МААЛЫМАТ МАЙДАНЫНДА СПОРТ ЖУРНАЛИСТТЕРИ
- 03.07.2025
- 0
2-июлда дүйнө жүзүндө Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү белгилөө салтка айланган. Бул уюм 1924-жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишмердүүлүгүн чагылдырып, көйгөйлөрдү ортого салып келет. Быйыл Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын түзүлгөнүнө 30 жыл болду.
Учурунда өлкөбүздүн спорт журналисттер федерациясын уюштуруу учур талабы болгон. Себеби, эгемен өлкө болгону спорттун бардык түрлөрү боюнча федерациялар түзүлүп, Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына жана Атланта олимпидасынан баштап, жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарга катыша баштаган. Мурдакы совет доорунда жалпыга маалымат каражаттарында куш тилиндей спорттук кабарлар гана жарыяланып келсе, эгемен өлкө болгону спорттук иш-чаралар, мелдештер арбын өтүп, спорт журналистикасы да жаңы нук менен өсүү жолуна түшүүсү зарыл болуп турду. Ошондуктан спорттук баяндамачы катары менин жана коомдук ишмер Аскар Салымбековдун демилгеси менен 1995-жылы Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясын түзүлгөн. Федерациянын алгачкы президенти болуп, “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси, коомдук ишмер Салымбеков Аскар Мааткабылович бир добуштан шайланган. Башкы катчысы болуп, карыя спорт журналисти Тураш Каримбаев дайындалган. 1998-жылдан бери бул уюмдун коомдук башталычтагы башкы катчысы кызматын аткарып келетам.
Ошентип, Кыргызстандын спорттук журналисттер уюму Эл аралык ассоциациясына (AIPS) 1995-жылдан бери мүчө болуп саналат. 1995-жылдын октябрында Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн AIPSтин Конгрессинде Кыргызстан бул уюмга толук кандуу мүчө болуп кабыл алынган. Ошол учурда AIPSтин президенти, түркиялык белгилүү журналист, спорт ишмери Тогай Баятли эле.
Чынында эле СССР доорунда деле маалымат каражаттарында спорт темасына салкын мамиле болуп келген. Гезит, журналдарда, телерадио берүүлөрүндө спорт тармагындагы жаңылыктар куш тилиндей маалымат менен гана чектелип, бул тармактын көйгөйлөрү терең талдоого алынчу эмес. Бирок, спорттук журналистиканын жанданышына 1980-жылы Москва шаарында өткөн олимпидалык оюндарда Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Николай Чернецкий, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахмедовдун жеңишке жетиши да түрткү болгонун унутпашыбыз керек.
Кыргызстанда спорттук журналистиканы өнүктүрүү үчүн, дене тарбия, спортту жайылтуу жана генофондду сактоо үчүн өлкөдө спорттук гезит, журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу зарыл. Себеби учурда бирин-экин спорттук гезит болуп келгени менен, каражаттын жоктугунан же демөөрчүлөр колдоого албагандыктан, 1 жылга жетпей ындыны өчүп калып жатат. Ал эми 2014-жылга чейин Кыргызстандын тарыхында бир дагы спорт журналы болгон эмес. Кыргыз телерадио каналдары деле спорттук берүүлөргө анча маани бербей келишкен. Аларда атайын спорт редакцияларын ачуу учур талабы болуп турган. Бирок, ошол учурда дасыккан адистер да жокко эсе болчу. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын дээрлик көпчүлүгүндө журналистика факультеттери же бөлүмдөрү бар. Тилекке каршы бир дагы жогорку окуу жайда спорттук журналистика боюнча адистер даярдалбайт же лекциялар окулбайт. Атайын мастер-класстар уюшулган эмес.
1991-жылы Кыргызстандын тарыхында менин демилгем менен алгачкы ирет кыргыз жана орус тилдеринде чыккан «Байге» аттуу спорттук гезитти ошол учурдагы спорт жетекчилер колдоого албагандыктан, бир жылдан кийин жабылган. Мындан бир нече жыл мурда жарык көргөн «Спортивный Кыргызстан» гезити деле каражаттын айынан чыкпай калды. Эки-үч жылдай кыргыз тилинде «Топ.kg» аттуу жаңы гезит чыгып, окурмандар арасында жылуу пикирлерди жаратып келип, ал дагы каражаттын жоктугунан чыкпай калды. Бирок, ал деле спорт коомчулугун, иш-чараларды толук камтый албай, айрым учурда орус тилинде чыккан чет элдик гезиттерден макалаларды которуп берүү менен чектелди. Ал эми орус тилинде 4 жылдай «Sport.kg» аталыштагы орус тилиндеги гезит чыгып келип, соңку жылдары каражаттын жетишсиздигинин убактылуу чыкпай турат. Алар деле Орусиянын гезиттеринен кызыктуу макалаларды «көчүрүп» колдонуп жүргөнүн моюнга алыш керек. Андагы маалыматтар менен «Sport.kg» аталыштагы интернет-сайттан да таанышууга болот.
Ошондой болсо дагы, эгемен өлкөнүн туусун Азия, дүйнө чемпионаттарында, Азия оюндарында, жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарда көтөрүп барып, алына жараша намыс талашкан спортчулардын ийгилик жана мүчүлүштөрүн маалымат каражаттары кененирээк чагылдыра баштады.
Чынында спортко кызыккан же жашында спорт менен машыккан айрым журналисттер бул тармактын жүгүн өз демилгелери менен алына жараша көтөрүп келатышат. Өлкөбүздүн спорт журналистикасынын деңгээли коңшу Казакстан, Өзбекстандан төмөн. Себеби, Казакстанда бир нече спорт гезит, журналдары үзбөй чыгып турат. Аларды өкмөтү колдоого алып, каражаттан жардам берип, бутуна туруп, өздөрүн актап келүүдө.
Адистердин айтымында, спорт тармагы оңой көрүнгөн менен аны жазуу үчүн атайын даярдык, спорт дүйнөсү, тарыхы тууралуу билим, тажрыйба керек. Ошондой эле, спорт журналисттери үчүн мелдеш учурунда иштөөгө заманбап шарттар да жок.
Калыс пикирлергек таянсак, Кыргызстандын спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли учур талабына жооп берет деп айтуу али эртелик кылат.
Спорттук көйгөйлөрдү терең талдоого албай, жеңгендерди мактоо, утулгандарды бир жактуу сындоо менен гана чектелип, утулуунун себептерине талдоо жүргүзүлбөй, көйгөйлөрдүн себептери ачык айтылбай жүрөт. Журналисттер борбордогу мелдештерден кыска кабар жазуу менен гана чектелип, аймактардагы спорт маселелери чагылдырылбай калууда. Кыргыз спортунун башаты — айыл жергесинде экенин эске алып, ал-абалы, райондордогу көйгөйлөрдү талдоого алышса, дурус болмок. Айрым журналисттер 1-2 уй тилиндей кабары, маалыматы чыкса эле, өздөрүн «жылдыз» сезип, жер баспай калышат. Намыстанбай, билбегенин сурап, окуп-үйрөнүү зарыл экенин эсине алышса. Ошондой болсо дагы УТРКда атайын “Спорт” каналы ачылгандан бери спорт журналистикасында жылыш башталып, мелдештер түз алып көрсөтүлө баштаганы жакшы саамалык.
Кыргызстанда да спорт журналисттеринин федерациясы 1995-жылы түзүлгөндөн бери өлкөдөгү спортту, дене тарбияны, сергек жашоо ыңгайын жайылтууга колдон келген салымдарын кошуп келүүдө. Учурда федерациянын президенти, жеке ишкер, меценант Улугбек Салымбековдун демилгеси менен ар жыл сайын Кой-Таш эс алуу комплексинде же «Космопарк» эс алуу жайында спорт журналисттери арасында кичи футбол, теннис, боулинг мелдештери өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды тапшыруу салтка айланган. Ошондой эле алты жылдан бери КР Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен федерация Ысык-Көлдө ар жыл сайын 2-июль- Эл аралык спорт журналисттер күнү өлкөбүздөгү спорт журналисттердин башын бириктирип, спорттук мелдештерди уюштуруп келүүдө. Быйылкы мелдеш Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Кыргыз деңизи” пансионатында өтүп, ага өлкө аймагындагы элүүдөй спорт журналистти, телерадио кызматкерлери катышты.
Спорттук прессанын эл аралык ассоциациясы (AIPS) 1924-жылы түзүлгөн. Бул бирикме учурда спорт чөйрөсүндө эң таасирдүү уюм болуп эсептелип, олимпиадалык кыймылдын негизги идеяларын, спорт мелдештерин коомго кеңири жеткирип туруу милдетин аркалап келет. Өлкөнүн спорт журналисттери AIPSтин жыл сайын өткөрүлүүчү Конгресстерине делегат катары барып турушат. 1997-жылы Испаниянын Овьедо шаарында өткөн AIPSтин Конгрессинен баштап, ар жыл сайын спорт журналистикасына салым кошкон кесиптештерибизди кезеги менен Конгресске өкүл кылып жиберип, тажрыйба топтоп келүүсүнө шарт түзүп келатабыз.
Кыргыз спорт журналистикасынын тарыхында менин жеке аракетим менен «Кыргызстан: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы» жана «Кыргыз Республикасы: Олимпиаданын санжыралуу жолунда», “Азия Олимпиада Кеңеши: Азия оюндарынын тарыхы”, “Кыргыз Республикасы олимпиада оюндарында”, “Кыргызстандын олимпиада жылдыздары” жана башка көлөмдүү, түстүү китептерим жарык көрүп, спорт журналистикасына кошкон жеке салымым болду.
Ошондой эле “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”, “Дүйнөнү дүңгүрөткөн дзюдо”, “Олимпиада жаңырыгы” жана “Залкар устат Жеңиш Дөңбаев” аттуу китептерим басууга даяр турат.
Кыргызстандык спорт журналисттери 1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында өткөн 12-Азия оюндарынан баштап кийинки Азия оюндарына, Азия, дүйнө чемпионаттарына барып, репортаж бери келатат. Ошондой эле 1996-жылкы Атланта олимпиадалык оюндардан баштап спорттук баяндамачы катары 7 жайкы, 5 кышкы олимпиаданы жеринен түз репортаж берип келдим. Эскертип айта кетчү жагдай бир дагы олимпиадага мамлекеттин каражатынын эсебинен барганым жок жана 20 китебимдин бирөө дагы мамлекеттин эсебинен чыккан эмес.
Быйыл өлкөбүздүн спорт журналисттер федерациясынын түзүлгөнүнө 30 жылдык мааракесине карата сентябрда Бишкекте эл аралык иш-чара өткөрүүгө камылга көрүп жатабыз. Ошондуктан, өлкөдөгү спорттук журналисттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн мындай симпозиум өткөрүп, чет өлкөлүк кесиптештерди да чакырып, тажрыйба алмашуу болмокчу.
Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлү 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол чемпионатына жана 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтө турган олимпиадалык оюндарга бөлүнүп турат. Бул оюндарга даярдыктар тууралуу да журналисттер маалымдай баштады.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
КРнын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, “Кут Билим”
Комментарийлер