МАГРИФА РАХИМОВАНЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН «КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН УЛУУ УСТАТЫ” АТТУУ ЖОЖДОР АРАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 23.05.2023
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинде Ысык-Көлдөн чыккан биринчи илимпоз-окумуштуу аял, Орто Азия боюнча биринчи педагогика илимдеринин доктору, профессор, Россиянын эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, чыгаан педагог Магрифа Рахимованын жаркын элесине арналган «Кыргыз педагогикасынын улуу устаты” аттуу жождор аралык семинар өттү.

МАГРИФА РАХИМОВАНЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН «КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН УЛУУ УСТАТЫ” АТТУУ ЖОЖДОР АРАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

Семинарда аталган окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева М.Р. Рахимованын кыргыз педагогикасындагы орду опол тоодой экендигин баса белгилеп, жаш муундарга калтырган педагогикалык мурастарын баалоо керектигине айтты.

Семинардын жүрүшүндө М.Р. Рахимованын эмгектери, басып өткөн жолу, мугалим кадрларды даярдоонун актуалдуу проблемаларын изилдеген монографиялары жана илимий иштери тууралуу кызыктуу баяндамалар жасалды.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер