МАЙ, СҮТ ЖАРАТКАН МАСЕЛЕ ЖЕ БАЛДАР ЖЕГЕН МАЙДА ЭМНЕ БАР?

  • 19.11.2018
  • 0

«Таза табигат» коомдук бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Анара Дауталиеванын арызынын негизинде, баш калаадагы бала бакчаларда берилген сүт азыктары боюнча ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун кезектеги отуруму 29-ноябрда өтмөкчү. Бул иште күбө катары суралып жаткан укук коргоочу бала бакчаларга жана дүкөндөргө сунушталып жаткан сүт азыктарынын сапаты талапка жооп бербей тургандыгын атайын жүргүзүлгөн лаборатория беш жолу тастыктагандыгын айтып берди.

Балдардын эле эмес, жалпы калктын саламаттыгы коркунучта

Анара Дауталиеванын айтымында, бала бакчаларда стандартка туура келбеген, балдардын ден соолугуна зыян сүт азыктары берилип келет. Бул маселени беш жылдан бери көтөрүп келаткандыгын, ал тургай Жогорку Кеңештин отурумунда да бир нече жолу козголгондугун белгилеген укук коргоочу, учурда жеке эле бала бакчаларга эмес, азык-түлүк дүкөндөрүнө сатыкка түшүп жаткан сүт азыктары калктын ден соолугу үчүн өтө кооптуу деп эсептейт.

— Бул маселенин башы 2012-жылдын аягына такалат. Мага Бишкек шаарынын мектептеринин ижарачылары ашканадагы абал тууралуу арыз жазышкан эле. Мен ал арыздын негизинде шаардык кеңештин депутаттарына кайрылганда, атайын комиссия түзүлүп, эки ай бою мектеп жана бала бакчалардагы ашканалардын абалын текшергенбиз. Натыйжада каржылоого байланыштуу көйгөйлөр четтетилип, тендердик документтер иштелип чыккан эле.

Ошол комиссиянын жыйынтыгында даярдалган справкада балдарга берилген майдын курамы боюнча «каймак май болуп эсептелбейт» деген анализ да бар. Мен ал кезде сүт азыктарын алмаштыруучу заттар бар экендигин билчү да эмесмин. Мен жетектеген коомдук бирикме жүргүзгөн мониторинг сүт азыктарынын дээрлик баары сапатсыз экендигин аныктап чыккан. Биз беш жолу анализге тапшырдык. Акыркысын Алма-Ата шаарына жибергенбиз. Ал дагы сүт азыктарында, мисалы, быштак, сүт, май каймактарда сүттүн курамы жок, алардын баары гидрогенизирлештирилген, табигый эмес деген тыянак чыгарган. Тагыраак айтканда, өсүмдүк майы жогорку басым алдында суутек менен иштетилип каныктырылат, демек, анда сүт майларын алмаштыруу жүрөт.

Мында кардарлардын укугу бузулуп жатат. Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму рациондон трансмайларды жок кылууну сунуштап келет. Ал трансмайлар адамдын ден соолугу үчүн өтө кооптуу экендигин изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көргөзгөн, айрыкча, жүрөк ооруларды козгоп, холестериндин деңгээлин жогорулатып, рак, диабет илдеттерин пайда кылат.

Укук коргоочу катары мен 2013-жылдан бери күн сайын калкты эт жана сүт азыктары менен камсыздаган өндүрүүчүлөрдүн шалаакылыгы жөнүндө коңгуроо кагып келатам. Тилекке каршы, балдар мекемелерине эле эмес, жалпы калктын дасторконуна сунушталып жаткан азык-түлүктөрдүн коопсуздугуна көңүл бургандар аз болуп жатат. Айрыкча, шаардагы төрт районду сүт азыктары менен камсыздаган ири сунуштоочулар (поставщиктер) «Ак-Белек», «Даамдуу сүттүн» сүт азыктары көптөгөн суроолорду жаратууда. Мендеги маалымат боюнча аталган ишканалар төрт районго 300 миң килограммга жакын сүт азыктарын жеткирет экен. Мамлекет майлуулугу 3,2% курамы үчүн акча төлөп сатып алат, чындыгында анын курамындагы майлуулук 1,8% түзөт,-дейт «Таза табигат» коомдук бирикменин жетекчиси Анара Дауталиева.

Майдан же башка азыктан уулангандар каттала элек

Биз бул маалыматтардан улам Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Мира Курмановага кайрылганыбызда, ал:

— Ооба, 2016-жылы ӨЭУнун өкүлү Анара Дауталиева бала бакчаларды камсыздаган сүт азыктары, атап айтканда, май каймактын сапаты начар деген маалыматты таратканы белгилүү. Сүт азыктарынын курамы уйдун нак каймак сүтүнөн эмес, кошумчасы көп даярдалып жатканы маселе жаратууда. Сүт жана башка азыктарды сунуштоо менен алектенген ишканалар мамлекеттик стандарттардан тиешелүү күбөлүктөрдү алып иштешкендиктен, биз ал тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Ушу күнгө чейин ал продуктылардан ууланган же ушул сыяктуу көйгөй жараткан маселе бизде каттала элек,-деп жооп берди.

Мира Курманованын айтымында, бала бакчалардагы балдарды тамактандыруунун менюсу бир айда бир түзүлүп, аны райондук билим берүү борборлору жана Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы көзөмөлдөйт.

— Бала бакчанын өзүндөгү чарба башчылары, врачтар, медайымдар келген азыктардын норма менен берилишин камсыздашат. Нормага ылайык бөлүштүрүлгөн азык-түлүктөрдү куурубай, жакшылап бышырып, кичинекей бөбөктөрдүн ашказанына ылайыктап даярдап беришет. Биз ашканаларды алдын-ала түзүлгөн план боюнча байма-бай текшерүүлөрдү жүргүзүп, керектүү жабдыктар менен жабдылгандыгына, тамак бышырган жайларынын абалына көз салып турабыз. Эгерде кандайдыр бир бузуулар орун алса, алар дароо четтетилет,-дейт М.Курманова.

Балдардын бир күндүк тамагына 60 сом бөлүнөт

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын тамак-аш жана сатып алуу, көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Байгулов балдар мекемелерине сатылып алынган азык-түлүктөрдүн баарын Бишкек шаарындагы төрт райондук билим берүү борборлору өздөрү конкурстук негизде сатып алышарын айтып, ал тууралуу буйрутмалар Мамлекеттик сатып алуулардын Онлайн порталында жайгаштырыларын белгиледи.

— Бардык азык-түлүктөрдүн түрлөрү, мисалы, кайсы бир азыктын 40тан ашык түрү болсо, алардын баары Онлайн порталда жайгашып, 21 күн илинип турат. Андан тышкары 7-8 күн аралыгында карап чыгышат. Дегинкиси эле конкурстун талаптарын комиссия мүчөлөрү өздөрү жакшы билишет. Сөз болуп жаткан каймак майлар жеке эле балдарга эмес,  башкаларга деле базарлардан сатылып алынып жатпайбы. Эгерде каймактын курамы чындап эле талапка жооп бербесе, бул маселени өкмөттүк деңгээлде чечүү зарыл деп ойлойм.

Азык-түлүк сунуштоочулар колундагы тиешелүү күбөлүктөрдүн негизинде тендерлерге катышышат. Эгерде майларды даярдоо техникалык майларды кошуп жатышса, мыйзамды ошол өндүрүүчүлөр бузушууда. Чындап келгенде, каймак майдан бөлөк продукциялардын баарынын курамы талаптагыдай деп ким кепилдик бере алат? Маселен, Конти деген школаддын курамынын сыртында эле «гидрогенизирленген» деп жазылып турат. Бөбөктөр сүйүп жеген чипсы, кириешкилердин курамы да шектүү экени маалым. Ошолорго да тыюу салышыбыз керек.

Бул чуулгандуу маселенин айынан азык-түлүктөр менен камсыздоо иши үзгүлтүккө учурап, сунуштоочулар да кача башташты. Маселен, 200 мекеме күнүнкүсүн күнү азык-түлүктөр менен камсыздалып турушу керек. Азык-түлүктөрдү сунуштоочулар өздөрү тиешелүү справкаларды алып келип жатышса, биз аларга кантип ишенбей кое алабыз? Анткени алар ал справкаларды Кыргыз мамлекеттик стандарттан алышкан да.

Бала бакчаларда берилген каймак май жөнүндө айта турган болсок, ал деле балдарга жумасына бир-эки жолу бөлүнөт. Норма боюнча бир балага тийген акча 60 сомду түзөт. Ушул суммага балага эртең мененки, түшкү, кечки тамактар жана бир маал таттуу токоч жана суусундук түрүндө жеңил тамак берилет-деп жооп берди бизге.

P.S. Калктын дасторконуна сунушталып жаткан азык-түлүктөрдүн, атап айтканда, каймак майдын сапаты кооптонууну жаратып жатканына тынчсызданган укук коргоочу Анара Дауталиеванын арызы учурда соттук кароодо болгондуктан, “май маселесине” азырынча чекит коюуга эрте. Ошол себептен жогоруда коюлган дооматтардын чын-төгүнү аныкталган соң, окурмандарга кошумча кабарламакчыбыз.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер