ЛЕЙЛЕКТЕГИ «МАКСАТ» МЕКТЕБИ ОФЛАЙН ОКУТА  БАШТАДЫ

  • 25.01.2023
  • 0

Баткен облусунун Лейлек районундагы «Максат» орто мектеби офлайн форматта окута баштады. Учурда 219 баладан 135 келип, окуп жатышат.

ЛЕЙЛЕКТЕГИ "МАКСАТ" МЕКТЕБИ ОФЛАЙН ОКУТА  БАШТАДЫ

Окурмандардын эсинде болушу керек, өткөн жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын агрессиясында аталган мектеп снаряд менен аткыланып,  имараттын бир бөлүгү бузулуп,  өрттөлгөн болчу.

Мектеп директорунун милдетин аткаруучу Ч. Салимбекованын билдирүүсү боюнча, 2022-2023-окуу  жылынын 16-сентябрында болгон каргашалуу окуяда Максат орто мектебинин бир каанасы өрттөлүп, коридор жана калган класстар баары ыш болгон. Мектептин эмеректери  тонолуп, талкаланган эле.

2022-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында Өкмөттүк эмес  «Арис» уюму  тарабынан тендер өткөрүлүп,  “Капитал Билдинг ЛТД” ЖЧК курулуш компаниясы  тандалып, 3 279 694 (үч миллион эки жүз жетимиш тогуз миң алты жүз токсон төрт) сом каралган.

—   Мектепти оңдоо иштери 2022-жылы 12-декабрда башталган. Азыркы учурда мектептин жараксыз терезелери алмаштырылып, эшиктер коюлду. Биринчи жана экинчи кабатында  класстардын дубалы жана полу толугу менен сырдалды. Биринчи кабатында күйгөн каананын швеллерлери алмаштырылып, гипсакартон менен капталды жана полу бүткөрүлдү. Жылуулук берген батареялары алмаштырылып, шпаклевкаланып, сырдоо иши аяктады. Спорт залдын ички сырдоо иштери да бүткөрүлдү. Мектептин чатырынын жараксыз бөлүгү алмаштырылды. Күйгөн класс толугу менен сырдалды. Мектептин оңдоп-түзөө иштери 18-январда 100% бүттү. Азыркы учурда 23-январдан тартып офлайн окуу башталды, — дейт мектеп жетекчиси.

Белгилей кетүүчү жагдай, «Максат» орто мектебинде 219 окуучу билим алат. Анын ичинен учурда 135 бала келип окуй башташты.

— Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Каргашалуу окуя катталгандан ушул кезге чейин бул мектепте окутуу онлайн форматта жүргүзүлүп келген. Айрым окуучулар жакынкы айылдардагы, Бишкек шаарындагы туугандарынын үйлөрүндө башпаанек кылган үчүн ошол айылдагы мектептерде окушкан эле. Кыскасы, окуучулар Бишкектен, айылдардан келе башташты, — дейт директордун милдетин аткаруучу.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер