ӨЛКӨНҮН МЫКТЫ МЕКТЕПТЕРИНИН АЛГЫЛЫКТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА КӨНДҮМДӨРҮ ЖАЙЫЛТЫЛАТ

  • 10.02.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мыкты мектептеринин алдыңкы тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн өлкөнүн башка мектептерине жеткирүү жана жайылтуу максатында «Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоо жөнүндө» жобону иштеп чыкты. Министрликтин 2022-жылдын 4-февралындагы № 107/1 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык мыкты мектептерди тандоо боюнча жумушчу топ түзүлүп, өз ишин баштады.

8-февралда министрликтин жыйындар залында өткөрүлгөн онлайн конференцияда дал ушул иш-чараны уюшкандыкта өткөрүү маселелери талкууланды. Конференцияга министрдин орун басары Надира Джусупбекова, министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев, аталган башкармалыктын адиси Салтанат Омурканова, ошондой эле райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

ӨЛКӨНҮН МЫКТЫ МЕКТЕПТЕРИНИН АЛГЫЛЫКТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА КӨНДҮМДӨРҮ ЖАЙЫЛТЫЛАТ

Н. Джусупбекова аймактык түзүмдөрдүн жетекчилерин министрлик баштап жаткан саамалыкты жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөрүүгө олуттуу мамиле жасоого чакырды.

М. Усеналиев республиканын кайсы районунда болбосун алгылыктуу иштери менен атагы чыккан мектептер бар экенин, алардын тажрыйбаларынын жана көндүмдөрүнүн эң мыкты үлгүлөрүн башка мектептерге жайылтуу, өз ара тажрыйба алмашуу мектептердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деген оюн айтты.         

Белгилей кетсек, биринчи этапта райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн баалоосу боюнча мыкты деп табылган 100дөн ашуун мектеп иш-чарага катышуу ниетин билдирди. Жобого ылайык эми ар бир мектеп өзүнүн мыктылыгын иш жүзүндө көрсөтүп берүүгө тийиш. Ал эми курамына тажрыйбалуу педагогдор, илимпоздор жана министрликтин жооптуу кызматкерлери кирген жумушчу топ берилген материалдарды карап, талдап чыгып, өз баасын берет. Мыкты баага татыктуу болгон мектептердин презентациялары министрликтин интернет-ресурстарына жайгаштырылып, бардык кызыкдар тараптар үчүн ачык жана жеткиликтүү болот.

 

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер