ЛЕЙЛЕКТИН АЛГАЧКЫ МЕКТЕБИ ЖАҢЫЛАНАБЫ?

  • 03.12.2018
  • 0

Лейлек районунун алгачкы борбору биздин айылыбыз болгондугун башкаларды кой көпчүлүк коргондуктар деле биле беришпейт. Районубуз ал кезде илек-илек кушунун атын алып жүргөн айылда түптөлүп, ошол кездеги саясий кырдаалга байланыштуу Исфана айлына биздин айылдын атын ала которулган тура. Ошентип, биздин Коргон айлыбыз Лейлек районунун алгачкы борбору болгон.

ЛЕЙЛЕКТИН АЛГАЧКЫ МЕКТЕБИ ЖАҢЫЛАНАБЫ?
Биз сыймыктана турган дагы бир жагдай — райондогу алгачкы мектеп да Коргон айлында түзүлгөн экен. Окуу адеп кээ бир чоңураак имараттуу үйү бар айылдык тургундардын үйүндө жүргүзүлсө, кийинчерээк, 1933-жылы, Коргон орто мектеби ашар жолу менен курулган экен.
1978-жылы жаңы эки кабаттуу 320 окуучуга эсептелген имарат курулганга чейин эски имаратта окуу жүргүзүлүп, канчалаган муундар бул мектепте сабатсыздыгын жоюп, тарбия-таалим алышкан. Бирок жаңы имарат курулгандан кийин деле класс кааналар жетишпегендиктен эски имаратта да 90-жылдарга чейин окуу уланып келди Анткени Коргон (кийинчерээк Ф.Э.Дзержинский, андан кийин К.Сабыров атындагы) орто мектебинде Рават, Кара-Суу, Баул айылдарынан бери жогорку класстардын окуучулары келип билим алып турушкан.
Эскилиги жеткендигине жана жергиликтүү бийликтин билим берүү мекемелерине салкын мамилесинен улам эски мектепти ары кой, жаңы мектеп деле авариялык абалга келип калды. Мектептин жылытуу системасы таптакыр жарактан чыгып, класс кааналар буржуйка мештер менен жылытылып жаткандыгына бир топ жыл болдуп калды. Бул жагдай санитардык-техникалык, өрт коопсуздук эрежелерине такыр эле каршы келет. Мештерден чыккан ыш ээлитип, окуучулар эсинен танып жыгылган учурлар болууда.

ЛЕЙЛЕКТИН АЛГАЧКЫ МЕКТЕБИ ЖАҢЫЛАНАБЫ?
Жогоркуларды жана тарыхый мектебибиздин 85, жаңы мектептин 40 жылдык юбилейин эске алып, биздин мектепке айыл Өкмөтүнөн колдоо күтүп, кезектеги айылдык кеңештин сессиясында сөз сүйлөп, колдоонун ордуна кагуу жеп, аттиң айтып турган чагым.
Көрсө класс кааналары жетишпегендиктен эски мектеп имаратынын ордуна жаңы жеңил типтеги имарат курууну көздөгөн сунушум имаратты баш-оту менен дүңүнөн сатууну көздөгөн айыл жетекчилерине жакпай калган окшобойбу. Алардын күнү ата-бабаларыбыз сабатын жойгон мектеп имаратына түшкөнү абдан өкүнүчтүү!

 

Кумарбай Жолдошов, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаты.

Бөлүшүү

Комментарийлер