. Тогузунчу класска келгенден кийин балдардын өздөрүнө кайсы сабактарды окуусу жөнүндө тандоо берилет.  Кыргызстандагыдай баары жалпы сабакка кирбейт. Эгер бала IT жагына кетүүнү кааласа, ошого жараша сабактарды тандайт. Эгер бала журналист же юрист болгусу келсе, ага жараша гуманитардык жактан билим алышат. АКШга биринчи баргандагы байкаган нерсем мектепте окуу жылы башталар алдында мугалимдерге эки-үч жумалык тренинг өткөрүлөт. Окуу башталгандагы эки жумада мугалим сабак өткөндүн ордуна балдарга эрежелерди түшүндүрүп баштайт. Мектептин жана ар бир сабактын, ар бир мугалимдин эрежеси бар.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ-Балдар эки жумада эрежени үйрөнүшсө, ал эмнеси менен пайдалуу экен?

— Анткени жылдын башында окуучуларга эрежени кантип түшүндүрсөңүз, бир жыл бою баланы башкаруу оңой болуп, мугалимге да түйшүк жаралбайт. Окуу методикасы, тартип жагынан болобу, бала класска киргенде үй тапшырмасын кайсы жерге коюп, кайдан алып чыкканы, дааратканага кандай суранары жана ушул сыяктуу эрежелер кенже класстан баштап, чоң класска чейинки окуучуларда колдонулат. Кыргызстанда эрежени, мыйзамды бузган учурлар арбын го,  АКШда ошону айып  салуу менен эмес, мыйзамды сактоого бала кезинен тарбиялашат. Жашоону, турмушту таанып билүү мектептен башталат. Мектепте ушул  эрежелер менен жашаганга бала үйрөнүп, кийинки жашоосунда дагы, университетке тапшыргандан кийин, же болбосо жеке турмушунда, кайсы жерде болбосун эрежени так аткаргандыктан кыйналбайт. “Мыйзамды, эрежени буза турган болсом, жоопко тартылам” деген аң-сезим менен жашайт. Мисалы үчүн  Кыргызстанда тогузунчу жана 11-класстарды бүтүп жатканда мамлекеттик экзамендер болот го, Америкада болсо экзамендер үчүнчү жана төртүнчү класста башталып, жылда тапшырылат. Анын да өзүнчө эрежелери бар, күн боюнча бериле турган экзамен болсо,  эртең менен саат тогузда башталат. Ортодо тыныгуу болуп, андан кийин дагы уланат. Экзамен учурунда балдар тынчтыкта түшкү тамактануу кылып, башка сүйлөшпөйт. Коридордо жүрсө дагы тып тынч, ашканага барып, тамак жесе да тынч отурат, мени өзгөчө ушул нерсе таң калдырган. Көрсө балдарды ушундай нерселерге кичинекей кезинен баштап үйрөтүшөт экен.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ-АКШда дагы мектеп окуучулары окуу китептерин көтөрүп жүрүшөбү? Окуу китептердин мазмуну заманга жараша да өзгөрүп турабы?

-Мен алгач иштеп баштаганда окуу китептерин көтөрүп жүргөндөр болгон. Бирок көбүнчө бардык жерде санарип өнүккөндөн кийин окуучулар китеп көтөрткөндүн ордуна планшет алып жүрүшөт. Үй тапшырманы планшет менен аткарышат,  окуу китептер да анын ичинде, балага көп эсе оңой болот экен. Ошондой болсо дагы балага эки китеп берилет.  Бирөө класста партанын алдында турат, экинчисин жылдын башында үйгө алып барып, үй тапшырмаларын үйүндө жасайт,  ары бери көтөрүп жүрбөйт. Чынында, балдардын сумкасы абдан оор, себеби дегенде баарын көтөрүп жүрүү керек да. Америкалыктардын ошол системасы мага жаккан, бала “китепти үйүмө унутуп калдым” дебейт, себеби партасынын алдында бирден китеби бар, аны алып чыгып окуй берет. Американын мектептеринде балдар заманбап китептер менен билим алышат. Эки-үч жылда китептерди алмаштырып турушат, ар бир китептин мазмуну заманга, учурга байланыштуу түзүлгөн. 1990-жылдары жаңы компьютер жаралып жаткан болсо, ошол убакыттагы китепти азыр окубайт, үч же беш жылда бат-баттан алмаштырып турушат. Ошол методикасы мага жаккан, анткени учурда дүйнө тездикте өнүгүп жана өзгөрүп жатпайбы. Ошондуктан берген билим дагы ошол заманга жараша болушу шарт, бат өзгөрүлсө, ошончолук ыңгайлуу жана пайдалуу.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ-Америкадагы мектептерде окуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулса керек ээ?

-Ооба, коопсуздук жөнүндө айта кетсем, мектептин зоналары өз ара райондорго бөлүнгөн. Аймак белгиленип жана ал аркылуу окуй алышат. Ошол аймакка көчүп келген балдарын мектеп сөзсүз алышы керек. Анткени мамлекет аларга каражат бөлүп берген. Мен иштеген чартердик мектеп  болгондуктан билим алуу бекер эле Ар бир балага мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, ошол каражатка мугалимдердин айлыктары, ижарасы же болбосо окуу куралдары баары ошого көз каранды.  Жылдын аягында калган акчаны бөлүп төлөйт. Коопсуздук жагын айта кетсем, мамлекеттик чоң мектептерде сөзсүз түрдө күзөтчүлөр болот. Америкада бала такыр бош калбайт, танапистерде сөзсүз түрдө нөөмөтчү мугалим карап турат. Сабак бүткөндө сыртка чыгып сейилдегени чыгышат, мугалим сабакка киргенден сырткары нөөмөтчүлөр да бар. Бала бир да секунд бош калбайт, сөзсүз түрдө аны кайтарып, көзөмөлдөп турган адам болот, атайын коопсуздук үчүн ушундай эреже ойлоп табышкан. Ошондой эле коопсуздук үчүн окуучуларды атайын автобустар ташыйт.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ— Ал өлкөдө дагы мушташкан, бейбаштык кылган окуучулар болот бекен?

— Андай учурлар өтө сейрек  болот, анткени ал жерде бала төрөлгөндө эле жеке номер берилип бардык аракети ошого жазылат. Бала мектепте мушташып, ээнбаштык кылса автоматтык түрдө ошол жеке номерге жазылат жана ал такыр өчпөйт. Кийин университетке тапшырганда дагы, жумушка орношкондо дагы маалыматтар чыгып калат. Ошон үчүн алар коркуп, бейбаштык кылбайт. Үнүн көтөрүп айтышып кетиши мүмкүн, бирок мушташпайт. Анткени өмүр бою ошол окуя тоскоол болуп, тагдырына кара так болуп калаарын билишет. Бардык жерде сиз тууралуу маалыматтар ачылып калат. Ал жерде жумушка кирип жатканда жаңы орношкон адамды эки жума текшерет. Ошондой бардык маалыматтар чыгып калса, жакшы жумушка албай калышы ыктымал.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ-АКШда мектепте жогорку класстарда окуп жатканда эле кесип тандоого багыт берип турушабы?

— АКШда ар бир мектепте 9-10-11-12-класстарда кампустары бар, ошол кампуста тогузунчу класстан баштап эле окуучуларды университетке даярдашат. Жыл ичинде окуучуларга университеттерди кыдыртып, тааныштырып чыгышат.  Окуучу университетке баргандан мурун кайсы университет кандай экенин билип, маалымат алып турат. Кайсы университеттин кайсы факультети жакшы, рейтинги кандай, бала билип андан кийин тапшырат. Ошол кампустар тогузунчу класстан он экинчи класска чейин текшерип, баланын бааларын карап, дил баяндарды жаздырып, кайсы тест тапшыруусу керек экенин көзөмөлдөйт. Мен иштеген мектепте токсон жети пайызы университетке тапшырып билим алышкан. Университетте окуп жаткан убакытта дагы баланы “сен бүтүп кеттиң” деп таштап койбой, бүтүрүүчү координатор университеттерге барып, мугалимдер менен жолугуп, алардан маалымат алып текшерип турушат.  Кыргызстандагы жеке мектептерибизде барбы же жокпу билбейм,  АКШда волонтёрдук (ыктыярдык)  100 саат деген бар. Бала өзүмчүл болбой, ошол өзүнүн убактысынан коомдук иштерге бөлүп, мамлекетке пайдалуу жаран болушу үчүн мектепте тогузунчу класстан баштап, 12- классты аяктап жатканда волонтёрдук 100 саатты бүтүрүп, ыктыярдуу жардамдарды беришет. Мисалы, балдар китепканага барып “мен волонтёр болуп иштеп, 100 саатты толтурушум керек эле. Сиздерге жардам берсем болобу” деп кайрылат, же болбосо башка бир иш-чара уюштурууга жардам берет. Мектептеги окуудан сырткары 100 сааттык ыктыярдык ишмердик, жардам кылат. Ал үчүн атайын волонтердук  кагаз берилет, ошол кагазга канча саат иштегени жөнүндө жазылып, иш берген тараптар кол коюп, ырастоолор жазылат. Бул жогорку окуу жайга тапшырууда маанилүү роль ойнойт.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ— Американын мектептеринде сабактар боюнча олимпиадалар барбы? 

— Албетте Американын мектептеринде өзүнчө бир олимпиада бар. Бирок алар биз сыяктуу дүйнөлүк олимпиадаларга көп катыша бербейт, алар көбүнчө долбоорлорду даярдап катышат.  Мен жети жыл “Рубаликс” аттуу робот техника сынагына катышып, окуучуларым дүйнөлүк чемпионатта 36 өлкөдөн 12 орунга илинген.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ-Кийинки мугалимдик кесиптик жолуңуз кандай уланды?

-АКШда мугалим болуп,  Сан-Антонио шаарында иштеген соң  Азиядагы Камбоджа өлкөсүндө  жеке мектепте башкы мугалим (окуу бөлүмүнүн башчысы) болуп иштедим. Камбоджада жүргөндө башкаруу системасын окушум керектигин түшүндүм. Фатих университетинде магистратураны онлайн окудум. Камбоджада үч жыл иштеген соң грин картам чыгып, Американын Хьюстон шаарында 5 жыл мугалим болуп иштедим. 10 жылдан ашык мугалим болуп иштеген соң кесибимди алмаштырууну чечтим. 2019-жылдан бери IT тармагында иштеп келем.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ:  АКШДА МЕКТЕПТЕ КЕСИП ТАНДООГО БАГЫТ БЕРИЛЕТ— Мугалим болуп иштөө жана IT тармагында иштөөнүн айырмасы кандай экен?

Экөөнүн тең жакшы жактары бар. Мугалим болуп иштеп жүргөндө балдар менен иштешкен жакчу. Мектептен окуучуларды FIRST Robotics жарышына даярдап жүрдүм. Дүйнөлүк чемпионатта 11-орунду алдык. FIRST Robotics жарышы үчүн балдар менен команда түзүп, алар менен робот жасайбыз. FIRST Robotics өзүнүн миссиясын жыл сайын алмаштырып турат, ошого жараша окуучулар роботторду иштеп чыгышат, программаларды жазышат. Мен балдарга жылдын башынан тарта кантип робот жасаш керек, программаны кантип жазуу керектигин үйрөткөн коуч (машыктыруучу) болчумун.

IT тармагында кесиптештер менен бир долбоордун үстүндө иштеп, аны аягына чейин чыгарып, калкка сунуш кылуу да өзүнчө кызыктуу.

PS: Урматтуу окурман, Максатбек Арыкчиевдин  АКШдагы ишмердиги, Камбоджада өлкөсүндө окуу бөлүмүнүн башчысы болгондугу, Американын Consolidated Electrical Distributors компаниясында программалоочу болуп иштеп жатканы, мекенчилдик сезим менен Кыргызстанга үй-бүлөсүн көчүрүп келип, балдарын өз өлкөсүндө окутуп жатканы тууралуу кеңири маекти “Кут Билим” гезитинин келээрки сандарынан окуй аласыздар.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер