БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ: БАЛАЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ

  • 27.11.2017
  • 0

БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ: БАЛАЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ

 

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ 24-ноябрда президенттик антын берип, мамлекет башчылык милдетин аткарууга киришти.

 

Болочок президенттин балалыгы

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман (азыркы Биймырза) айылында туулган. Бирок атасынын бир тууган агасынын колунда райондук борбордо чоңойгон.

Атасы Шарип колхоздун башкармасы, райондук керек-жарак коомунун төрагасы болуп кыйла жыл жетекчилик кызматтарда үзүрлүү эмгектенген, эл ичинде кадыр-барктуу адам эле. Үй кожойкеси Самара апа экөө 10 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Сооронбай Жээнбеков он бир туугандын алтынчысы. Бир туугандарынын баары жогорку билимдүү. Жээнбековдордун үй-бүлөсү ошол чөлкөмдөгү эң тартиптүү, ынтымактуу жана үлгүлүү үй-бүлө катары таанымал.

БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ: БАЛАЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ

Бир туугандардын улуусу Кантөрө Токтомаматов Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университетинин президенти, илимдин доктору, профессор эле. Азыр ал арабызда жок. Андан кийин Алтын жана Гүлайым Шариповалар. Төртүнчүсү — Искендер Шарипов. Аны мыкты юрист катары жакшы билишет. Бешинчиси Жусупбек Шарипов —  Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Диломаттык карьерасында Марокко, Иорданиядагы элчилик кызматын да аркалаган, кийин Жалал-Абад облусунун губернатору болгон. Жетинчиси Атыргүл Жээнбекова, сегизинчи — ЖКнын экс спикери Асылбек Жээнбеков. Андан кийин Жылдыз Жээнбекова, эң кенжеси Жыргалбек Жээнбеков. Ал азыр ата-эненин тамынан түтүн булатып, туулуп-өскөн айылында жашайт.

Үйүнө кирген ууруларга кийим кийгизип…

Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип аксакал жеке эле айылдаштарынын арасында эмес, ошол аймактагы эң кадырлуу, сөзү өтүмдүү адамдардын бири эле. Аны жакындан билгендер адамдык жөнөкөйлүк сапатын, ошол эле учурда бетке айткан чынчыл жана калыстыгын көп эскеришет. Бир жолу алардын үйүнө ууру кирип, Шарип аксакал аларды кармап алат. Уурулар ошол эле тегеректеги үч жаш жигит экен. Жаалданган туугандары ал үчөөнү милицияга өткөрүп берерден мурда катуу жазаламак болушат. Туугандарын ачууга алдырбоого чакырган акылман киши, эгерде жаш жигиттерди милицияга каматып жиберсе, тагдыры биротоло талкаланарын ойлоп, үчөө менен аңгемелешип акыл-насаатын айтып, бирдеме керек болсо, келип сурагыла деп, кийим кийгизип узатып койгон экен. Ал үчөө Шарип аксакалды өмүрү бою алдынан кыя өтпөй сыйлап турушкан деп эскеришет айылдаштары.

Жылан, бака менен кыздарды коркутканда

Сооронбай Жээнбеков менен мектепке чейинки даярдыктан, же жөн гана “нөлевойдон” баштап он жыл бирге окуган классташы, досу Советбек Жунусов экөөнүн мектептеги, мектептен тышкаркы бирге өткөргөн күндөрү тууралуу мына буларды айтып берди.

—Биздин мектеп райондун борборунда болгондуктанбы, орус жана кыргыз тилинде окуткан класстары бар болчу. Эки класста орус тилинде, эки класста кыргыз тилинде окучубуз. Мен Сооронбай менен мектепке чейинки бир жылдык даярдыктан тарта орус тилдүү класста бирге окуп, бирге чоңойдук. Бир класста 12 бала, 16 кыз окуганбыз. Биринчи мугалимибиздин аты али эсимде, Татьяна Петровна деген эжекей эле. Биз бала кезде койду кезүү менен кайтаруу деген бар болчу. 4-5-класстан баштап эле Сооронбайдын кой кайтарган кезүүсү келгенде, айылга чогуу кетип калчубуз. Мени Тельман айылына ээрчитип барып, айылдаш достору менен тааныштырган. Алар менен ушул кезге чейин жакшы катышыбыз бар. Койнубузга лимонад катып алып, тоо аралап далай кой кайтардык. Ал өзү бала кезинен малга жакын өстү. Ат мингенди аябай жактырчу, андан тышкары улак тартышка үзбөй катышаар эле. Биздин балалык совет бийлиги деген доордо өтпөдүбү. Тартип да, талап да катуу эле. Окуучуларды эмгекке тарбиялоо идеологиясы күчтүү жүрүп турган. Ошого карабастан, оюнга азгырылып, шоктонгонго да үлгүрчү элек. Айрыкча, чөп жыюуга, жүгөрү жыйноого, пахта терүүгө чыкканда оюнкарактыгыбыз башыбыздан ашып кетээр эле. Эсимде, биз анда 9-класс элек, бир курдай Учук деген жерге жүгөрү жыйнаганы чыгып калдык. Раим деген классташ балабыз кайдан алганы белгисиз, эки жылан, беш-алты бака кармап келиптир. Аны көргөн биз жөн турабызбы, кыздарды коркутууну чечтик. Аларды коркутканыбыз курусун, жылан менен баканы көргөн кыздарыбыз эстери ооп калганда, аларды көрүп өзүбүздүн эсибиз чыкканын сураба,-деп эскерди президенттин классташы Советбек Жунусов окуучулук кездерин.

“Волейболду катыра ойночу”БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ: БАЛАЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ

Классташын токтоо, бирок юмору курч, чучукка жеткире тамашалай билген, сыртынан көрүнгөндөй өтө деле жоош эмес жигит деп сүрөттөгөн Советбек ага менен баарлашып отуруп, ал экөөнү достоштурган башкасынан мурда да экөөнүн тең юморду баалай билгендери жана тамашаны мыкты өздөштүргөн сапаттары болсо керек деп ойлодум. Болбосо мүнөзү ачык-айрым шайдоот, оозун ачса, жүрөгү көрүнгөндөй бу киши менен өзү айткандай, ар нерсеге акыл калчап, шашпай жооп берген, токтоо досу экөөнүн мүнөздөрү эки башка экени ачык эле байкалат.

—Сооронбай бала кезден волейболду кыйын ойночу. 7-класстан баштап эле мектепте курама командада ойноп, мектептер аралык мелдештерде дайыма биринчиликти ээлечүбүз. Ал волейбол боюнча машыгууну такыр калтырчу эмес. Балдар арасында ошол кезде эле уюштуруучулук жөндөмү байкалчу. Кийин орто мектепти аяктап, борбордогу Айыл чарба институтунда окуп жүргөн мезгилде волейбол боюнча курама командада ойноп жүрдү. Буга анын боюнун узундугу да себепкер болсо керек деп ойлоп калам. Себеби 9-класста эле анын бою 1 метр 84 см эле. Досум кандай ийгиликтерге жетишсе да, мен деп төшүн какпай, жөнөкөй, карапайым мүнөзүнөн жазбай келет. Башкасын айтпаганда эле, бала кезден атасы керек-жарак союзунда иштегендиктен, кийем десе да, ичем десе да, жарашмак. Бирок ал башкалар ал кезде мода деп кубалап кийген джинсыны да кийинчирээк кийди. Достору аны башка бийлик же байлыктарынан мурда анын ошол терең адамгерчиликтүү, бир мүнөз сапаттары үчүн терең баалайбыз. Экөөбүздүн студент кездерде да байланышыбыз үзүлгөн жок. Мен 10-класстан кийин борбордогу курулуш техникумунда, андан кийин Киевдеги айыл чарба академиясында окудум. Бир чети анын карындашы Атыркүл да Киевде окугандыктанбы, айтор, Киевге тез-тез келип турчу-деп эскерет С.Жунусов.

Сооронбай Жээнбеков уюткулуу тарбияны үй-бүлөсүнөн алды

БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ: БАЛАЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ

Убагында Сооронбек Жээнбековду окуткан физик агайы, КР Эмгек сиңирген мугалим, 80 жаштагы ардагер агартуучу Маматемин Аилчиев мектепте 40 жылга чукул эмгектенген.

-Сооронбай абдан тартиптүү бала эле. Жеке эле ал эмес, бир туугандарынын баары оор басырыктуу, тарбиялуу балдар болуп чоңоюшту. Мында атасынын жана апасынын салымы өтө чоң экендигин баарыбыз билебиз. Ошол кезде биз баарыбыз

Шарип акеден таалим алып, ошол кишини карап түздөнчү элек. Шарип аксакал сөздүн кадырын талдай билген адам болгон. Ал сүйлөгөндө эл аябай муюп угаар эле. Бул жигит ушундай үлгүлүү үй-бүлөдө тарбияланган. Ал мезгилде балдарда окууга кызыгуу өтө күч болчу. Башка аларды алагды кыла турган нерселер жок болгондуктанбы, жогорку окуу жайына барган балдар окууга өтпөй калчу эмес. Мен мектепте 26 жыл директор болуп иштедим. Райондо төрт мектеп болсо, төрт мектепте тең директор болдум. 1993-1998-жылдары Шарип Жээнбеков атындагы лицейде иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккам. Ал адегенде Дзержинский атындагы, анан Кара-Кулжа мектеп интернаты эле, анан Ш.Жээнбеков атындагы интернат лицей болгон. Аны лицей кылып мен түптөгөм,-деп эскерет ардагер агартуучу.

Сооронбай убадага бек дос

Сооронбай Жээнбеков айыл чарба институтун аяктагандан кийин, башкы зоотехник болуп иштеп жүргөндө классташ досу Советбек Жунусов менен чогуу бир чарбада иштеп калышат.

БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ: БАЛАЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ

-Сооронбай досумдун дагы бир мыкты сапаты бар, ал – убадага бек жана өтө так. Берген убадасы үчүн эртеңки күнү уят болгусу келбейт. Мен аны менен үч жылдай бирге иштеп калдым. Мен койчу, ал башкы зоотехник. Алыскы жайыттарга минип чыга турган тору жоргосу бар эле. Эртең мененки саат төрттө атты алып келип кал дейт. Барсаң, күтүп турган болот, ушунчалык так. Атына минет да, чабандарды кыдырып кетет, ошол боюнча түнкү бир-экиде келет. Андан тышкары, өтө эмгекчил, анан убакытын текке коротуп, көп сүйлөй бербеген сапаты бар. Бирөө жарым ага арызданып келсе, аны кунт коюп, сөзүн бөлбөй, угат. Анан соңунда кеп-кеңешин айтат-дейт Советбек ага.

БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ: БАЛАЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСТЕРИ

Президенттин дагы бир классташы Абдимамат Таиров да С.Жээнбековдун жолдошчулукка өтө бекемдигин айтты.

— Мен 9-класстан келип окуп калдым. Бирок бала кезден чогуу өстүк да. Мектепте тынч, тартиптүү бала эле. Балдар менен бирге уюштуруп активдүү болчу. Айрыкча волейболду катуу ойнойт эле. Ал Кара-Кулжа районунун “нападающийи” катары кеңири таанымал болуп калган. 1976-жылы мектепти баш-аягы 120дай бала аяктаганбыз. Сооронбай жогорку окуу жайга дароо өткөн жок, ал кездин талабы боюнча стаж керек эле. Андыктан бир жыл Өзгөн районундагы Мырзаке айылында орус тили сабагынан балдарды окутуп жүрдү. Мен болсо бир жыл пионер вожатый болуп иштедим.

Сооронбай жолдошчулукка өтө бекем. Мисалы, биз Бишкекке барсак Сооронбайдын коногубуз, ал Кара-Кулжага келсе, дагы эле биз анын мейманы болуп калганыбызды да байкабай калабыз. Мүнөзү кичи пейил, мектепти чогуу аяктаган балдар менен ушул кезге чейин жамандык-жакшылыкта катышып турабыз. Бир шарт менен убагында келбей калса, бир барганда ар бир үйгө кайрылып, бата кылып кетет. Аяшыбыз Айгүлдү да эң мыкты жар, эң мыкты эне катары билебиз,-дейт бала кезден бирге өскөн теңтушу Абдимамат Таиров.

Орус тилчиден өлкө башчылыгына чейин

Сооронбай Жээнбеков мектепти аяктагандан кийин Өзгөн районундагы Ленин атындагы мектепте бир жыл орус тили жана адабияты сабагын окуткан. Андан соң К.Скрябин атындагы айыл чарба институтунда зооинженер адистигине ээ болгон. Эмгек жолун Ош облусунун Совет районундагы «Совет» совхозунда башкы зоотехник болуп баштаган. Андан соң совхоз директору болуп, колхоз раистигинен дароо эле 1995-жылы Эл өкүлдөр палатасына депутаттыкка шайланган. 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат, андан соң, КР Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп дайындалган.

2003-жылы ошол эле Агрардык университеттен экинчи билим алып, экономика факультетин аяктаган.

2010-жылдагы Апрель революциясы жалпы Жээнбековдордун кийинки тагдырында олуттуу роль ойноду. Сооронбай Жээнбековду эң оболу А.Атамбаевдин пикирлеши, сясий айдыңындагы үзөңгүлөшү, анын саясатын улоочу деп билишет. Өмүр баянына саресеп салган адам анын бийликтин бардык тепкичтерин басып өтүп келатканын байкайт. Топтогон тажрыйбасына таянып, ушул татаал чакта элдин күткөн үмүт-тилегин актаган, акыйкат президент болсо деген ниетибизди билдирүү менен, анын достору, шайлоочулары менен бирге биз да бешинчи президентибиз Сооронбай Жээнбековго ак жол каалайбыз!

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер